Бишкектеги сөз эркиндигине арналган жөө жүрүш

  • 18 март 2017
Бишкектеги сөз эркиндигине арналган жөө жүрүш

Бишкекте өтүп жаткан сөз эркиндиги жана саясый укуктарга арналган жөө жүрүш жыйынтыкталды.

Эркиндик маршынын айрым катышуучуларын милиция кармап кетти

Тынчтык жүрүшүнүн катышуучуларынын айрымдарын милиция кармап кеткени кабарланды. Ал жерде жүргөн кабарчыбыздын айтымында, Жогорку Кеңештеги «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев жана активист Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза милиция тарабынан кармалган. Бирок кийин Каныбек Иманалиев жөө жүрүштү жыйынтыктаган митингде сөз сүйлөдү. Aны эч ким кармабаганын, ал милиция кызматкерлерине түшүндүрүү үчүн милиция автобусуна отурганын айтты. Милиция кармалган активисттерден түшүнүк кат алгандан кийин бошото турган болду деди.

Кармалгандардын арасында тынчтык жүрүшүн чагылдырып жүргөн Би-Би-Си кабарчысы Абдыбек Казиев да болду. Бирок кабарчыбыз, милиция бөлүмүнө баргандан кийин коё беришкенин айтты.

«Тынчтык жүрүшүн чагылдырып жаткан учурумда Абдрахманов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери кармап кетишти. Аларга журналист экенимди айттым, бирок Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө алып келип, менден түшүнүк кат жаздырып, жанымдагы документтеримдин көчүрмөсүн алып калышты. Мен аларга жүрүшкө барбаганымды, жөн гана ишимди аткарып жатканымды, жүрүштүн катышуучуларын сүрөткө тартып, чагылдырып жүргөнүмдү жазып бердим»,-деди кабарчыбыз.

Мындан алдын жүрүш башталып жатканда Бишкек шаардык милициясы Свердлов райондук соту тынчтык жүрүшүн жүргүнчүлөр баскан тратуарда өткөрүүгө гана уруксат бергенин эскерткен эле. Абдрахманов -Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине барганда жүрүшкө чыккандар чоң жолго чыгып кеткен учурда милиция ушундай аракетке барды деп айтылып жатат. Азырынча укук коргоо органдары бул боюнча түшүндүрмө бере элек.

Буга чейин жөө жүрүштү уюштуруп жаткан активисттер мэрия жана шаардык милицияга билдирүү бергени айтылган.

Бишкекте жарандык активисттер уюштурган сөз эркиндиги жана саясый укуктарга арналган жөө жүрүш түшкө жуук башталган. Жүрүшкө укук коргоочулар, активисттер, журналисттер уюмдарынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, саясатчылар катышкан.

«Биз "Азаттык" үналгысы, "Заноза", "24kg" маалымат каражаттарына жасалган соңку аракеттерди көрүп ушундай демилге менен чыктык",-деген эле тынчтык жүрүшүнүн демилгечиси активист Эдил Байсалов. Ал бул жүрүш аркылуу жарандык коомдун реакциясын бийликке жеткирүү, журналисттерге тилектештик билдирүү аракети болгонун айтты.

«Жеңиш" сейил багынан башталган тынчтык жүрүшү Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында аяктады. Бирок жүрүштүн соңу саясатчылардын билдирүүлөрү менен уланып кетти. Эдил Байсалов жөө жүрүштөн кийинки билдирүүлөрдүн бизге тишеси жок деп белгиледи.

Саясый ишмер Равшан Жээнбеков оппозициялык саясатчылар апрель айынын башында Жалал-Абадда курултай өткөрүү боюнча чечим кабыл алдык деп айтты.

Тектеш темалар