Активисттер камалган беш жарандын кармоо шарты начар дешүүдө

  • 20 март 2017
18-мартта Бишкекте өткөн жөө жүрүшкө жүзгө чамалуу киши катышты
Image caption 18-мартта Бишкекте өткөн жөө жүрүшкө жүзгө чамалуу киши катышты

Айрым жарандык уюмдар ишембиде Бишкектеги жүрүштө кармалган беш активистти камоо жарандардын эркиндигин кысуу болуп саналат деген билдирүү таратты. Алар беш активист өтө начар шартта кармалып турганын, алардын адвокаты сотуна киргизилбегенин айтышууда.

Алар милициянын аракетин кескин сынга алып, жарандардын эркиндиги кысымга алынып жатканын айтышууда.

Саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргоо боюнча Бишкекте өткөн жөө жүрүшкө катышкан активист Адил Турдукулов кармоо жайындагы шарт кыйноого тете экенин билдирди.

“Саясий себептер менен кармалгандарды сырттагылар менен байланыштырууга тыюу салуу буйругу түшүптүр. Андыктан биз кирип көрүшө алган жокпуз, кийимдерин, тамак-ашын киргизгенге гана үлгүрдүк. Ал эми алар камалган жердин шарты кыйноого тете экен, он беш чарчы метр жерде 22 киши камалып турат. Муну Кыйноого каршы борбору көрүп чыгыптыр. Тек жайы белгисиз селсаяктар, кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар, биттегендер менен кошо кармалып турушат”, - деди Турдукулов Би-Би-Сиге.

Активисттерге берилген беш күнгө камоо жазасына каршы адвокаттары жогорку инстанцияга аппеляциялык арыз менен кайрылышат. Бирок дем алыш, майрам күндөргө туш келгендиктен алар кайрылганда камактагылар төрт күнүн отуруп койгон болот, ага карабай даттанышарын жүрүштүн уюштуруучуларынын бири Эдил Байсалов билдирди:

“22-мартта даттанабыз. Бир күн, бир саат же бир мүнөт жазасы кыскарса да аракет кылабыз. Андан сырткары прокуратурага биздин конституциялык укуктарыбыздын шаардык бийлик тарабынан тебеленип тепселиши боюнча даттануу кагазыбызды тапшырабыз”.

Image caption Сөз эркиндиги боюнча жүрүштөн беш киши камалды

Жүрүшкө чыккандар бир да мыйзам бузбаганын, милиция күч колдонуп, катарындагылардын укугун одоно бузуп кармап кетишкенин айтып жатышат. Эдил Байсалов Байтик Баатыр көчөсү менен түштүк магистралдан Лев Толстой көчөсүнө чейин тратуар менен баскыла деген чек болгонун белгилеп, Бөкөнбаев көчөсүнө жеткенде эми гана чоң жолго чыгышканда милиция баса калды деди.

“Жүз-эки жүз милиция кызматкери бизди басып келип, беш секундада эле тратуарга түртүп чыгарып коюшту. Жолду тосту деп жатышат, жол тосууну көрүп жүрөбүз, машиналарды өткөрбөй, таштарды коюп алышат. Биздин жол тосконубуз боюнча бир да факт жок, видеолордо, фотолордо эч нерсе жок. Ошондуктан аларды камакка кескен Свердлов райондук соту жыйынга бизди, депутаттарды, адвокаттарды киргизген жок”, - деди Байсалов Би-Би-Сиге.

Жүрүшкө шаардын мэриясы уруксат берген. Активисттерди кармап кеткен милиция жүрүшкө чыккандар административдик кодекстин үч беренесин бузган деп жатат. Алар “жол тосуу”, “бейбашчылык” жана “милициянын талаптарын аткарбоо”. Бул боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Мира Абдылдаева билдирди.

“Чогулгандарга коомдук тартипти сактоо жана унаа жолду тоспоо талабы бир нече жолу айтылган. Көп эскертүүлөргө карабай, Байтик Баатыр жана Жоомарт Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине келгенде мыйзамды бузуп, унаалардын өтүшүнө тоскоолдук кылышкан. Милиция беш жаранды кармап, ошол күнү Свердлов райондук сотуна өткөрүп берген, алар беш күнгө камоо чечимин чыгарган”, - деди Мира Абдылдаева.

Социалдык тармактарда камалган активисттерди бошотуу талаптары айтылып, аларды колдоо аракеттери жүрүп жатат. Ошол эле маалда элди дүрбөтүп, тартип бузгандар мыйзам талабына жараша жооп бериш керек дегендер бар.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев айрым активисттер саясий митингдерди пайдаланып, өзүн пиар кылат дейт.

“Демократия арак сыяктуу. Аны көп ичип алсаң, уят болуп каласың. Аз гана ичсең өзүңүн көңүлүң көтөрүлөт, жаныңдагылардын көңүлүн ачасың. Сөз эркиндиги коргош керек болсо, бийлик өкүлдөрүн чакырып, тегерек үстөл өткөрүп, өз талаптарын айтыш керек да. Анан шыр эле эшикке чыга калбай. Башкаларга, машиналарга тоскоолдук кылса, анда жооп бериш керек”, - деди Бакетаев.

Ишембиде Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде оппозиционер ишмерлер, журналисттер, жарандык активисттер саясий уктарды жана сөз эркиндигин коргоо үчүн жөө жүрүшкө чыгышты. Мындай демилге коомдо журналисттерге, массалык маалымат каражаттарына кысым жасалып жатат деген ойлордон кийин көтөрүлгөн.

Башкы прокуратура ушул айда “Азаттык” радиосун жана “Заноза” маалымат сайтын президенттин беделине шек келтирген деп бир нече миллион сомдук айыпка жыкты.

Документти туура эмес деп Бишкекте иш алып барган орусиялык журналист өлкөдөн чыгарылган.