Көк бөрү: Таластын "Ынтымак" командасы жеңди

Оюнга он эки команда катышты
Image caption Оюнга он эки команда катышты

Нооруз майрамы жер-жерлерде да ар түркүн салтанаттар менен өткөрүлүп жатат. Бишкектин өзүндө борбордук аянттагы оюн-зооктон тышкары "Ак кула" ат майданында бүйүр кызыткан улуттук ат оюндары өткөрүлдү.

Оюнга Баткен облусунан башка баардык аймактардан он эки команда катышты.

Таймаш калыстарынын бири, федерация мүчөсү Шайлоо Алымкулов бул оюнда чечүүчү ролду тулпарлар ойноорун айтат.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Көк бөрү: Таластын “Ынтымак” командасы жеңди

Ат майданында көк бөрү менен катар эле аламан байге да болуп өттү. Сай күлүктөр, жорголор үч автоунаа баштаган бир топ байгеге татыды.

Ал эми көк бөрү оюнунун байге фонду бир миллион сомду түзүп, каражат өлкө башчысынын фондунан каржыланган. Кырчылдаган таймашта Таластын "Ынтымак" командасы биринчиликти жеңип алышты.