Кыштоодо калган кырк жети үй-бүлөгө жол жабык

Нарын шаары
Image caption Нарын шаары

Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндө 47 үй бүлө бир аптадан ашык убакыттан бери калың кардын курчоосунда турат. Алар менен каттам жана телефондук байланыш толук үзүлгөн. Буга чейин жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 80 чакырымга жакын жол тазаланып, башка малчыларга азык-түлүк, тоют жеткирилген.

Ат-Башы жергесинде 14-мартка чейин калың жааган кардан улам өзгөчө кырдаал абалы киргизилген. Буга чейин Ак-Сай өрөөнүндө 53 малчы алты жарым миңге жакын топоз, ушундай сандагы эле майда жандыктар жана 700 чамалуу жылкы менен кыштоодо курчоодо калганы айтылган. Облус жетекчиси Аманбай Кайыпов Би-Би-Сиге билдиргендей кар бөгөп калган жолдун узундугу 130 чакырымга жетет. Учурда карды тазалоо иштери баардык керек-жарак менен толук камсыздалган.

"Ак-Сайдын Көк-Кыя, Корумду, Көк-Айгыр кыштоолоруна жете албай жатабыз. Азыр бир бульдозер Корумдудан өттү. Эң акыркы чеги Көк-Кыя. Ага жетээрине аз калды. Буюрса бүгүн элге жетип барабыз деген план менен жолдобуз. Эң башкысы элибиз аман болсо болду, калганы маселе эмес. Бир жаман жагы бул жерлерде аба-ырайы абдан катаал. Улам тазалаган жолго бороон кайра кар үйлөп салып атат",-дейт өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов.

Image caption Турдубек Шаршеев: Мындай кыштын неченин көрдүк эле. Бирок быйыл кыш эки ай эрте түшкөнү аз келгенсип, кары да укмуш оор болду

Сөз болуп жаткан кыштоолорго жакын жайгашкан Ак-Муз айылынын тургуну Турдубек Шаршеев, быйыл кыш өзгөчө оор болгонун айтып, дагы бир жыйырма күндөн кийин гана жаздын илеби келет деп болжойт.

"Мындай кыштын неченин көрдүк эле. Бирок быйыл кыш эки ай эрте түшкөнү аз келгенсип, кары да укмуш оор болду. Кээ бирлер кардын айынан эшигин ачып, үйүнөн чыга албай калды. Өзгөчө кырдаалдар министирлиги, облустун кызматтары жолубузду ачып күрөп берди. Биздин Ак-Муздун аты айтып тургандай эле жер-суунун баары тегиз аппак кар. Азыр бизден кийинки айылдардын да жолун күрөп баштады. Азырынча жолдорду эле ачып турабаса текши тазалаганга чынында мүмкүн болбой турат",-дейт Ак-Муз айылынын тургуну Турдубек Шаршеев.

Айтылган кыштоонун тургундары менен азырынча байланыштын бир гана жолу бар. Малчылар өздөрү чек ара бекетине келип, ал-жайын айтып турушат. Министр Кубатбек Боронов Би-Би-Сиге билдиргендей кечээ келген малчылар азык-түлүктөн тартыштык башталганын кабарлашкан.

"Ак-Сайдагы кырк жети үй-бүлөгө жете албай жатабыз. Барууга мүмкүн болбой турат. Башкы штабдан каз тамандуу эки чоң техника алдык, иштеп жатат. Курчоодо калган малчылырдын саны мындан да көп болчу. Жакыныраак кыштагандарына жол ачылып, азык-түлүк менен жем, чөп жеткирилди. Шамаал тыйылбай тазаланган жолду улам-улам кар менен толтуруп салып атат. Өзүбүздүн кампадан жылуу жууркан, консерваларды жана эң негизги азык-түлүктөрдү алып келе жатабыз. Буюрса түнү менен болсо да элден кабар алабыз. Эмне үчүн тик учак менен барбайт деп суроолор да чыгып калышы мүмкүн. Биз даяр турдук. Бир жумадан бери шамаал, туман болуп тик учак менен учууга такыр болбой жатат",-дейт Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.

К. Боронов ошондой эле калың кар жаздын келиши менен тез эрий турган болсо суу каптоо коркунучу да бар экенин четке какпайт.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар