Өрт кырсыгы болгон басмаканага айып пул салынды

«Печатный экспресс» басмаканасынын ээси Сергей Москвин менен башкы инженер Антон Яцковго кылмыш иши козголгон.
Image caption «Печатный экспресс» басмаканасынын ээси Сергей Москвин менен башкы инженер Антон Яцковго кылмыш иши козголгон.

Өткөн жылдын август айында өрт кырсыгы катталып, 17 кыздын өмүрүн алган Москвадагы «Печатный экспресс» басмаканасынын ээсине 6,6 млн рубль айып пул салынды.

Бул тууралуу Орусиянын Башкы прокуратурасынын сайтында кабарланды.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкана жетекчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарын эмгек келишим жок ишке тартканы аныкталды",-деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн жылы август этегинде Москвадагы басмаканада өрт чыгып, 17 киши каза тапкан. Алардын он төртү 18 жаштан 45 жашка чейинки кыргызстандык кыз-келиндер болгон. Бирөөсүнүн үч айлык боюнда бар экени айтылган.

Миграциянын күчтүү агымына туштуккан өлкөдө соңку трагедиялуу окуяны коомчулук абдан оор кабыл алып, өлкө боюнча аза күтүү жарыяланган. Бул ишти адилетүү тергеп, күнөлүүлөрдү жазага тартуу талабы курч коюлуп, кыргыз расмийлери тергөөнү орус бийлиги көзөмөлгө алганын айтышканы бар.

Кыргыз тарап каза тапкандардын жакындарына компенсация төлөтүп берүү маселесин да көтөрүп келүүдө.

«Печатный экспресс» басмаканасынын ээси Сергей Москвин менен башкы инженер Антон Яцковго кылмыш иши козголгон. Орусиянын тергөө комитети 17 кишинин өмүрүн алган басмаканадагы кырсык боюнча "өрт коопсуздугу эрежелерин бузуу" деген берененин негизинде кылмыш ишин козгогон болчу.

Тектеш темалар