Беш активист бошотулду

Камалгандар апелляциялык арыз менен кайрылышарын билдирди.
Image caption Камалгандар апелляциялык арыз менен кайрылышарын билдирди.

Бишкекте 18-мартта өткөн саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргоо жүрүшүндө кармалган беш жарандык активист бошотулду. Жүрүш учурунда кармаган милиция алар административдик кодекстин “жолду тосуу”, “бейбаштык”, “милициянын талабын аткарбоо” беренелерин бузганын айткан.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Камактагы беш активист чыкты

Алар Бишкектеги Биринчи май районуна караган убактылуу кармоо жайына административдук мыйзам бузган деген негизде беш күнгө камалган.

Жүрүш учурунда кармаган милиция алар административдик кодекстин “жолду тосуу”, “бейбаштык”, “милициянын талабын аткарбоо” беренелерин бузганын айткан.

Свердлов райондук соту аларды беш күнгө камоо чечимин чыгарган.

Image caption Расул Умбеталиев, Азамат Аттокуров, Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза жана Мухитдин аттуу жаран кармалган.

Кыргызстандагы айрым маалымат каражаттары сотко берилип, журналисттер президент тарабынан катуу сынга алынгандан кийин жүзгө чамалуу жарандык активист, саясатчылар, журналисттер жөө жүрүшкө чыгышкан эле.

Image caption Сөз эркиндигин жана саясий укуктарды коргоо боюнча жүрүштө камалган жарандык активисттердин бошотулушун күтүшүүдө

Сөз эркиндигин жана саясий укуктарды коргоо боюнча жүрүштө камалган жарандык активисттердин бошотулушун күтүшүүдө.

Image caption Свердлов райондук соту аларды беш күнгө камоо чечимин чыгарган

Расул Умбеталиев, Азамат Аттокуров, Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза жана Мухитдин аттуу жаран кармалган.