Сөз эркиндиги, камоолор, тирешүүлөр же кыргыз жазы

Айрым маалымат каражаттары сотко берилип, миллиондук доо талап кылынгандан кийин Бишкекте сөз эркиндиги боюнча жүрүш өткөн
Image caption Айрым маалымат каражаттары сотко берилип, миллиондук доо талап кылынгандан кийин Бишкекте сөз эркиндиги боюнча жүрүш өткөн

Кыргызстанда оппозициядагы күчтөр байма-бай жыйындарга чогулуп, саясатчыларды кармап-камоолор, соттошуулар орун алып, саясий айдың активдешип жатат. Байкоочулар ар кандай багыттагы саясий күчтөр баш көтөрүп жатканын айтууда.

Быйыл президенттин кызматындагы акыркы жылы экенине карабай, оппозиция экөөнүн арасында тирешүү күч алып жатканын ар тарап ар кандай чечмелеп, Кыргызстан үчүнчү топтолоңду көтөрө албайт деген пикирлери орток болууда.

Президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү тынч өтүп жатканын эскперттер четтен айтып турду. Атүгүл оппозицияны чабал деп сынга алгандар көп болду. Бирок 2016-жылы жайдын соңунда конституциялык реформа аракетинен тарта маанай өзгөрдү десе болот.

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев камалганга чейин абал эки тараптуу кайым айтышуу менен коштолду. Анын партиялаштары Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовго кылмыш иши козголду. Текебаев камалганда аны колдогон саясий митингдер орун алды.

Андан кийин баш прокурор президенттин беделин коргоо үчүн эки маалымат каражатынын үстүнөн сотко кайрылды. Мындан кийин активисттердин сөз эркиндигин коргоо жүрүшүндө беш кишинин беш күнгө камалышы кырдаалды дагы күчөткөнүн белгилешет байкоочулар.

Оппозициячыл саясатчы Бегалы Наргозуев тарых кайталанып, азыркы бийлик мурунку эки бийликтин кылганын так эле кайталап жатат дейт:

“Бардык күч органдары бүгүнкү режимдин оппоненттерин тыңшап, куугунтуктап, президентке доклад кылып, курал болуп калды. Алар кылмыштуулук менен күрөшкөндүн ордуна бийликтин оппоненттери менен гана күрөшүп калышты. Мунун баары бүгүнкү бийликтин күнү бутүп калганынын белгиси. Эл төңкөрүштөн тажаганы менен бийлик чектен чыкканда чыдай албайт, андыктан азыр дагы өз жообун бериши мүмкүн”.

Наргозуев ар кандай саясий күчтөр активдеше баштаганын айтып, бирок алар да бири-бирине атаандаш катары чыгышы мүмкүн дейт.

Image caption 18-мартта жүрүштө камалган жарандык активисттер беш күндүк административдик жазадан кийин бошотулду

Ошол эле маалда саясий лөктөрдүн бири Текебаевди камакка алуу аларды этияттыкка түртөт дейт Наргозуев.

Бүгүн Бишкекте өткөн эркиндик форумунда Аида Салянованын камоолорго эл кайдыгер мамиле жасап жатат деген билдирүүсү элдин маанайынан башка кабарды бериши мүмкүн.

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова люстрация аркылуу бийлик өкүлдөрүн тазалоо керек деп, бирок ал Кыргызстанда мүмкүн болбогондуктан коомдук люстрация вариантын сунуштоодо:

“Азыр Акаев, Бакиев учурунда иштегендер иштеп жатат. Ошондуктан эч кандай жылыш болбой жатат. Бийликте ар бир революциядан кийин сөзсүз люстрация өткөрүлуш керек болчу. Бирок аны мыйзам аркылуу бизде өткөрүү мүмкүн эмес экени баарыбызга түшүнүктүү. Ал эми коомдук люстрацияда мамлекетке карата кылмыш ишин жасагандардун, сөз эркиндигинин чектелишине салым кошкондордун ж.б. тизмеси түзүлөт. Максат аларды кийин бийликке келтирбөө”.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакупова Кыргызстанда болуп көрбөгөндөй укуктук баш-аламандык орун алды деп, акыркы бир жарым-эки ай ичинде ЖМКга көрсөтүлгөн кысым укуктук эч бир нормага дал келбей турганын билдирди.

“Ушул кырдаалдарды эске алып, биз киригишибиз керек. Буга биригип каршы туруш керек. Бийликте мурда жүргөндөрдүн жарандык коомдун өкүлдөрүнө, алардын журналисттерге жана башка бири-бирибизге нааразылыктарыбыз бар. Бирок биз мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калгыбыз келсе, кырдаал такыр эле көзөмөлдөн чыгып кетишин каалабасак биригишибиз керек”, - деди Жакупова.

Image caption Бишкекте өткөн Эркиндик форумунда өлкөдө басма сөзгө, кысым, камоолор, укуктук баш аламандык орун алганы айтылды

Ал арада былтыр жазда камалган оппозициячылдардын соту жыйынтыкталмак. Камактагылардын бири Кубанычбек Кадыровдун жубайы Жаңыл Кумашова түшүнүксүз себептер менен сот жылдырылып жатканын айтууда:

“Акыркы сөз Кубанычбек Кадыровго берилген. Бирок сот жылдырылып жатат. Себеби бизге түшүнүксүз, бирок жакшылыктан үмүт кылып турабыз”.

Ал эми Өмүрбек Текебаевдин күнөөсү боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин олуттуу далилдери бар экенин комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

“Тергөө башкармалыгы Текебаев Кыргызстандын башка жарандары менен бирге туруктуу коррупциялык байланыштарды түзгөнү боюнча бардык шарттары болгону такталды. Алардын негизги максаты – 2010-жылы “Мегаком” компаниясы аркылуу көп суммадагы акчага ээ болуу болчу. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн күбөлөр айтылбайт”.

Президенттин жеке кызыкчылыгын аткарып калды деген доону бардык күч органдары четке кагууда. Бул маселеге Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов жооп кайтарды.

“Ички иштер министрлиги саясий оппоненттерге иш козгоп, алардын артынан түштү деген туура эмес. ИИМ эч кандай саясатка кийлигишкен эмес. Бирок коомдук тартипти бузуп, кылмыш кылгандарга мыйзам чегинде чара көрүү биздин негизги милдетибиз”.

Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Алмамбет Абдраманов Башкы прокуратура конкреттүү окуялар боюнча комментарий берерин белгилеп, “Азаттык” жана “Заноза” маалымат каражаттарынын үстүнөн башкы прокурордун сотко кайрылышын негиздүү деди.

“Президенттин ишмердигинин кепилдиктери боюнча мыйзамдын 4-беренесинде “КРдин президентинин ар намысы жана аброю мыйзам менен корголот, жаманатты кылган маалыматтар таратылган учурда КРдин башкы прокурору анын ар намысын жана аброюн коргоо үчүн сотко кайрылууга милдеттүү” деп так, даана жазылып турат”, - деди Абдраманов.

Жакында өткөн жөө жүрүштүн уюштуруучуларынын бири Эдил Байсалов болсо Кыргызстандагы саясий абал туңгуюк болуп, эмнеге баратканыбызды эч ким түшүнбөй турат деди?

“Азыр Кыргызстанда бир дагы адам, бийликте, Жогорку Кеңеште, Атамбаевдин жанында отургандар дагы, ал өзү да кырдаалды түшүнбөйт. Биздин негизги максатыбыз – таза, ачык, мыйзамдуу президенттик шайлоо өтөрүү. Биз азыр бузукулукка барбайбыз жана башкаларга дагы жол бербейбиз. Бизге стабилдүүлүк керек”.

Президенттик шайлоо 19-ноябрга коюлду. Азыркы президент Алмазбек Атамбаев ага талапкерлигин койбой турганын билдирген. Бирок 2020-жылы парламенттик шайлоого партиясын мыкты даярдарын айткан.

Президент жана анын тегерегиндегилер Кыргызстан эми демократиялык жолго түшүп, жакшы өнүгүп баштады деген билдирүүлөрдү жасап келет.

Бийлик да, оппозиция да Кыргызстан үчүнчү топтолоңду көтөрө албай турганын айтып, эки тарап тең стабилдүүлүк маанилүү деген ураанды чакырып келатышат.