"Жоогазын революциясына" 12 жыл толду

«Жоогазын революциясына" 12 жыл толду

«Жоогазын революциясы» деген ат менен белгилүү болгон март окуяларына 12 жыл толду.

Жалал-Абад, Ош аймактарынан башталып, кийин бүтүндөй өлкөдөгү нааразылыктарды кучагына алган март ыңкылабы өлкөнүн тунгуч Президенти Аскар Акаевди бийликтен кетүүгө арагасыз кылган.

Ѳлкө Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциянын 12 жылдыгына карата жолдонгон кайрылуусунда:

«2002-жылдагы Аксы окуясы, 2005 жана 2010-жылдардагы элдик революциялар Кыргызстандын жаңы тарыхындагы тагдыр чечкен окуялар болду. Бул Кыргызстан элинин эркиндикке жана адилеттикке карай катаал жана баатырдык жолундагы үч белес, үч ашуу сыяктуу. Биз муну эч убакта унутпайлык. Бул окуялардан сабак алалык»,-деп айтылды.

Президент өз кайрылуусунда: «Март элдик революциясынын эң башкы тарыхый сабагы - чыныгы революция жек көрүндү бийликти кулатуу эле эмес экенин калкыбыздын айкын түшүнгөнү болду. Элдик революциянын жеңишин, анын жетишкендиктерин өлкөнү кайрадан авторитаризмдин жана мыйзамсыздыктын сазына батыргысы келген күчтөрдөн коргоп калуу өтө маанилүү»,-деп белгилеген.

12 жыл мурунку март окуялары өз учурунда демократиянын жарчысы катары кабыл алынган эле. Бирок андан көп өтпөй эле ыңкылаптын чакырыктары ара жолдо калып, максаттары уурдалып кеткени кайрадан экинчи жолу элдик толкундоолордун чыгышын шарттаган.

"Ал мезгилдеги президент Акаевдин жүргүзгөн авторитардык саясаты, өз балдарын парламентке алып келүү аракети, элдин жашоо-турмушунун оордугу, социалдык-экономикалык оор кырдаал элди көчөгө алып чыккан. 24-мартта элдик революция болду. Бирок эл алып келген бийлик элдин мүдөө-талабын ишке ашырган жок",-дейт ошол учурдагы жаштардын алдыңкы сабында жүргөн активисттердин бири Керим Макеев.

"Элдик толкундоолор арты менен келген Бакиев бара-бара авторитардык нукка түшүп кеткенине баары күбө-дейт март окуяларындагы активист Төлөгөн Келдибаев.- Ошол эл алдындагы өздөрүн элдик бийликтин өкүлдөрү атаган кишилердин берген анттары, эми тазалануу болот деген элдеги үмүттөрдү соолутту".

2005-жылдагы 24-марттагы окуялар башында майрам катары кызыл дата менен белгиленип жүрсө, кийин эскерүү күнү катары белгиленип келатат. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар