КСДП лидери Иса Өмүркулов Жанар Акаевге басым жасалбайт деди

Жанар Акаев "калың шайлоочуларым бар, өз ишмердүүлүгүмү уланта берем" деди Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Жанар Акаев "калың шайлоочуларым бар, өз ишмердүүлүгүмү уланта берем" деди

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы партиянын саясий кеңешинин чечимин колдоп, депутат Жанар Акаевди бүгүн фракциядан чыгарды. Жанар Акаев фракция буйрукту аткарып жатат деди.

Жанар Акаев мындан ары эркин депутат катары иштейт. Ал фракциянын атынан кирген комитеттерге, комиссияларга катыша албайт.

КСДП лидери Иса Өмүркулов фракциянын көз караштары менен Жанар Акаевдин позициясы туура келбегендиктен чыгарылды деди.

Дагы бир социал-демократ депутат Кожобек Рыспаев Жанар Акаев бир гана жөө жүрүшкө чыккан жок деп, ага чейинки жүрүш-турушу да себеп болгонун айтты.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Жанар Акаев КСДП фракциясынан чыгарылды

Акаевди фракциядан чыгаруу президенттин демилгеси деген кеп тараган, бирок Иса Өмүркулов бул партиянын саясий кеңешинин чечими болду дейт.

Адегенде Жанар Акаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу кеп таратышты. Акаев айрым басылмаларга шайлоочуларына кайрыларын айтты.

Мыйзам боюнча фракция же партия депутаттын мандатын алалбайт.

Президент Алмазбек Атамбаев Акаевди мандатынан ажыратуу ушак болчу деди.

Мындай учур мурдагы чакырылышта "Ата Мекендин" депутаттары Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановдо болгон.

Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши 23-мартта алардын Жогорку Кеңештеги депутаты Жанар Акаевди фракциядан чыгаруу чечимин кабыл алган.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption КСДП лидери Иса Өмүркулов эркин депутат Жанар Акаевге кысым жасалбайт, бизде сөз эркиндиги бар деди

Жанар Акаев өзү фракциядан чыгаруу аракети буйрукту аткаруу деп, кесиптештерине капа эмес экенин билдирди. Ал оппозицияга өтөсүзбү деген суроого “жок” деп жооп берди.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption КСДП Жанар Акаевдин көз карашы, иш-аракеттери фракцияныкына туура келбейт деди

Жанар Акаев парламентте айрым маселелер боюнча оюн ачык айтып келип, 18-мартта сөз эркиндигин жана саясий укуктарды колдогон жөө жүрүшкө катышкан.

Журналист Жанар Акаев 2015-жылы Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына бийликтеги КСДП фракциясы менен депутат болуп келген.

Партиянын тизмеси боюнча экинчи журналист Аида Касымалиевага депутаттык мандат кечээ тапшырылды, ал ишине расмий кирише элек. Акаев экөө бир командада иштеген.