Өзгөндө жер көчкү бир үй-бүлөнү басып калды

Өзгөндө жер көчкү бир үй-бүлөнү басып калды
Image caption Жер көчкү түшкөн аймак.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ѳзгөндүн Ничке-Сай айылындагы Топ-Жаңгак участкасындагы жер көчкү алдында калган үй-бүлө тууралуу маалымат берди.

Министрлик жер көчкү баскан үйдөгү каза тапкандар тизмесин жарыялады. "Маалымат такталгандан кийин жарандардын аты-жөнү өзгөрүшү мүмкүн",-деп айтылат министрликтин маалыматында:

1.Эгемкулов Өмүрзак Амиракулович 1988-жылы туулган (үй ээси);

2.Сулайманова Гүлайим 1989- жылы туулган (аялы);

3.Амиракулова Аксана 2010- жылы туулган (кызы);

4.Амиракулова Айгерим 2011- жылы туулган (кызы);

5.Амиракулов Жыргал 2013- жылы туулган (уулу);

6.Амиракулова Раяна 2015- жылы туулган (кызы).

Image caption Жер көчкү түшкөн аймак.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги, куткаруучулар дароо эле жетип барышкан. Азыр көчкү жүргөн жер суу аралаш ылай болуп тургандыктан издөө иштери баштала элек. Окуя болгон жерге ӨКМ министри Кубатбек Боронов жөнөп кеткени маалымдалды.

Өзгөндүн Ничке-Сай айылындагы Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү түшүп, бир үйдү басып калган. Ал үйдө бир үй-бүлө - үй ээси жубайы менен жана төрт баласы болгон.

«Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагында алдын ала алынган маалымат боюнча 2017-жылдын 26-мартында түнкүсүн Ничке-Сай айылынын Топ-Жангак участкасында узундугу болжол менен 800 метр, бийиктиги 4-15 мер чейин жер 500 метр аралыкка чейин сүрүлүп түшүп, Эгемкулов Өмүрбекке таандык турак-жайды 6 адамы менен (үй ээси, аялы жана 4 баласын) басып калган. Учурда турак-жай жана каза болгон жарандар такыр көрүнбөйт. Жер көчкү жүрүү коркунучу дагы деле сакталууда. Көчкү түшкөн адырдын арткы бетинде 1 турак жай бар. Азыркы учурда ошол үйдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү жумуштары жүрүп жатат»,-деп айтылат Ѳзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Учурда министрликтин куткаруу кызматтары окуя болгон жерде иш алып барууда. Аталган аймак районун борборунан 31 чакырым алыстыкта, анын ичинен 5 чакырым аралыкка унаа бара албагандыктан жөө же атчан баруу керек экен.

Кыргызстанда жаз алды менен сел жана жер көчкү коркунучтары күчөйт. Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүүлөргө карабастан табигый кырсыктар күтүлгөн аймактарда миңдеген кишилер жашап келе жатканын айтып коңгуроо кагып келүүдө.

Маселен, 2015-жылы 24-майга караган түнү Сузак районунун Кыржол айылында жер көчкү жүрүп, 5 үйдү короо сарайларды жана мал жандыктарыменен басып калган. Натыйжада 6 адам каза болуп, бешөө ооруканага түшкөн эле.