Көчкү алдында калгандардын сөөгүн алып чыкканга мүмкүн болбой жатат

Көчкү алдында калгандардын сөөгүн алып чыкканга мүмкүн болбой жатат

Ѳзгөндүн Ничке-Сай айылындагы Топ-Жаңгак участкасындагы көчкү басып калган үйдөгү каза тапкандардын сөөгүн алып чыгууга мүмкүн болбой жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Авазбек Айтиев билдирди.

Учурда көчкү коркунучу сакталууда, көчкү жүргөн аймактын үстүндө көл болгондуктан тынбай суу агып жатат деп белгиледи ал.

Окуя болгон жерге кечээ күнү ӨКМ министри Кубатбек Боронов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барды. Аталган аймак районун борборунан 31 чакырым алыстыкта, анын ичинен 5 чакырым аралыкка унаа бара албагандыктан жөө же атчан баруу керек экен.

Image caption Окуя болгон жерге кечээ күнү ӨКМ министри Кубатбек Боронов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барды.

Кырсык 2017-жылдын 26-мартында таңкы саат 3-4 чамасында катталган. Болжол менен бийиктиги 4-15 метрге чейин жеткен жер көчкү 500 метр аралыкка чейин сүрүлүп түшүп, бир турак-жайды басып калган. Ал аймакта дагы төрт турак-жай болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 90-жылдардын ортосунда эле бул аймакта көчкү коркунучу бар деп табылып, эсертүү берилгенин айтып чыкты.

"Көчкү токтоду деп, мал-жандыгы менен өзүнчө бөлүнүп келип алып жашап жаткан эле",-деди каза тапкан маркумдун жакын тууганы Абдыкадыр Эгемкулов.

Image caption Kөчкү басып калган үйдөгү каза тапкандардын сөөгүн алып чыгууга мүмкүн болбой жатат.

ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынын жетекчиси Дайырбек Каримов бул сыяктуу көчкү корокунучу күтүлгөн аймактарда жашагандарга тынымсыз эскертүү берилип, жеригилктүү бийлик түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенин айтты.

"Ош облусу боюнча жер көчкү коркунучу күтүлгөн аймакта 359 обьект бар. Алардын баарына коопсуз жайга чыгып кетүү боюнча эскертүүлөр берилип, жергиликтүү бийликке милдеттендирилген. Ар бир киши менен жеке дагы түшүндүрүү иштери болгон",-деди ал.

Ничке-Сай айылындагы Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү түшүп, бир үйдү басып калган. Ал үйдө бир үй-бүлө - үй ээси жубайы менен жана төрт баласы болгон. Кечээ күнү министрлик жер көчкү баскан үйдөгү каза тапкандар тизмесин жарыялаган. "Маалымат такталгандан кийин жарандардын аты-жөнү өзгөрүшү мүмкүн",-деп айтылаган министрликтин маалыматында:

1.Эгемкулов Өмүрзак Амиракулович 1988-жылы туулган (үй ээси);

2.Сулайманова Гүлайим 1989- жылы туулган (аялы);

3.Амиракулова Аксана 2010- жылы туулган (кызы);

4.Амиракулова Айгерим 2011- жылы туулган (кызы);

5.Амиракулов Жыргал 2013- жылы туулган (уулу);

6.Амиракулова Раяна 2015- жылы туулган (кызы).