Кыргызстандагы митингдер анатомиясы

Кыргызстандагы митингдер

Кыргызстанда митингдер коомдук процесстердин ажырагыс бир бөлүгү сыяктуу мүнөздөлүп жүрөт. Элдик толкундоолордун арты менен өлкөдө эки жолу бийлик алмашкан.

Өлкөдө саясий күчтөр жаздын алды менен активдеше баштаганы да адатка айланып калгандай. Жергиликтүү илимпоздор Кыргызстанда жыл сайын дал ушул жазында активдешчү бүтпөс митингдердин чубалыш себебин "аягына чыкпаган революция" тезиси менен түшүндүрүшүүдө. 2010-жылдан тарта өлкөдө каршылык көрсөтүү саясатынын табияты да олуттуу өзгөрүүлөргө тушугуп жатат.

Кыргызстандагы митингдер табияты өзгөрүүдө

Апрель революциясынан кийинки митингдерди байкоого алган изилдөөчү Асел Дөөлөт Кыргызстан өткөрүлүп келе жаткан митингдерге мүнөздүү төрт белгини аныктаган.

"Анын биринчиси, 2010-жылдан тарта Кыргызстанда өтүп жаткан митингдер барган сайын чабал уюштуруучулукта өтүп жатат. Ушундан улам экинчи белги - каршылык көрсөтүү акцияларынын жыйынтыгы, майнабы аз болууда. Учурдагы митингдерге тиешелүү дагы бир - үчүнчү белги - өлкөдөгү митинг-пикеттердер туруктуу болбой жаткандыгында, башкача айтканда тынч жыйналыштар мурдагыдай узак мөөнөткө созулбай, бир эки чогулуу менен эле чектелип масштабдуу деңгээлге чыкпай калды.

Төртүнчүсү, каршылык көрсөтүү саясатында жаңычыл, инновациялык нерселер тажрыбаланбай жатат. Дагы бир бегилей кетүүчү жагдай, 2010-жылдан кийин Кыргызстандагы саясий системаны аңдоо татаал болуп калды дешет изилдөөчүлөр. Себеби саясий мейкиндикте жаңы институттар пайда болуп, кээ бирөө жоюлуп алсыз тартса, кай бирлери тескерисинче жаңы ыйгарым укуктарга ээ болуп калышты. Чечимдерди кабыл алуунунун формалдуу жана бейформал каналдары аралашып гибриддик системаны пайда кылды. Бул кадимки жарандардын бул системаны аңдап-түшүнүүсүн кыйла оорлоштуруп атат. Башкача айтканда, жарандар алардын таарынычтарына жана коюп жаткан талаптарына ким жоопкер билбей калышты.

"Саясатты тануу илиминде "күнөөнү идентификациялоо проблемасы" (blame attribution problem) деген түшүнүк бар, бул жарандардын көйгөйлөрүнө ким жоопкер дегенди түшүндүрөт. Буга чейин Кыргызстандагы авторитардык системалар маалында күнөөлүү адамды табуу текейден арзан болчу. Ал проблемалардын адресаттары айдан ачык эле. Айталы, "Акаев кетсин", "Бакиев кетсин" деген чакырыктар дале элдин эсинде. Башкача айтканда, митингчилердин бул лозунгу аркылуу алардын таарынычы же макул эместиги кимге багытталып жатканын түшүнүктүү болчу. Бирок 2010-жылдан кийин адресаттар көп болуп кетти. Деген менен кечээ жакындан баштап адресаттар саны кууш тартып, бардык нааразылыктар президенттик администрацияга бурула баштады десек болот. Бирок буга чейин бул система таатал эле", -дейт Асел Дөөлөт.

Кыргызстанда үчүнчү ыңкылапка негиз барбы?

Кыргызстанда жаз келген сайын активдешчү митингдерден улам ар жылы эми дагы бир - үчүнчү революция болобу деген суроо көпчүлүктү түйшөлтөт. Айталы, быйылкы жаз да митингдерден кур эмес. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кармалышы жана "Заноза" басылмасы менен "Азаттык" радиосуна болгон Башпрокуратура арыздары ири митингдерди уюштурууга жем таштады. Ош-Жалал-Абадда да оппозициялык лидерлер биригип, курултай чакыруу, Бишкекке жөө жүрүш жасоо демилгелери көтөрүлүп жатат.

29-мартта Бишкек оппозиция КТРК алдында митинге чыкканга камылга көрүүдө. 26-мартта Бишкекте сыртта узак убакыт жүрүп Кыргызстанга кайткан мурунку ЖК депутаты Садыр Жапаровдун тарапкерлери аны колдоо митингине чыгып, тартип сакчылары менен кагылыш орну алып 60тан ашык киши административдик тартипти бузгандыгы үчүн камакка алынды.

Өлкөдө болуп жаткан каршылык көрсөтүү саясатына түздөн түз байкоо салып келе жаткан жарандык коом өкүлү Динара Ошурахунова Кыргызстанда бүгүнкү күнү буга чейинки эки ыңкылап алдында болгон окуяларга окшош жагдайлар болуп жатканын айтууда.

"Ушул көрүнүштөр, бийлик аракеттери коендой окшоштук менен кайталанып жатат. Дагы деле көрүнүктүү саясатчыларды камоо, алардын тарапкерлерине карата зомбулук чаралары, андан кийин сөзсүз түрдө айрым медиаларды жабуу аракети, коркутуп-үркүтүүлөр. Биз бул нерселерди 2005 жана 2010-жылдары эле басып өткөн элек. Азыр дагы байкасаңар так эле ошондогудай болуп жатат",-деди Ошурахунова.

Анткен менен 2015-жылы орун алган "жоогазын ыңкылабынын" урматына отургузулган гулбактын ачылыш аземиде президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда үчүнчү революцияга негиз жок экендигин баса белгиледи:

"Владимир Путин менен болгон маалымат жыйынында мен туура эмес ташамашалап алдым көрүнөт. Бирок Кыргызстанда үчүнчү ыңкылап болбойт. Мага ишене берсеңер болот. Азыр Кыргызстан такыр башка өлкө, ыңкылап өткөрүүгө негиз жок. Кырдаалды курчута алышпайт. А эге кимде-ким ага аракет кылса мыйзам чегинде жооп берет. Оюндардын, соодалуушунун мезгили бүткөн",- деди Президент.

Чынында Кыргызстанда барган сайын элдин митинг-пикеттерге карата шаабайы сууп бараткандай. Барган сайын өлкөдө каршылык акциясына чыккандарды жактырбагандар, колдобогондор чыгууда. Социалдык желелерде көчөгө чыккандарды айыптаган посттор жазылып, митингчилерди колдогон-жекиргендер кызыл-чеке болуп талашканын байкоого болот.

Кыргызстандагы митингдерге байкоо салган изилдөөчу Асел Дөөлөт өлкөдө байма-бай өтүп жаткан митингдерден майнап чыкпай жаткандыгы жамааттык аракеттеги дагы бир көйгөйгө алып келгенин аныкташган. Анын айтымында, Кыргызстанда жарандардын бара-бара саясатка болгон ишеними өчүп барууда.

"Саясий системадан көңүл калуу ага ишенбөө бардык нерсеге ишенимди жоготот. Мобилдешүү микродинамикасында бул кандай иштейт? Саясий ситемага андан кийин адамдарга, жарандарга ишеним өчөт. Мен өз иликтөөмдө биздин жарандардын митингдерге болгон комментарийлерине, серебине да баам салдым. Саясий системага жана дегеле саясатка ишеним артпоо протесттерди да беделин кетирди. Башкача айтканда бүгүнкү күнү каршылык билдирүү социалдык каршы туруу эмес, фейк калды",- деди Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин доценти Асел Дөөлөт.

"Аягына чыкпаган революция"

Кыргызстанда расмий маалыматтарга таянсак жылдан жылга митингдер саны өсүүдө. Алалы, ИИМдин соңку иликтөөлөрү боюнча 2015-жылы өлкө аймагы боюнча жалпы 434 митинг катталса, былтыр алар саны 596га жеткен, быйылкы жылдын алгачкы толук эмес үч айында 88 жолу митинг аракеттери болгон.

Кыргызстанда бүтпөс митингдердин себебин серепчилер ар кандай чечмелешүүдө. Эл аралык жана салыштырмалуу саясат боюнча эксперт Медет Түлегенов Кыргызстандагы нааразычылык акциялар боюнча азыркы көрүнүштү "аягына чыкпаган" тезиси менен түшүндүрүүдө.

"Мен көп убакыт "аягына чыкпаган ыңкылап" тезиси үстүндө ойлондум. Экинчи жолу революция болгон жерде көбүнчө биринчиси мүдөөсүнө жетпей калган болушу мүмкүн. Мундай бүтпөй циклдер тынчсыздануу жаратат. "Аягына чыкпаган революция" тезиси боюнча ал жерде башталыш логикасы бар, бирок жыйынтык логикасы жок болот. Бул жерде Троцкийдин "перманенттүү революциясын" эске салсак болот" - деген пикири менен бөлүштү серепчи.

Медет Түлегеновдун баамында, 2010-жылдан тарта митингдерге мүнөздүү дагы бир белги бул тышкы факторлордун пайда болушунда. Алсак, элчиликтердин алдында каршылык акциялары көбөйдү.

Чынында Кыргызстанда соңку жылдары дипломатиялык өкүлчүлүктөр алдында митингдер байма-бай орун алууда. Алардын урунттууларына токтоло кетсек.

Эң эле соңкусу быйыл 28-февралда орус президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келишин утурлай жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров кыргыз жаранын өмүрүн алган жол кырсыгына шектүү элчилик жаранын жаза тартуу талабы менен митинге чыкты.

Буга чейин АКШ элчилиги алдында 2016-жылдын 26-майында 300 чакты адам чыгып, "Компаньон" банкына каршы акция уюштурушкан. Иш-чараны Карыз алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылы уюштурган эле. Иш-чарада "Компаньон — эл аралык шылуун Mercy Corpsтун банкы" деген ураандар жаңырган.

Түркия элчилиги алдында да 2015-жылы 27-ноябрында нааразылык акциясы өткөн. Анда чогулгандар Түркия "Ислам Мамлекети" менен кызматташып андан мунай сатып алат деп айыптап, орусиялык учкучтун Түркия аба күчтөрү тарабынан атып түшүрүлүшүнө нааразычылык айтылган.

Ушул эле 2015-жылдын 27-февралында Бишкектеги Белорусия элчилиги алдында 30-50 чакты адам чогулуп Бакиевди экстрадициялоо талабын койгон эле.

Чогулгандар "Бакиевдерге өлүм", "Белорусия кылмышкерлерди жашырба", "Лукашенко, кимди калкалап атканыңды билесиңби?" мазмунда чакырыктар менен чыгышкан.

Митингчи-рекордсмен - Өндүрүш Токтонасыров

Кыргызстандагы митингдер анатомиясы

Белорусия элчилиги алдында Бакиeвди экстрадициялоо, Орусия элчилиги алдында кыргыз жаранын сүзүп кеткен элчилик кызматкерин жазага тартуу боюнча акциялары менен белгилүү, "митингчи-адам" каймана атка ээ Өндүрүш Токтонасыров 2010-жылдан бери баш-аягы 100дөн ашуун тынчтык жүрүштөрүн уюштурду.

Жарандык активисттин айтымында ал акциялардын теңинен көбү өз майнабын берип, кайсы бир деңгээлде саясий чечимдерди чыгарууда таасирин берди.

"Түшүнгөндөр бар, түшүнбөгөндөр бар. Бул келесоо кыларга киши жок, "митингчил-киши" дейт. Айтса айта беришсин ,ар кимдин өзүнүн көз карашы. Аларды мен сыйлайм, бирок көбүнчөсү түшүнүү менен мамиле жасашат. Айрымдар ойлошу мүмкүн, Өндүруш үчун адат болуп калган, керектүү плакатты алат да, ага жаза коюп эле зоңкоюп чыга калат деп. Жок. Мен үчүн жөнөкөй эле маселе боюнча пикетке чыгуу бул драмтетардагы жанагы бир спектакльди даярдаган режисер же башкы ролду ойногон актердой. Мен кабатырланам, ойлоном, уйкум качат ошол эртеңки иш чара эмне болот деп аябай толгонуп атып чыгам. Анан кээ бир маселелер боюнча алдын ала кат жазам тиешелүү тараптарга, анан мага жооп болбосо барып каршылык акциясына чыгам, а мен жок эле жерден дароо автоматтык түрдө пикетке чыга албайм", - деди активист.

Токтонасыровдун баамында Кыргызстандагы ар бир адам өзүнүн жарандык турумун ушундай акциялар аркылуу жигердүү билдирип турса коом алда канча тез өнүкмөк.

Анткени менен "Жарандык коом жана демократия үчүн" коалициясынын мүчөсү Динара Ошурахунованын белгилешинче өлкөдө барган сайын протест көрсөтүү потенциалы кууш тартып бараткандай. Мунун себебин ал 2010-жылдан тарта массалык колдонууга өткөн социалдык желелердин таасири деп билет.

"2010-жылдан тарта социалдык желелер активдүү колдонууга өтүп, курч маселелерди талкулоо жана каршылык көрсөтүү маанайындагы ойлор менен бөлүшүү виртуалга өтүп калды. Башкача айтканда биз фейсбукта отуруп протест кылып калдык. Мындай болуп калганына бийлик ыраазы болуп калышы керек эле, себеби виртуалдык протест анча коркунучтуу эмес. Бирок бийлик социалдык желелердеги сөздөр үчүн дагы чечимдер чыгара баштады, куугунтуктай баштады. Мындан улам эл социалдык желелерден реалдуу жашоого чыга башташты. Башкача айтканда бийлик өзү бул каршылык көрсөтүү процессин реалдуу жашоого сүрүп чыккандай болду", - дейт укук коргоочу.

Кыргызстанда социалдык жана саясий мүнөздө гана митингдер өтөт Кыргызстанда нараазылык, каршылык акцияларынын үстүндө анализ, байкоо салган уюмдар да бар. Митингдер тууралуу эң эле соңку иликтөөгө көз чаптырсак, "Кылым шамы" жана "Жаштардын укук коргоо тобу" бейөкмөт уюмдары өлкөдө 2013-2016-жылдар аралыгы өткөн митингдерди анализге алган. Ага ылайык Кыргызстанда өткөн митингдердин 43 пайызы Бишкек шаарына туура келет. Андан кийин эле митингдердин саны облустук борборлорго туура келет. Mисалы, Ош, Жалал-Абад шаарлары. Нааразычылык акциялары салыштырмалуу аз өткөн аймактар катары Талас жана Нарын эсептелет.

"Жаштардын укук коргоо тобу" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүльшайыр Абдирасулова Кыргызстанда өткөн митингдердин дээрлик 70 пайызы социалдык жана саясий талаптар менен өтөөрүн белгилейт. Ошол эле убакта адам уккугу же маданият жаатында талаптар менен өткөн акциялар жокко эсе. Абдирасулованын айтымында өлкөдө өткөн көпчүлүк митингдер башаты социалдык маселеге барып такалат, бул талапта өткөн митингдерге бийлик тарабынан жооп же кандайдыр бир реакция болбошу сөзсүз түрдө анын мазмунун саясий мүнөзгө бурат:

"Бирок ошол социалдык маселе чечилбей калса, ошол талапты алып чыккан тынч жыйын талабы бат эле саясий талапка өтүп кетет да. Бул практика, өзү ушундай. Чечилбей, чечилбей келе берсе анан бат эле саяcий талаптар «кетсин», «келсин» дегендерге өтүп кетет", -деди укук коргоочу.

Тектеш темалар