Өмүрдү тобокелге салган кайдыгерлик

Жер көчкү түшкөн аймак.
Image caption Жер көчкү түшкөн аймак.

Өзгөндөгү жер көчкү жүргөн аймакта жашаган үй-бүлөгө мурда атайын эскертүү берилгени маалым болду. Өлкө аймагы боюнча табигый кырсыктардан улам жашоого кооптуу делген аймактардан жашоочулардын жер которбой жаткандыгы тиешелүү мекемелердин да баш оорусуна айлангандай.

Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылынын тургундары Өзгөндөгү соңку жер көчкүдөн кийин, чамдап көчүп кетүүгө камына баштаганын айтышат.

"Бир эмес бир нече жолу эскертүү алганбыз, ал тургай көчүп кетебиз деп кагаз да жазып бергенбиз. Үй-бүлөлөрдөн азырынча бирден киши калып мал карап атабыз. Малчыларга малды кошуп берсек, 3-4 үй-бүлөдөн башкабыз бүт кетели деп турабыз. Бизге жер да бөлүп берилген",- дейт Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылынын тургуну Жолдубай Абдыкадыров.

Коопсуз жайга көчө турган үй-бүлөлөр азыноолак чарба же ата конуш деген сыяктуу жүйөлөрдү айтып, көнбөй жатышы бир эмес бир нече жолу арты кайгылуу окуя менен аяктаган.

Image caption Өлкө боюнча кырсыктар тооруп турган аймактарда жашаган 17 912 үй-бүлө бар

"Көчкөнү бар, каршы болуп жашап атканы бар. Аларды мажбурлап көчүрүүгө укугубуз жок болгондуктан эскертүү берүү менен чектелип жатабыз. Алардын айрымдары кырсык болсо эч кимге дообуз жок деп нотариустан кагаз да жаздырып коюшкан. Бирок адам өмүрүн сактоо үчүн кандайдыр бир чаралар зарыл деп ойлойм. Мисалы Алмалуу-Булак айылында электр жарыгы өчүрүлүп, мектепте окуу да токтотулган. Дал ушундай эле ыкманы областтын башка айылдарына да киргизүү боюнча сунуш берип жатам. Кескин чараларды көрбөсө аягы жакшы болбойт",-дейт Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов.

Бирок мындай көйгөйгө тушуккандардын баары эле мамлекет тарабынан тиешелүү жардам же жер тилкесин алган эмес.

Image caption Абдишарип Бекилов: Аларды мажбурлап көчүрүүгө укугубуз жок болгондуктан эскертүү берүү менен чектелип жатабыз.

"Жер көчкү, сел, таш кулоолор, жээк эрозиясы, кыртыш суулардын көтөрүлүүсү деп баарын талдап карайбыз. Өз убагында эсеп такталып турат. Өлкө боюнча жогоруда көсөтүлгөн кырсыктар тооруп турган аймактарда жашагандардын акыркы такталган саны 17 912 үй-бүлө. Анын ичинен мамлекеттик жардам, жер тилкесин алгандардын саны 11 317 үй-бүлө. Жардам да, жер тилкесин да ала электер 3 813 үй-бүлө. Ал эми эң көйгөйлүү делген топ бар, анда жерди да мамлекттик жардамды да алганына карабай кооптуу жерде жашап жаткан бүлөлөрдүн саны 2782. Бул маалыматар 15-мартта такталып чыкты",-дейт Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Алмазбек Асанов.

Өткөн күз жаанчыл, ал эми кыштата кардын нормадан ашык болушу жазында табигиат кырсыктарынын активдүүлүгүн күчөтөөрүн тиешелүү мекемелер буга чейин да айтып келген.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар