Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүдөн төрт киши мерт кетти

Учурда куткаруу иштерине 52 куткаруучу тартылып, кырсыктын кесепттерин жоюу аракети көрүлүүдө
Image caption Учурда куткаруу иштерине 52 куткаруучу тартылып, кырсыктын кесепттерин жоюу аракети көрүлүүдө

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүдөн төрт адам мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза тапкандардын төртөө тең Транспорт министрлигинин жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери.

Кырсык 28-мартка караган түнү Бишек-Ош жолунун 255-чакырымында катталган. Көп узабай куткаруучулар келип, көчкү астында калган төрт кишинин жансыз денесин алып чыгышкан. Андан кийин көчкү алдындагы “Lexus” жана “Субару-легаси” үлгүсүндөгү эки унаадан алты кишинин куткарылганы айтылууда. Аларга алгачкы жардамдар көрсөтүлгөн.

Учурда куткаруу иштерине 52 куткаруучу тартылып, кырсыктын кесепеттерин жоюу аракети көрүлүүдө. Министр Кубатбек Боронов кырсык болгон жерге жөнөп кеткени кабарланды.

Кыргызстанда негизги карым-катнаш авто жолдор аркылуу гана ишке ашат. Күйүүчү май, турмуш-тиричиликке зарыл эсептелеген азык-түлүктөн тартып көп нерселер Бишкек аркылуу өлкөнүн Ош, Жалал-Абат, Баткен аймактарына дал ушул жападан жалгыз жол аркылуу келет.

Жыл сайын эле бул стратегиялык маанидеги авто жолдо кар көчкүлөр жүрүп, кыйынчылыктар болуп келүүдө. Буга чейин кыргыз өкмөтү борбор менен өлкөнүн түштүк тарабында орун алган үч облусту байланыштыра турган башка альтернативалуу жол куруп баштаган. Ал унаа жолу Жалал-Абад менен Балыкчыны байланыштырат, жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт.