Ничке-Сайда тургундар кооптуу аймактан көчүрүлдү

Ничке-Сайда тургундар кооптуу аймактан көчүрүлдү Сүрөттүн автордук укугу official

Оштун Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылындагы көчкү коркунучу бар аймакта жашаган 34 үй-бүлөнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын тигилген чатырларга жайгаштырды.

Аталган аймакта жекшембиде жүз берген жер көчкү кырсыгы бир үйдү басып, алты адам көчкү алдында калды. Көчкү коркунучу сакталып, кооптуу болуп жаткандыктан көчкү алдында калган үй-бүлөнүн сөөгүн алып чыгууга мүмкүн болбой турат. Үй-ээси 29 жашта, жубайы 28 жашта экен. Алардын балдарынын улуусу алты жашта кичүүсү эки жашта болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 90-жылдардын ортосунда эле бул аймакта көчкү коркунучу бар деп табылып, эскертүү берилгенин айтып чыкты.

"Көчкү алдында калган Эгемкулов Өмүрзактын атасы Эгемкулов Амиракулдун турак үйү жайгашкан жер 1996-жылы 16-майда ӨКМдин адистери тарабынан изилденип, жер көчкү коркунучу бар тилке деп табылгандыктан тез арада коопсуз аймакка көчүрүү зарылдыгы келип чыккан. КР Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-ноябрындагы №374 буйругунун жана №390 токтомунун негизинде жер көчкү коркунучу бар аймактан көчүрүүлүгө тийиш үй-бүлөлөрдүн тизмесине киргизилип, ссуда алып үйүн бузуп Ничке-Сай суусунун оң жээгине турак үй салып көчүп чыгып кеткен. Каза болгон Эгемкулов Өмүрзак атасынын эски үйүнүн ордуна 2010-жылы 2 бөлмөлүү үй салып жашап жаткан",-деп айтылат ӨКМ тараткан билдирүүдө.

ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынын жетекчиси Дайырбек Каримов:

"Ош облусу боюнча жер көчкү коркунучу күтүлгөн аймакта 359 обьект бар. Алардын баарына коопсуз жайга чыгып кетүү боюнча эскертүүлөр берилип, жергиликтүү бийликке милдеттендирилген. Ар бир киши менен жеке дагы түшүндүрүү иштери болгон",-деп билдирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда өлкө боюнча жер көчкү коркунуч күтүлгөн аймактарда 5 миңге чукул үй-бүлө жашап келүүдө.