Эт экспорту эмнеден аксайт?

2016-жылдын соңунда өлкөдө 1, 5 млндон ашык иири мүздүү мал, 769 миң уй, майда жандыктар 6 млн 100 миң, 467 миң жылкы катталган. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2016-жылдын соңунда өлкөдө 1, 5 млндон ашык иири мүздүү мал, 769 миң уй, майда жандыктар 6 млн 100 миң, 467 миң жылкы катталган.

Кыргыз өкмөтү малды идентификациялоонун биринчи этабы аяктагандыгын билдирди. Бул иштин башкы максаты - мал чарбасынан алынган продукцияны экспортко чыгаруу. Кыргызстан ЕАЭБге кирген менен эт-сүт азыктарын сатуу азырынча толук жолго коюла элек.

Мал-жанды каттоо иши малды вакцинация менен камсыз кылуу, ылаңдын жана мал уурулуктун алдын алууга жакшы өбөлгө түзөөрү айтылууда. Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калыс Жумаканов, өлкөдө малдын жугуштуу же коркунучтуу деген оорулары азайып, эпизоотиялык абал жакшырганын билдирди.

"Кайсы бир коркунучтуу оору чыкса канча мыкты деген ишканаларыбыз болсо да сыртка продукция сата албай калабыз. Ошондуктан баардык күчтүү жумшап, эпизотиялык абалды коопсуз жана туруктуу сакташыбыз керек",-дейт инспекция жетекчиси Калыс Жумаканов.

Учурда Кыргызтандык өндүрүшчүлөр эт, сүттүн сыртка ойдогудай сатылбай жатышына Казакстан чек ара көзөмөлүн жана жетиштүү санда лабораториялардын жок болуп жаткандыгын айтышат. Бирок мекеме башчысы Калысбек Жумаканов, экспрот үчүн башка себепти жүйө келтирүүдө.

"Мисалы чек ара же көзөмөл жок деп коёлу, бирок биз экспортту жөн эле жасай албайбыз. Аны кимдер жасайт алат? Муну ЕАЭС реестрине кирген ишканалар гана жасай алат. Мурдагыдай эле москвичке малдын этин жүктөп алып, Алматыга бара албайбыз. Азыр эл аралык ХАССП деген атайын стандартты киргизген. Ал ЕАЭСтин да талабы. Андай ишканалар бизде жокко эсе. Биз ошого жооп бере турган кыргызстандык он сегиз ишкананы киргизгенбиз. Ошонун эсебинен экспорттун көлөмү өстү. Анан ишканабыз жок туруп, ар кайсы короодо союлган этти чогултуп сата албайбыз. Кайда союлуп, кайдан даярдалган десе эмне дейбиз",-дейт Жумаканов.

Ал ошондой эле сүт азыктарын экспорттоо беш эсеге өскөнүн да кошумчалды. Бирок эт, сүттү сатуу дагы деле толук чечилбей жаткандыгы азыр деле бир топ талкууларга жем таштап келет.

"Ветеринардык көзөмөлдүн кечигип, убагында аткарылбай жаткандыгы бул жерде чындап эле кыйынчылык жаратып жатат. Экономикалык биримдикке кирген мамлекеттер да өздөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун сакташат. Биз ошол талаптарга жооп беришибиз керек",-дейт мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев.

Image caption 2015-жылы 12-августта Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп расмий катталганына байланыштуу Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасы салтанаттуу ачылып, бажы тосмолору алынган.

Этти Кытай, Иран сыяктуу бир топ өлкөлөргө сатуу демилгелери коомдо маал-маалы менен айтылып келе жатат.

"Иран азыр деле эт сатып алабыз деп келе жатат. Ала турган кардар канча өлчөм, кайсы убакыт ка керектигин айтат. Бирок андай көп өлчөмдөгү эт биздин элден чыкпай жатат. Муну ишкерлер да айтышты. Бул бизге кыйын болуп жатат. Бизде эт негизинен күз мезгилинде болот. Башка учурда ашыгы болбойт. Негизинен кой этин сурашат, бирок бизде бордоп кой баккандар жокко эсе. Ирак айына 30-40 миң тонна эт алабыз деп жатат, а биз бир жылда ошончо эт сатабыз. Этти чогулутуп сыртка сатып жиберсек өзүбүздө эмне калат? Биз малды туура, жакшы багып өндүрүмдүүлүгүн жогорулатышыбыз керек",- дейт Жумаканов.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2016-жылдын соңку эки айында эле Кыргызстан өзү эт жана эттен даярдалган 33 тоннага жакын азыкты сырттан сатып алган.

Бирок эт, сүт азыктарын экспорттоодо өкмөт бул боюнча жетиштүү иштебей жаткандыгын айткандар да жок эмес.

Image caption Кыргызстанда малдын саны жылдан жылга 2.5 пайыздан көбүрөөк өсүп келет.

"Мал киндиктүү Нарын областын мисал кылалы. Мамлекет ошол жерге мал союп, сатыкка даярдай турган мыкты цехтерди куруп, малды тирүүлөй мамлекетке сатып алып, кайра сатса болот. Аны Орусия, Европа өлкөлөрүнө чейин чыгарса да болот. Анан тирүү салмагы менен сатылган эттин ортосунан мамлекет киреше да тапмак. Малы баа болгондон кийин ар кайсы жерден иш издебей эл да ошол жерде оокатын кылат эле",-дейт Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамытбай Салымбеков.

Кыргызстанда малдын саны жылдан жылга 2.5 пайыздан көбүрөөк өсүп келет. 2016-жылдын соңунда өлкөдө 1, 5 млндон ашык иири мүздүү мал, 769 миң уй, майда жандыктар 6 млн 100 миң, 467 миң жылкы катталган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар