Кар көчкүнүн кесепети жана алдын алуу жолдору

28-мартка караган түнү Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүдөн төрт адам мерт кетти
Image caption 28-мартка караган түнү Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүдөн төрт адам мерт кетти

Расмий маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери өлкө аймагы боюнча жалпы 126 өзгөчө кырдаал катталып, анда 61 адам көз жумган. Кырсыктардын дээрлик 93% кар көчкү. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу он эсеге көптүк кылат:

“Жыл башынан берки өзгөчө кырдаалдар ушу күнгө карата 263 миллион сомдук чыгым алып келди. Бул өткөн жылга караганда алда канча көп. Буга быйыл кыштын оор болуп, кардын көп жаашы башкы себептердин бири болду. Андан сырткары, климаттын тез өзгөрүп кетүүсү, күн жылып табияттын бат кыймылга кириши да себеп”, - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чукул кырдаалдар башкармалыгынын орун басары Азамат Мамбетов.

Стратегиялык маанидеги кан жолдордо кар көчкү жүрөт деп эскертүү берилгени менен анын алдын алуу иштери аксап жатканы талкуу менен сынды күчөтүп турган кез. Өзгөчө Бишкек-Ош жолунда кыштан жазга дейре бир эле жерде 2-3 жолу кар көчкү жүргөн участоктор азыр да көйгөй бойдон калууда. Анткен менен, карларды атып түшүрүү иштери канчалык уланып жатканына карабастан, күтүүсүз кырсык өзүнүкүн бербей жатат дейт Кыргызгидромет борборунун жетекчиси Зарылбек Итибаев:

“Кооптуу делген кырлардагы, тоолордогу карлар атылып жатат. Болгон аракет көрүлүүдө. Бирок ошого карабастан кырсык деген кырсык. Кечээ көчкү болгон аймактын кары атылып түшүрүлгөн болчу, бирок көп өтпөй кайра башка кырдан кардын көчүшү күтүлбөстүк болду”.

Кар көчкүнүн алдын алуунун дүйнөлүк практикасы катары кооптуу делген аймактарга чуңкурчаларды орнотуу саналат. Экологдордун билдиришинче, бул аракет жайдын аяк ченинен баштап ишке кирип, алгачкы кар жааганга чейин кооптуу делген жер түптөрүнө миңдеген чоң чуңкурчалар отургузулуп, ал карды турган жеринен өзүнө тартуу же ордунан козголбой катууга алып келген технология. Бирок мындай аракеттерди Кыргызстанда жасоо мүмкүн эмес дешет адистер.

“Бизде финансылык жактан тартыштык болгондуктан, станциялардын, техникалардын баары эски, Союз учурунан калган. Алардын көбү иштен да чыккан. Жаңы технологияларды алууга, орнотууга акча жетишсиз. Бирок ошого карабастан, элди сак болууга үндөп, кооптуу делген аймактарга атайын белгилерди коюу керек. Керек болсо андай жерлерге эч кимди өткөрбөй туруу зарыл”, - дейт эколог Динара Кутманова.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, Кыргызстанда эки метрден ашыгыраак кар мындан дээрлик отуз жылдай мурда, атап айтканда 1969-жылы түшүп, залакасы абдан оор болгон. Ал эми бул жылы айрым жерлерде кардын калыңдыгы 170 сантиметрден ашкан.