Кыргызстан: бүгүн муфтийликке талапкерлер сынактан өтүшөт

Муфтийди шайлоо 4-апрелге коюлган
Image caption Муфтийди шайлоо 4-апрелге коюлган

Алдыдагы аптада Кыргызстандын муфтийин шайлоо өтөт. Учурда ага үч талапкер, азыркы муфтий Максат Токтомушев, мурдагы муфтий Чубак Жалилов жана Ош мамлекеттик университетинде окутуучу, Ош жана Баткен казысы болуп иштеп келген Ниязали Ариповдор катталды. Муфтий кызматка кандай жол менен келет? Алардын артында айрым күчтөр бар деген чындыкпы, алардын кызыкчылыгы эмнеде?

Муфтийди шайлоо 4-апрелге коюлган. Бүгүн талапкерлер билим деңгээли боюнча Аалымдар кеңеши тарабынан түзүлгөн коммисиянын сынагынан өтүшөт. Анын курамында Дин иштери боюнча коммисиянын жана Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү да бар. Үч талапкер тең муфтийликке өздөрүн өздөрү көрсөтүшкөн, ошондой эле аларды жамааттар да муфтийликке сунушташкан.

Image caption Марс Ибраев: Муфтий шайлоо- жоопкерчиликтүү ишке адамдарды дайындоо

“4-апрелде боло турган мусулмандар курултайына келген өкүлдөр Аалымдар кеңеши тандап алган талапкерди муфтий кылып бекитип беришет. Муфтий тандоо бул саясий чөйрөдөгүдөй болуп бир партиянын же бир кызматтын жетекчисин шайлоо эмес, балким андан да жоопкерчиликтүү ишке адамдарды дайындоо. Бул үч киши тең элге таанымал, билимдүү, илимдүү адамдар”, -дейт Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев.

Муфтий болуп келе турган кишиге ондон ашык талаптар коюлган. Алардын негизгиси, диний жана светтик жогорку билимге ээ болушу шарт, Куран, акыйда, хадис, жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн болуусу керек, саясий партияларга мүчө болбогон жана соттолбогон адам болуусу зарыл.

Муфтийликке талапкерлер кимдер?

Учурда муфтийликке үч талапкер, Максат Токтомушев, Чубак Жалилов жана Ниязали Ариповдор катталды.

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын муфтийи болуп иштеген. Ал дин аалымы катары Кыргызстанга гана эмес, башка мамлекеттерге да белгилүү адам. Дагы бир талапкер Ниязали Арипов - теология илимдеринин доктору, 2010-жылдары муфтиятта, андан кийин Ош жана Баткен облустарынын казысы болуп дагы иштеп турган. Үчүнчү талапкер болсо Максат Токтомушев- азыркы муфтий. Анын талапкер катары катталып, бирок муфтий кызматында турушун сындагандар болууда.

“Президенттик же парламенттик шайлоолордо кызматта турган адамдар колунда болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланбасын үчүн кызмат ордун убактылуу тапшырып турушат. Муфтий дагы кызматынан убактылуу четтеп турушу керек болчу. Бирок булардын баары уставда так көрсөтүлгөн эмес, аны оңдош керек. Курултайга келе турган делегаттарды да муфтият чакырууда, бул жагынан алып караганда муфтий өзүнүн колунда болгон административдик ресурсту пайдаланышы мүмкүн”, -деп билдирет муфтияттын ишмердигине байкоо салып жүргөн серепчи Бакыт Нурдинов.

Image caption Бакыт Нурдинов муфтий кызматынан убактылуу четтеп турушу керек эле деп эсептейт

Муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев өз кезегинде муфтийдин убактылуу кызматтан четтетилиши уставда көрсөтүлбөгөнүн билдирүүдө:

“Муфтий өзүнүн кызматын аткара берет. Муфтий шайлоо Аалымдар кеңеши тарабынан түзүлгөн комиссиянын колунда. Ага биздин тиешебиз жок, шайлоого кандайдыр бир таасир этүү мүмкүн эмес”.

Муфтий мусулман электоратынын добушун чогулткан саясий фигурабы?

Диний жана саясий эксперттердин айтымында, муфтий мусулмандардын диний лидери гана эмес, ал саясий фигура деп дагы саналат. Бийлик муфтийликке өзүнүн кишисин коюуга кызыкдар дешет байкоочулар.

Мисалы быйылкы президенттик шайлоону эске алганда, бийлик көпчүлүк мусулман электораттын добушун алуу үчүн муфтийликке талапкерлер менен соодалашуу аракеттерин жүргүзүүдө деген пикирлер да бар.

Image caption Муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев

Ал эми Ислам изилдөө илимий институтунун жетекчиси, диний талдоочу Маметбек Мырзабаев муфтийдин шайланышына таасир эте алган башка дагы күчтөр да бар дейт:

“Кыргызстанда үч чоң жамаат бар. Ошолор дагы өзүнүн кишилерин муфтийликке алып келүүнү каалайт. Ал аркылуу кандай максатты көздөп жатканы баарыбызга маалым. Ушундай жамаатташуунун саясий деңгээлге чыгуусундагы активдүүлүк анча күчтүү эмес, бирок бул көрүнүш өкүм сүрүүдө. Муфтийликке келген ар биринин артында кандайдыр бир күчтөр бар, алар жалгыз болуп келе алышпайт бул кызматка”.

Муфтийликке талапкерлердин кызыкчылыгы эмнеде?

Мирзабаевдин баамында, муфтий болуу чоң иштерге жол ачат. Мисалы муфтий болгон киши диний чөйрөдө авторитеттүү болуп, ал ажылык жана башка муфтияттын финансылык иштерин колуна алат:

“Муфтий саясий фигура болуп эсептелет. Азыр муфтийликтин таасири диний чөйрөнү ашып, кээде саясий чөйрөгө да таасирин тийгизүүдө. Бул кызматка келген диний лидер көпчүлүк мусулмандын ишенимине кирип, андан ары саясий чөйрөгө да барышы мүмкүн, эл аралык иштерде кадыр-баркка да ээ болот. Ал эми азыркы муфтийликке үч талапкердин бирөө материалдык, финансылык кызыкчылыктан улам бул кызматка келүүнү каалап жатат. Экинчиси диний идеологиялык кызыкчылыкка ээ, ал ошону жайылтуу максатын көздөөдө. Үчүнчүсү болсо муфтий болоюн деген жеке кызыкчылыгы бар адам”.

Кыргызстан эгемендүү болгондон бери сегиз муфтий иштеп кетти. Максат ажы Токтомушев азыркы тогузунчу муфтий. Ал үч жылга шайланып, 2014-жылы Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын башчысы болуп келген эле. Ажылыкка квота берүү, коррупциялык жаңжалдар, саясий чөйрөгө аралашуу сыяктуу мисалдар көп жылдардан бери муфтияттын айланасынан кетпей, саясий интригаларга чейин жеткен учурлар да катталган.