Текебаевдин баш коргоо чарасына даттануу соттук өндүрүштөн кыскарды

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калды

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары анын иши Жогорку Сотто каралганына байланыштуу бүгүн анын жанында митингге чогулуп, тарады.

Митингге "Ата Мекендин" мүчөлөрү, Жогорку Кеңештеги депутаттары жана башка тарапташтары келди. "Атамекенчилердин" айтымында, коопсуздук кызматынын тергөө абагында кармалып жаткан Текебаев өзү сотко алып келинген жок. Депутат Алмамбет Шыкмаматов соттун өзү чечим чыгарып койгону мыйзамсыз дейт:

"Сот жок дегенде адвокаттардын пикирин, эмне себептен арызданганын, Өмүрбек Чиркешовичтин жүйөсүн угуп, процедураны сакташ керек эле. Укпай туруп, кирип беш мүнөттүн ичинде чечим чыгарып коюунун өзү - булардын баары уюшулган репрессия, ал аппараттын башында бир адам турганына далил".

Жогорку Сот билдиргендей, бүгүн Текебаевдин адвокатынын көзөмөл даттануусу боюнча материал каралды. Ал эми баш коргоо чарасы тууралуу даттанууга адвокаты кечигип калган. Ошондуктан баш коргоо чаранын туура же туура эместиги каралган жок, көзөмөл арыз өндүрүштөн кыскартылды дейт Жогорку Сот.

Жогорку Сот Шыкмаматовдун "сот беш мүнөттө" чечим чыгарды деген билдирүүсүн жокко чыгарып, процесс 40 мүнөткө созулганын, прокурорго, Текебаевдин жактоочусуна сөз берилгенин кабарлады.

Шыкмаматов эми эл аралык уюмдарга кайрылабыз дейт.

Ал Текебаевдин 2010-жылы орусиялык ишкер Леонид Маевский менен жолукпаганы далилденди, анткени ошол күндөрү Ослодогу эл аралык конференцияда болгон деди.

"Сентябрь" телеканалына жана башка айрым маалымат сайттарына тараган ушул маанидеги берүүлөрдөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Текебаевдин күнөөлөрү далилденди деген билдирүү тараткан. Анын расмий өкүлү Рахат Сулайманов Би-Би-Сиге 2010-жылы Текебаевдин жана Кыргызстандын башка жарандарынын "Мегаком" боюнча коррупциялык жол менен акча алып турганга шарттары болгон деди.

Бүгүнкү митингге чыккандар, акыр аягына чейин барарын айтышып, президентке нааразылыктарын билдиришти. Президент Алмазбек Атамбаев 24-мартта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып өлкөнү олку-солку кылуу аракетиндегилердын баары мыйзам чегинде жооп берет деген.

Өмүрбек Текебаев кылмыш кодексинин "көз боёмочулук" жана "коррупция" беренелери боюнча айыпталып, 26-февралда камалган. Анын адвокаттары 25-апрелге чейин камакта болсун деген Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимине даттанышкан эле.

Текебаевге 2010-жылы орусиялык ишкерди "Мегаком" компаниясынын башкаруусуна киргизип, калкалоочу болуп берем деп андан миллион долллар алган деген айып коюлууда. Депутат менен тарапташтары муну танып, бийликтин репрессиясы катары баалашат.