ӨКМ: көчкү алдында калган үч баланын сөөгү табылды

ӨКМ: көчкү баскан үйдөгү эки наристенин сөөгү табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Өзгөндүн Зергер айыл аймагынын Ничке-Сай айылындагы жер көчкү алдында калган үйдөн үч баланын сөөгүн алып чыкканын маалымдады.

"ӨКМ куткаруучулары тарабынан саат 13:30да башталып, саат 14:00дө эркек баланын сөөгү чыгарылган, ал эми саат 13:32де экинчи баланын денеси табылып казып чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө",-деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Жекшембиде жүз берген жер көчкү кырсыгы бир үйдү басып, бир үй-бүлөдө алты адам көчкү алдында калганы белгилүү болгон. Көчкү коркунучу сакталып, кооптуу болуп жаткандыктан көчкү алдында калган үй-бүлөнүн сөөгүн алып чыгууга мүмкүн болбой жаткан эле. Үй-ээси 29 жашта, жубайы 28 жашта экен. Алардын балдарынын улуусу алты жашта кичүүсү эки жашта болгон.

Бүгүн аталган аймакта өкмөт мүчөлөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда, кырсыктан көз жумган маркумдарга куран окулган. Өкмөт өкүлдөрү каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, акчалай жардам көрсөттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган аймакта көчкү коркунучу бар деп табылып, 90-жылдардын ортосунда эле эскертүү берилгенин айтып чыккан:

"Көчкү алдында калган Эгемкулов Өмүрзактын атасы Эгемкулов Амиракулдун турак үйү жайгашкан жер 1996-жылы 16-майда ӨКМдин адистери тарабынан изилденип, жер көчкү коркунучу бар тилке деп табылгандыктан тез арада коопсуз аймакка көчүрүү зарылдыгы келип чыккан. КР Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-ноябрындагы №374 буйругунун жана №390 токтомунун негизинде жер көчкү коркунучу бар аймактан көчүрүүлүгө тийиш үй-бүлөлөрдүн тизмесине киргизилип, ссуда алып үйүн бузуп Ничке-Сай суусунун оң жээгине турак үй салып көчүп чыгып кеткен. Каза болгон Эгемкулов Өмүрзак атасынын эски үйүнүн ордуна 2010-жылы 2 бөлмөлүү үй салып жашап жаткан",-деп айтылды ӨКМ тараткан билдирүүдө.

Кечээ күнү Ничке-Сай айылындагы көчкү коркунучу бар аймакта жашаган 34 үй-бүлөнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын тигилген чатырларга жайгаштырган.