Дары-дармек баасы кантип көзөмөлдөнөт?

Кыргызстанда дары-дармек баасын мамлекеттик көзөмөлгө өткөрүү аракети көрүлүүдө
Image caption Кыргызстанда дары-дармек баасын мамлекеттик көзөмөлгө өткөрүү аракети көрүлүүдө

Өзбекстанда 200 дарыкана лицензиясынан ажыратылды. Маалыматтарга ылайык, алар чет өлкөдөн келген дары-дармектерди бир баада сатпай, “дары-дармек каражаттарын жакшыртуу тууралуу” жарлыкка баш ийген эмес. Ал эми Кыргызстанда дары-дармек бааларына кандай көзөмөл жүргүзүлүп жатат?

Депутат кезинде дары-дармек баасы жана сапаты тууралуу бир канча ирет маселе көтөргөнүн, ал турсун атайын мыйзам долбоор жазып өтпөй калганын айткан Турсунбай Бакир уулунун Би-Би-Сиге билдиришинче, Кыргызстанда дарылардын баасы акылга сыйбай тургандай кымбат:

“Мен Москвадан келген дарылардын баасын бул жерге салыштырып көрдүм. Бизде үч эсе кымбат. Жөнөкөй дарылардан тарта кымбат дарыларга чейин дээрлик эки, үч, төрт эсе кошулуп сатылат. Уят деген болуш керек. Элдин баары буга муктаж, барыбир алат деп ойлошсо керек алар. Оорубаган адам жок. Ошондуктан баа саясатын сөзсүз көзөмөлгө алуу керек”.

Дарылардын баасы ар кайсы дарыканада ар түрдүү сатыларын белгилүү. Дары бир эле ишканадан же бир өлкөдөн келгенине карабастан аны көчө сайын тизилген аптекалар ар кандай баада сатат. Муну дарыкана ээлери деле четке какпайт.

“Дары баалары ортомчулардан гана көз-каранды. Ар бир аптеканын ортомчусу, алып келген компаниясы ар кандай болот. Бирөөгө кымбат, бирөөгө арзан келет. Ошого жараша баалар коюлат. Дарыкана ээлери деле ашыра коё беришпейт да. Чыгашаларын эсептеп баа коюшат”, - дейт Бишкектеги дарыканалардын биринин ээси Гулзура.

Кыргызстанда дары-дармек сапатын көзөмөлгө алуу жана сапатын турукташтыруу тууралуу жоопкерчилик Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин мойнунда. Бирок алар толук көзөмөлгө алып жатабыз дегени менен дарыканалардын ички баасына кийлигише албайт. Себеби Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ар бир дарыкана жеке ишкерчилик катары каралган.

Image caption Кыргызстанда дары-дармек баасын мамлекеттик көзөмөлгө өткөрүү аракети көрүлүүдө

“Башка өлкөдөн алынып келинген дарыларды каттап, таркатууга, колдонууга сертификат бергенден кийин тиешелүү департамент башка көзөмөл кыла албай калат. Анткени, дарыканалар ишкерчилик тууралуу мыйзамдын ичине кирип калган. Текшерүүгө барсак дагы бир ай мурда кат жазып, анан гана текшергенге укугубуз бар. Түздөн-түз көзөмөлгө алганга укугубуз жок. Анткени алар ишкерлер жана жеке менчик ээлери. Буга байланыштуу биздин жол буулуп калган”, - дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Саматбек Тойматов.

Кошуна Казакстан жана Орусияда дары-дармек баасын мурда Кыргызстан сыяктуу ар бир дарыкана өзү коюп келсе, 2015-жылдан тарта бааларды мамлекет аныктай турган мыйзам күчөнө кирген. Андан бери тыкыр көзөмөл жүргүзгөнүн айткан расмийлер, соңку жылдары дарыканаларда бирдей баалар орной баштаганын белгилешет.

Ал арада Кыргызстан бул мыйзам долбоорлорунан өрнөк алып, “дары-дармек каражаттары” тууралуу мыйзам долбоорун жакында эле даярдап чыккан. Азыр ал парламенттик эксперттер тарабынан тескелүүдө.

“Бизде базар же дүкөн сыяктуу эле аптекалар абдан көбөйүп кетти. Ким эмне алып келип сатып атат аны эч ким билбейт. Булардын баары ирээтке келтирүү үчүн эки мыйзам долбоорун өкмөткө жибергенбиз. Бирөөсү дары каражаттары жөнүндө, экинчиси, медеициналык багыттагы буюмдар жөнүндө. Булар ишке ашып калса дарылардын баасын мамлекет көзөмөлгө алат”, - деп кошумчалады Тойматов.

Дары-дармек сатуу Кыргызстанда кирешелүү тармак катары саналат. Ал турсун, өлкөдөгү эң байлардын катарында менчик дарыкана ээлери турары да айтылып келет.