Райкан Төлөгөнов камакка алынды

Борбор калаадагы дүкөндөр, кеңселер, баалуу буюмдар сатылган жайлар тонолуп, ишкерлер 350-450 млн.сомдун тегерегинде зыян тартты деген бейрасмий маалыматтар бар.
Image caption Борбор калаадагы дүкөндөр, кеңселер, баалуу буюмдар сатылган жайлар тонолуп, ишкерлер 350-450 млн.сомдун тегерегинде зыян тартты деген бейрасмий маалыматтар бар.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновду камакка алып, аны 2010-жылдын апрель окуяларындагы мародерлук иштери боюнча айыптап жатат.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Төлөгөнов тергөө иштери аягына чыкканга чейин коопсуздук кызматынын тергөө абагында кармалат. Төлөгөновдун уулу болсо бүгүн коомчулукка кайрылып, атайын кызматтар тарабынан Текебаевге каршы көрсөтмөлөрдү алуу аракеттери болуп келгенин айтып чыкты.

Райкан Төлөгөновго карата 2010-жылдагы апрель окуяларында “талап-тоноону уюштуруу”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу”, “ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз алуу, берүү, ташуу же алып жүрүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 2010-жылдын 7-апрелинен 10-апрелине чейинки аралыкта кеңселерди, турак-жайларды, анын ичинде Бакиевдин жана анын жакындарынын үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрдү талап-тоноо "Ата Мекен" партиясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз жетекчилиги алдындагы топ тарабынан жасалганы аныкталды. Тергөө тарабынан материалдар жана бул кылмышка катышкан бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынган”,-дейт Би-Би-Сиге Коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Райкан Төлөгөнов тергөө иштери аягына чыкканга чейин коопсуздук кызматынын тергөө абагында кармалат

“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Райкан Төлөгөновдун кармалышын бийликтин саясий куугунтугу катары баалап, демократиялык баалуулуктар коркунучта деп жатышат.

Бул окуя боюнча кармалган экс-депутаттын уулу Иса Төлөгөнов “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары менен бирге коомчулукка кайрылып, Өмүрбек Текебаевге каршы көрсөтмөлөрдү алуу үчүн аракеттер болуп жатканын билдирди:

“Жакында эле атама УКМКдан байланышып, аны коркутушкан. Алар Өмүрбек Текебаев мародерчулукка катыштыгы бар деп арыз жазып бер дешкен. Эгер жазып берсе, агамды түрмөдөн бошотобуз дешиптир. Силерге маалым болгондой, беш жылдан бери ар кандай бурмалоолорду колдонуп, талап-тоноо иштери боюнча иликтөө жүрүп жатат. Төртүнчү жолу кылмыш ишин козгошту. Зарылбек Рысалиев министер болуп турган учурда дагы фактыларды бурмалоо болгону далилденип, тергөөчүлөргө кылмыш иши козголгон. Алар азыр дагы издөөдө жүрүшөт”.

Image caption 2010-жылдын апрель окуяларындагы талап-тоноо фактылары боюнча иштер көп жылдардан бери аягына чыкпай жүрүп, өткөн жылдын экинчи жарымында кайра жанданган эле.

2010-жылдын апрель окуяларындагы талап-тоноо фактылары боюнча иштер көп жылдардан бери аягына чыкпай жүрүп, өткөн жылдын экинчи жарымында кайра жанданган эле. Эгемендик күнүндө Ала-Тоо аянтында сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн талап-тоноого тиешеси бар мүчөлөрүнүн айыбы акыры ашкере болот деген эле:

"Кыргыздын байлыгын, кыргыздын жерин ким сатканы ачылат! Ачылып башталды. Мародерлук да ачылат. Банк ячейкаларын тономой да ачылат. Элдин келечегин кимдер сатып жатканы да ачылат".

Кандуу апрель окуяларынан бери жети жыл өттү. Ошол кезде өлкөдөн чыгып кеткен президенттин жана анын жакындарынын үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрдү жана башка объекттерди талап-тоноо иштери боюнча бир нече кишиге кылмыш иши козголуп, айрымдары отуз жылга чейин абак жазасын алган. Талап-тоноочулук ишти иликтөө учурунда Зарылбек Рысалиев Ички иштер министри болуп турган:

“Талап-тоноого айыпталгандардын 85-90% күнөөлөрү далилденген. Далил материалдардын баары алынган. Бирок бул иштердин аягына чыкпай келгенин баары эле түшүнүп турса керек. Бул иштин алдыга жылышын, ачыкка чыгышын эч ким каалаган жок. Мына талап-тоноого аралашкан Абдулла Юсупов отуз жылга эркинен ажыратылды. Эми ага көрсөтмө бергендер, бул иштердин башында тургандар эгер сот адилеттүү болсо, көп жылдарга абакка кесилет”.

2010-жылдын апрель окуялары маалындагы мародерчулук фактыларына аралашкан деп “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, ушул эле фракциянын мурдагы депутаттары Райкан Төлөгөнов, Болот Шер жана Туратбек Мадылбековдун аттары көп убакыттан бери аталып жүрөт. Бирок алар бир дагы далил жоктугун, бул айыптоолор жөн гана саясий атаандаштарынын ойдон чыгарганы деп айтып келишет.

Жети жыл мурда апрель айында ошол кездеги президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары өлкөдөн чыгып кеткенден кийин алардын Жалал-Абаддагы, Бишкектеги үйлөрү талап-тонолгон. Кийин аларга тиешелүү айрым мүлктөр улутташтырылып, элге билинбегендери башкалардын колуна өтүп кетти деген сөздөр да айтылган. Бул окуя болгон күндөрү борбор калаадагы дүкөндөр, кеңселер, баалуу буюмдар сатылган жайлар тонолуп, ишкерлер 350-450 млн. сомдун тегерегинде зыян тартты деген бейрасмий маалыматтар да айтылып жүрөт.