Бишкекте өтмөктөрдү оңдоо демилгеси нааразылык жаратты

Эки чоң өтмөктүн ишкерлери
Image caption Эки чоң өтмөктүн ишкерлери

Бишкектеги эки белгилүү жер алдынан өтмөктү шаар мэриясы жаркыратып оңдоп-түзөй турганын жар салды. Бул үчүн 20 жалдан бери базарга айланган Абдрахманов-Чүй жана Манас проспекти-Чүй көчөлөрүнүн кесилиштериндеги өтмөктөрдү бошотуш керек. Соодагерлер буга азыртадан эле нааразылыгын билдиришүүдө.

Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери Абдрахманов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер төлөдө эмгектенип келаткан Роза Курманалиева нан тапкан ишинен айрылганы турат. Ал бул жер асты жолдун баштапкы абалы абдан начар болгонун, бирок өзү сыяктуу сатуучулар оңдоп-түзөп алганын айтат:

“Мен бул жерде 1993-жылдан бери иштеп келатам. Алгач биз иштете баштаганыбызда бул жерге араккечтер жатып, кир, караңгы болчу. Канча мээнет менен тазаладык, акырындан чоңойдук, таштандыларга акча төлөп, атайын кароолчу жалдадык. Эгер азыр ремонттоого муктаж болсо аны да өзүбүз жасайбыз. Болгону мэрия бизге тийбесин. Бул жерде иштегендердин бардыгында кредити бар, үйлөрүн койгондор көп, алар эмне көчөдө калабы? Шаардык бийликтин адилеттүү чечим кабыл алышын каалайбыз”, - дейт сатуучу.

Буга окшоп жер төлөдөгү ишкердигинен ажыроо коркунучун айтып чырылдагандар көп. Бишкектин так ортосунда, элдин кыймылы эң көп болгон жерде жайгашкан бул эки өтмөк дээрлик 20 жылдан ашык убакыттан бери базарга айланган. Сатуучулардын айтымында, бул жерде иштегендердин саны 200дөн ашып, өлкө казынасына жыл сайын 10 миллион сомдон ашык кирише алып келет.

Ал арада шаар мэриясы жер төлөлөрдүн эскилиги жетип, суулары ага баштаганын жүйө келтирүүдө. Андан сырткары, бул эки объект тең шаар ортосунда жайгашкандыктан көрктүүрөөк болсун деп ремонт кылганы жатканын түшүндүрүүдө. Алар оңдоо иштери бүткөндөн кийин бул өтмөктөр кайра ишкерлерге конкурс аркылуу берилиши керектигин кошумчалашат.

“Өтмөктөргө ремонт иштери болушу керек. Оңдоо 15-апрелден башталганы жатат. Буюрса жай-күз айларына барып бүтүрүү мерчемделүүдө. Ремонт бүткөндөн кийин аны мурдагы ишкерлер алабы же жаңы сатуучуларга берилеби азарынча белгисиз. Негизи бул конкурстун негизинде өткөрүлөт деп жатабыз”, - деди Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчи орун басары Койчукул Ибраимов.

Мэриянын мындай чечимин айрымдар кубаттаса, кээлери нааразылык билдирип, каршылык акцияларын уюштурууну айтууда.

“Мындай иштер абдан кылдаттык менен пландалышы керек. Ишкерлер менен мэрия тыгыз мамиледе болуп, диалог курушу абзел эле. Баса белгилечү жагдай, оңдоо иштери тууралуу жарлык сатуучулар үчүн кеминде жарым жыл мурда айтылышы керек. Эми деле кеч эмес, эки тарап консенсуска келсе жакшы болот”, - дейт шаар таануучу Атай Самыйбек.

Бишкек шаары боюнча учурда ондон ашуун жер төлө болуп, алардын дээрлик көбү кароосуз. Кээде гана элдер өтүп турбаса, ичи жагымсыз жыттанып, караңгы болуп турат. Ал эми оңдоо пландалып жаткан шаардын чок ортосундагы эки өтмөк калың элдин негизги өтүүчү жолу катары көп жылдар бою иштеп келатат. Андыктан сөзсүз оңдоо керек дегендер бир тараптан чыкса, экинчилери буга караганда муктаж жерлерге акча бөлүнсүн деп нааразы.