Унаа кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды

жеңил унаа

Бишкек-Ош унаа жолунун 574-чакырымында оор жүк тарткан унаа менен жеңил унаа кагышып, үч адам каза тапты.

Ѳлкөнүн Ѳзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык Жалал-Абаддын Сузак районунун аймагында катталып, унаалардын бири өрттөнүп кеткен.

«2017-жылдын 31-март күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алдын ала алынган маалымат боюнча Бишкек-Ош унаа жолунун 574-чакырымында "Бензовоз" унаасы менен "Хонда Фит" унаасы кагылышкан. Жол кырсыгынан өрт чыгып "Хонда Фит" унаасындагы 3 адам күйүп кеткен»,-деп айтылат мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Жол кырсыктары соңку он жылдан бери Кыргызстандагы негизги көйгөйгө айланды. Күн кур койбой унаа кырсыктарынан жапжаш өмүрлөр кыйылып жатканы туралуу маалыматтар чыгат.

Ѳлкөнүн түштүк облустары менен борборду байланыштырган негизги унаа жолунда кырысыктардын көбү катуу ылдамдыктан улам деп айтылып келатат.

Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарга чараларды катаалдаштыруу аракети көрүлүп, бирок азырынча андан да майнап чыкпай келүүдө.

Тектеш темалар