УИАнын президенти А. Эркебаев кызматтан кетерин билдирди

Сүрөттүн автордук укугу google
Image caption Абдыганы Эркебаевдин УИАнын президенти кызматындагы мөөнөтү бүтөөрүнө дагы бир жыл бар.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев академиянын бүгүнкү жылдык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө жаштарга жол берүү үчүн кызматтан кетүү жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди.

Ал УИАнын алдында азыркы кыйын учурда үч жол турганын айтты: кол куушуруп отурбай күрөшүү, кызматка тырмышып, агымдын шарданы менен кете берүү же жаштарга жол берүү.

Биринчи жол, анын айтымында, саясий бийлик менен ачык кармашууга алып келет. Экинчи жол моралдык-этикалык жагынан жараксыз. Ошондуктан ал үчүнчү жолду – жаштарга жол берүүнү тандап алганын айтты.

Абдыганы Эркебаевдин УИАнын президенти кызматынын мөөнөтү бүтөөрүнө дагы бир жыл бар. (KC)