Абдыганы Эркебаев: Жаштарга орун бошотуу керек

Улуттук Илимдер академиясы СССРдин Илимдер академиясынын филиалы катары 1943-жылы ачылган.
Image caption Улуттук Илимдер академиясы СССРдин Илимдер академиясынын филиалы катары 1943-жылы ачылган.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазды. Ал мындай чечими тууралуу академия ишинин беш жылдык жыйынтыгын чыгаруу жыйында билдирди.

Эркебаев академияны сактоо үчүн, бийлик менен күрөшүшүбүз керек же баарына кайыл болуп жүрө бериш керек же болбосо жаштарга жол бошотуу керек, мен үчүнчүсүн тандадым деди.

“Кызматтан кетүү чечимимдин сырткы жана ички себептери бар. Илимди жалпы колдоо болуп жатат, бирок, натыйжалуу, жогорку деңгээлде болбой жатат. Айрыкча каржылоо жагы анча эмес. Экинчиден, илимий чөйрө башкаларга үлгү болушу керек. Биздин көрүнүктүү эле кишилер тар кызыкчылыктарын ойлоп, кызматка жармашып жатышат. 70 жашка чыккандан кийин кызматтан кетип, жаштарга орун берүү керек. Жок, кеткилери келишпейт. Беш жыл колдон келишинче иштеп бердим, ойдогудай деңгээлге көтөрүү үчүн аракет кылдык. Мен табиятымдан кызмат деп суранганды жаман көрөм”, - деди Би-Би-Сиге академик Абдыганы Эркебаев.

Image caption Абдыганы Эркебаевдин кызмат мөөнөтү бүтөөрүнө дагы бир жыл бар.

Абдыганы Эркебаевдин кызмат мөөнөтү бүтөөрүнө дагы бир жыл бар. Бирок ага карабастан академия жетекчилигинен кетем деген арызы жылдык жыйындын негизги темасына айланды. Анын бул чечимине көпчүлүк илимпоздор, жазуучулар дароо эле каршылыгын айтып чыкты. Алар беш жылдан бери иштеп, жумуштун көзүн билип калган жетекчи реформанын аягына чыгышы керек деп эсептешет.

“Академияда болуп жаткан буга чейинки абал белгилүү болчу. Өзү кызматка көтөрүп жаткан орун басарлары тирүү киши отурганына карабастан кызматын талашып, жарым жылдан бери күрөшүп жатышканын көрүп турабыз. Бул кишинин арыз жазганынын экинчи себеби, биздин мамлекетте илимий-техникалык саясаттын жоктугун билгизип жатат. Мунун баары жакшылыкка алып келбейт. Себеби бул киши беш жылда тажрыйба алып калды, реформаны баштады, ошону аягына чейин чыксын”, - дейт академик Жамин Акималиев.

Улуттук илимдер академиясын реформалоо демилгеси 2010-жылдардан бери кызуу талкууланып келатат. Окумуштуулардын эң башкы мекемеси жеген нанын актабай жатат деп, жоюу демилгесин айткандар бир тараптан чыкса, экинчилери, бул мекеме болбосо илим артка кетет деп кыжалат.

Ошентип өкмөттүн, коомчулуктун талабынан улам бул мекеме өзү 2016-жылы структуралык реформаларды баштаган. Жетекчилик иштеп чыккан план боюнча академиядагы 25 институттун ордуна 16 институт түзүү каралган. Ошондой эле бардык чыгымдарды максималдуу азайтуу керектиги да каралган. Бирок ал реформа дале болсо ара жолдо калып, аягына чыкпай жатканы жетекчини кыжалат кылды деп кошумчалайт Акималиев:

“Кептин бардыгы мамлекеттен каражаттын аз бөлүнүп жаткандыгы. Өнүккөн өлкөлөрдө УИАга улуттук киришенин 4-5% бөлүнөт. А бизде болсо 0,01% бөлүнөт экен. Ошондуктан илимпоздордон, академиядан талап кылардан мурда аларга шарт түзүш керек. Жалпы бөлүнгөн акчаны жок дегенде беш эсеге көбөйтүп, андан кийин отчет сураса болот”.

Ал эми Улуттук илимдер академиясынын башкы окумуштуу катчысы, профессор Чолпонкул Арабаевдин маалыматына караганда, академиянын бир жылдык бюджети 300 миллион сомдун тегерегинде. Бул каражат негизинен 200дей кызматкердин эмгек акысын төлөгөнгө жана коммуналдык чыгымдарга гана кетет. Ал эми Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мамлекеттик казынадан каралган каражат жетпейт дешет алар.

Улуттук Илимдер академиясы СССРдин Илимдер академиясынын филиалы катары 1943-жылы ачылган.