Сарпашевге козголгон иштин чоо-жайы

Мамлекттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев Сүрөттүн автордук укугу Www.gov.kg
Image caption Мамлекттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев

Башкы прокуратура Мамлекттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашевге карата кылмыш ишин козгоду. Анда 2013-жылы Сарпашев вице-премьер-министр болуп турганда мамлекетке жана жарандарга материалдык зыян келтирилгендиги айтылат. Сарпашев прокуратуранын келтирген жүйөсүн четке кагып, баары мыйзам чегинде болгон деп ишендирүүдө.

Айтылган иш боюнча Башкы прокуратура, Мамлекттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев жана аталган мекеменин бир канча кызматкерине кылмыш ишин козгоду.

"Кылмыш жаза кодексинин төртүнчү бөлүгүнүн төртүнчү беренеси менен кылмыш иши козголду. Негизгиси Сарпашев ошол убакта мыйзамды бузуп, протоколдук тапшырма берген. Жыйынтыгында тендерден утулган фирмадан бланктарды сатып алууга кийлигишкен. Бул жерде бир эле мамлекетке эле эмес, күбөлүктөрдү алган балдардын ата энесине да зыян келген. Себеби алар чет өлкөгө бара албай, айрымдары депортацияланган",- дейт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Алманбет Абдраманов.

Бирок Тайырбек Сарпашев бул иш кайсы бир деңгээлде саясатташып кеткендигин айтып, жараксыз бланктарга эч кандай тиешеси жок экенидигин айтууда.

"Басмаканадан бланктардын ката чыгып калышына вице-премьер министр жооп бербейт. Бул иш боюнча убагында мен да кайрылгам. Бул иш кайсы бир деңгээлде саясатташып да кетти. Мыйзам чегинде, болгондо да мамлекеттик "Учкун" басмаканасынан сатып алынган. Аны толук айтпай жашырып жатышат. Ал жерде эч кандай жеке компания же фирмадан бланк сатылып алынган эмес. Тендер боюнча айтылып жаткандардын баары тергөөдө такталат. Менин кынтыксыз далилдерим бар"

2013-жылы туура эмес чыгарылган бланктар менен балдарга күбөлүк берилгенден кийин, чет мамлекеттерге барууда бир топ көйгөйлөр чыккан.

Мамлекттик каттоо кызматынын айтымына караганда, ушул жылдын март айына чейин 11 миңден ашуун күбөлүктөр кайрадан алмаштырылган. Сарпашев буга чейин Бакиевдердин Бишкектеги жер тилкеси боюнча чууга байланыштуу кызматынан кеткен.

Тектеш темалар