ЖАК: Жапаровдун абалы канааттандырарлык

Садыр Жапаров

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы расмий сайты аркылуу маалымат таратып, оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров моюнунан жана колунан алган жаратына байланыштуу №47 колониядагы санитардык бөлүмгө алып келингенин тастыктады.

"Бүгүн, 2-апрелде таңкы саат беште Садыр Жапаров кармалып турган Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына мекеменин дарыгерлери чакырылды. Нөөмөттөгү фельдшер кароо өткөргөндөн кийин моюнунан жана сол колунан кесилген жаракатты аныктаган. Жапаровго зарыл жардам көрсөтүлгөн. Өзүн кескилеген факт №1 тергөө абагынын медбөлүмүнүн актыларды каттоо журналына катталды",-деп айтылат расмий маалыматта.

Эрте менен саат жетиде Садыр Жапаров №47 колониядагы санитардык бөлүмгө алып келинип, жаракаттары тигилген. Азыркы учурда хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

"Аны абалы канааттандырарлык, кан басымы туруктуу" деп билдирди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы. Анын абалын сурап адвокаты, Атайын прокуратуранын жана Акыйкатчынын өкүлү кирип чыккан. Алар менен сүйлөшкөн учурда Жапаров №1 тергөө абагынын кызматкерлерине жана тергөө абагында бирге олтурган кишилерге дооматы жок экенин билдирген деп белгиленет расмий кабарда.

Бирок Жапаровдун жакындары аны мындай абалга түрткөн жагдайлардын себебин ачыктап, иликтөө жүргүзүү талабы менен кайрылашарын жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Садыр Жапаров үч жыл чет өлкөлөрдө жүрүп, марттын соңунда Кыргызстанга кайтып келери менен камакка алынган. Ал мындан төрт жыл мурунку Ысык-Көл аймагындагы митингдер боюнча айыпталып жатат. Ал Бишкекке келгенде өзүнүн жактоочулары менен Горький эстелигинин жанында жолугушмак болуп жаткан. Анын кармалганын уккан жактоочулары жапырт УКМКнын имаратына барышып, Садыр Жапаровду бошотууну талап кылышкан. Кийин митинг ызы-чуу менен коштолуп, коомдук тартипти бузду деп бир нече киши кармалган эле.

Тектеш темалар