Атамбаев: Кыргызстанды коргогон ар бир кыргыз жараны - менин мураскерим!

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Сүрөттүн автордук укугу official

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин V жыйыны өтүүдө.

«Анда 2013-2017-жылдарда өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктары каралат. Мындан тышкары өлкөнү 2040-жылга чейинки өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо маселеси талкууга алынат»,-деп кабарлады президенттин расмий сайты.

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш мындан төрт жыл мурун Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен түзүлгөн болчу. Кеңеш сунуш берүүчү орган катары кызмат кылып, ага өкмөт мүчөлөрү жана парламенттеги фракциялардын лидерлери мүчө.

Жыйында сүйлөгөн сөзүндө өлкө Президенти акыркы учурларда кызуу талкууларга жем таштап келе жаткан «мураскер» маселесине дагы токтолду. Күзүндө өтө турган президенттик шайлоого башкаруучу Социал-демократтар партиясы кимди талапкер катары алып чыгат деген маселе соңку учурларда бир топ талкуу жаратып келүүдө.

«Ачык айтайын: мен Кудайдан гана корком. Мен элимдин алдында акмын, Кудай көрүп турат. Мага мени коргой турган, мени сактай турган мураскер кереги жок! Кыргыз элин коргогон, кыргыз тилин коргогон, кыргыздын рухун, кыргыздын тарыхын, кыргыздын маданиятын коргогон, эгемендүү Кыргызстанды коргогон ар бир кыргыз жараны - менин мураскерим! Ар бир кыргыз жараны!»,-деди Президент.

Ал ошондой эле шайлоодо татыктуу талапкерди эл өзү тандап аларын белгилеп, «Бүгүн ушул жерде Президент болом деген бир топ жигиттерибиз отурат. Баарыңарга ийгилик каалайбыз! Кудай колдосун! Бирок, унутпагыла: бийликтин булагы - эл!»,-деп айтты.

Тектеш темалар