Муфтийликке талапкерлер эмне үчүн шайлоого катышпады?

Аалымдар кеңеши муфтийди тандоо үчүн бүгүн жыйынга чогулду
Image caption Аалымдар кеңеши муфтийди тандоо үчүн бүгүн жыйынга чогулду

Аалымдар кеңеши муфтийди тандоо үчүн бүгүн жыйынга чогулду. Азыркы муфтий Максат Токтомушев жалгыз талапкер катары шайлоого катышты.

Кыргызстандын муфтийин шайлоого бир күн калганда дин аалымы Чубак ажы Жалилов менен теолог Ниязали Арипов экөө тең талапкерлигин алып салды. Жалгыз талапкер катары шайлоого катышкан Максат Токтомушев Аалымдар кеңешинен өтүп, эми аны мусулмандар курултайына келген делегаттар бекитип беришет.

Курултайга өлкөнүн жети облусунан эки жүздөн ашык адам катышып, анын курамында дин аалымдары, коомдук ишмерлер, казыятта иштегендер жана диний уюмдардын өкүлдөрү бар.

Image caption Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын муфтийи болуп иштеген

Муфтийликке үч киши талапкерлигин көптөн бери коюп келатып, кече белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов социалдык тармактарда видео кайрылуу жасап, шайлоого катышпай турганын жар салды:

"Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн, оо, жалган мекенде, какканы катуу болсо, кийиз казык жерге кирип турган учурда өзүмдүн ысымымды Азирети муфтийликке талапкерликтен, өзүм каалап койбосом да, алып салууну чечтим. Ыйманга, акыйкатка, элге жана мамлекетке кызмат кылуу кайсы бир орун менен чектелбейт. Молдолуктун окуусун окуган адам сөзсүз эле муфтий болуп кызмат кылуусу шарт да эмес".

Бүгүн болсо дагы бир талапкер, буга чейин Ош жана Баткен облустарынын казысы болуп иштеп келген, теология илимдеринин доктору Ниязали Арипов да шайлоого катышпастыгын айтып, четтеп кетти. Ал мындай кадамга азыркы муфтийди колдоо максатында барганын билдирди.

Чубак ажы адилетсиз жарыш болгонун айткысы келдиби?

Ислам изилдөө илимий институтунун жетекчиси, диний талдоочу Маметбек Мырзабаев дин аалымдары эмне үчүн шайлоонун босогосунда талапкерлигин алып салганын мындайча чечмелеп жатат:

"Талапкерлигин алып салуу алардын жеке иши. Менин оюмча алар өздөрүнүн шайлануу, шайланбоо мүмкүнчүлүктөрүн карап, ошого жараша чечим кабыл алышты окшойт. Анын үстүнө азыркы муфтийдин кызматта турган артыкчылыктарын да эки талапкер эске алды деп эсептейм. Ал эми Чубак ажы өзүнүн видео кайрылуусунда адилетсиз жарыш болуп жатканын айткысы келгендей таасир калтырды".

Президенттин ишараты

Өткөн жуманын аягында президент Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовду жана муфтий Максат ажы Токтомушевди кабыл алып, өлкөдөгү диний кырдаал боюнча сүйлөшкөн. Дин таануучулар бул сүйлөшүүнү президенттин азыркы муфтийди колдоорун, кийин да аны менен иштешүүгө даяр экенин билдирген кыйыр түрдөгү ишараты деп чечмелеп жатышат.

Сүрөттүн автордук укугу PRESIDENT.KG
Image caption Өткөн жуманын аягында президент Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовду жана муфтий Максат ажы Токтомушевди кабыл алды

Максат ажы Токтомушев муфтийлик кызматка үч жыл мурда келген. Бул убакытта ажылыкка квота берүү, кадрдык саясат, имамдардын деңгээли боюнча маселелерди чечүүдө анын жакшы жылыштар жасай албагынын, диний лидер катары Кыргызстандагы аалымдардын башын бириктирип, алар менен жеткиликтүү деңгээлде иштеше албагынын диний серепчилер көптөн бери айтып келишет.

Айрыкча жамаатташып бөлүнүү, жердешчилик, коррупциялык жаңжалдар, саясий чөйрөгө аралашуу сыяктуу көрүнүштөр муфтияттагы талылуу маселелер катары элдин көп талаш-талкуусуна алынган.

"Кадр маселесин ала турган болсок, казияттарда иштегендерди, баш имам-хатибдердин кээ бирлерин иштен кетире алган жок. Анткени алар терең "тамырлашып" алышкан. Андан тышкары муфтияттагы жамаатташуу маселесин да чече албады, ага күчү жетпеди. Ажылык маселесин айтпай эле коеюн. Үч жыл иштеп кайра шайланган муфтий алдыдагы жылдарда олуттуу өзгөрүүлөрдү жасай алабы, аны билбейм", - дейт диний серепчи Бакыт Нурдинов.

"Үч жылда чоң өзгөрүүлөр болду"

Муфтийдин орун басары Акимжан Эргешов өз кезегинде Максат ажы Токтомушев кызматка келгенден бери бул кызматта көп өзгөрүүлөр болгонун мындайча айтып берди:

"Үч жыл ичинде буга чейин болуп көрбөгөндөй реформалык кадамдар жасалды. Мисалы, Аалымдар кеңешинин жогорку орган катары көз карандысыз болуп, төрагасы шайланды. Коргоо кеңеши кабыл алган дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы боюнча тапшырмаларды ишке ашырып, имамдардын билимин жогорулатуу үчүн токтоосуз окутууларды өткөрдүк. Ажылык маселесин ачык-айкын кылып, элдин алдына чыгардык. Мына ушул сыяктуу бизде бир канча реформалык өзгөрүүлөр бар".

Image caption Кыргызстан эгемендүү болгондон бери сегиз муфтий алмашты. Максат ажы Токтомушев азыркы тогузунчу муфтий

Байкоочулардын баамында, муфтий мусулмандардын диний лидери гана эмес, ал саясий фигура деп дагы саналат. Бийлик муфтийликке өзүнүн кишисин коюуга ар дайым кызыкдар болуп келген дешет байкоочулар.

Мисалы быйылкы президенттик шайлоону эске алганда, көпчүлүк мусулман электораттын добушун алуу үчүн бийлик муфтийликке өзүнүн адамын алып келүү аракетин көрүүдө деген пикирлер да бар.

Кыргызстан эгемендүү болгондон бери сегиз муфтий алмашты. Максат ажы Токтомушев азыркы тогузунчу муфтий. Ал 2014-жылы Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын башчысы болуп келген.

Тектеш темалар