Кыргызстанда оппозиция деген кимдер?

Жогорку Кеңеш Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Бүгүнкү күнү Кыргызстандагы оппозициянын жүзү бир беткей, бир өңчөй эмес. Анын үстүнө, барган сайын өлкөдө оппозиция ролун парламент ичиндеги жана сыртындагы дагы саясий күчтөрдөн көрө жарандык активисттер көбүрөөк аткарып калгандай.

Кыргызстандагы оппозициялык күчтөргө сереп салган берүүлөр түрмөгүн сунуштайбыз. Биринчи макалабызда Жогорку Кеңештеги оппозициялык күчтөр кимдер дегенге сереп салабыз.

Ар дайым оппозициядагы «Ата Мекен» же парламенттеги оппозиция жүзү «Ата Мекенби»?

Кыргызстандагы Жогорку Кеңеш ичинде 2016-жылдын 3-ноябрында түптөлгөн көпчүлүк коалициядан сырт калган үч фракция: «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Республика Ата Журт» фракциясы парламенттеги оппозиция эсептелет.

Бул үчөөнүн ичинен бийликке ачык жана курч сын айтып чыккан «Ата Мекен» партиясынан ашынган оппозиячыл фракция парламентте жок десек да болот. Учурда камакта жаткан партия лидери, Жогорку Кенештин алты чакырылышынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин «түбөлүк оппозициячыл» деген каймана аты дагы бар. Ошентсе да, юридика илиминин доктору, тарых илимдеринин кандидаты Бекбосун Бөрүбашевдин баамында классикалык түшүнүк менен алганда Текебаевди азыркы бийликке карата оппозиция катарына кошконго болбойт.

«Эмне үчүн? Бүгүнкү Кыргызстан, Кыргызстандагы көйгөйлөрдүн баарысы ошол Текебаев иштеп чыккан, таңуулаган Баш мыйзамдын негизинде жашап жатат. Ал өзү түзгөн системага өзү каршы чыга албай жатат. Керек болсо мойнуна ала албай атат. Андыктан биз аны саясий оппозиция деп айта албайбыз. Бийлик талашкан киши деп айта алабыз. Классикалык түрдө бүгүнкү, азыркы бийликке Текебаев оппозиция боло албайт. Анткени ушунун баарын өзү түзгөн, өзү калыптандырган», - дейт саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев.

Серепчинин пикиринде, «оппозиция, бул - расмий бийликке карата өзүнүн көз карашы менен айырмаланган, коомду өнүктүрүүнүн башкача жолун сунуштаган саясий күч». Партиялык багыт өңүтүнөн алып караганда деле «Ата Мекен» идеологиялык жактан учурда бийликтеги КСДПга эң эле жакын турган партия эсептелет. Себеби, "Ата Мекен" жана социал-демократтар жалпы солчул либералдык идеологияны тутунушат. А бирок, де-факто, учурда эки партия лидерлеринин тирешинен улам, бийлик-оппозиция болуп эки жээкте иш алып барышууда.

Быйыл 26-февралда Текебаев орусиялык ишкер Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде «Мегаком» ишканасына байланыштуу коррупция жана көз боемочулук айыптарынын негизинде «Манас» аба майданынан кармалган.

Жогорку Соттун чечими менен «Ата Мекен» лидери 25-апрелге дейре камакта калтырылды. Текебаевдин тарапкерлери муну бийликтин оппозицияга карата басымы деп баалады.

Анткен менен Президент Атамбаев бул жерде эч кандай саясат жоктугун, болгону коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын буга чейин 28-февралда айткан эле.

«Ата Мекен» менен КСДПнын саясий каршылыгы 10-декабрда ишке ашкан конституциялык реформадан кийин курчуган мүнөзгө өттү. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев реферундумга чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экенин айтып, «бийликти узурпациялоо аракетин токтотууну өз милдети» - деп билерин жарыялаган. Кыргызстандын Баш мыйзамынын авторлорунун бири Текебаев, эгерде Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынса, бул премьер-министрдин авторитаризмине алып келет деген. Бирок, өзгөртүү-толуктоолорду сунуштагандар, бул жердеги негизги максат - өлкөдө аткаруу бийлигин жана парламентаризмди күчөтүү деген жүйөөлөрүн келтиришкен.

«Өнүгүү-Прогресс» кантип оппозицияга айланды?

Жогорку Кеңештеги экинчи оппозициялык күч, бул - «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы. 2015-жылкы шайлоодо парламентке өткөн «Өнүгүү-Прогресс» кийин КСДП, «Кыргызстан», «Ата Мекен» менен катар коалициялык көпчүлүк курамына да кире алган.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Бирок бийликтеги фракция демилгеси менен 2016-жылы октябрда парламенттик көпчүлүк альянсы жыдыгандан кийин, жаңысына илинген эмес. Буга чейинки Жогорку Кеңеште иш алып барган бир жыл ичинде бийликке олуттуу деле сын айтпаган «Өнүгүү-Прогресс» коалициядан «Ата Мекен» менен кошо сүрүлүп чыккандан кийин аз-аздан бийликке сындар менен чыга баштады десек болот. Айталы, Конституциялык реформалар алдында 15 берене боюнча өз сунушу менен чыгып, бирок ал аракеттери жоопсуз калгандан кийин нааразыланганы бар.

Текебаевдин камакка алынышы боюнча Жогорку Кеңеште чукул жыйын куруу демилгесин көтөрүп, бирок колдоо таппаган «Өнүгүү Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 1-мартта парламентти тарап кетүү сунушун да айткан эле. Көп өтпөй эле анын бул билдирүүсү боюнча өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жооп кылып, 7-мартта мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде:

«Өткөн аптада депутат Бакыт Төрөбаев өзүнүн кесиптештерине кайрылып айтты, тарап эле кетпейлиби деп. Ал мародер акесине ичи күйүп-бышып жардам берейин деп сүйлөдү. А бирок мен анын сунушун колдойт элем да, ачыгын эле айтайын. Депутаттарга да кайрылат элем. Урматтуу депутаттар, карга карганын көзүн эч качан чукубайт. Эми эл бузарларды, мародерлорду тайраңдатып коюп, балыктай болуп тымпыйып карап отургуча тарап эле кетпейсиңерби Бакыт Төрөбаевди колдоп», - деп айткан эле.

А бирок серепчилер «Өнүгүү Прогресс» лидеринин бул билдирүүсү президенттик шайлоо алдында упай топтоо аракети болушу мүмкүн деп да чечмелешти.

«Парламенттеги башка партияларга салыштырмалуу жаңы, жаш эсептелген "Өнүгүү -Прогресс" партиясы соңку окуяларда бир аз «Ата Мекенге» жан тартканы менен, жаңы, жаш партия өзүдөрүнүн шайлоо өнөктүгүнө карата шамал кайдан соксо, ошол жакка карап кетип жатышат. Маселен, эгер оппозициячыл маанайда көбүрөөк сүйлөш керек болсо, ошондой кылышат.

Түптүү кандайдыр бир терең мааниге ээ болгон, оппозиячыл ойду карманганына күбө боло элекмин», - дейт Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев.

Бийликке ыңгайлуу оппозиция

Эл арасында парламенттеги «чөнтөк», ал эми саясат тануу илиминин сөзү менен айтканда «лоялдуу оппозиция» деп эсептелген ««Республика-Ата Журт» партиясы деле оппозициялык милдетин аткарат дегенге болбойт», -дейт Эмилбек Жороев.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

"Республика-Ата Журт" партиясы андан бетер ошондой. Азыркы түрүндө оппозиячыл деген атка жарабай турган партия. Эсиңизде болсо, акыркы жолу коалиция түзүп жатканда көпчүлүк "Республика-Ата Журт" бийликке келиш керек деп күткөн болчу. Бирок ал партиянын, өзгөчө анын лидеринин калькуляциясында, өтө прагамматикалык эсептөөлөрүнө караганда бийликке кирүү алар үчүн пайдалуу эмес болду. Сыртта калуу бир аз эркиндик берет, сын керек болгондо сын айтууга мүмкүнчүлүк берет.

Бирок ошол эле убакта бийликчил партияларга, өзгөчө Социал-демократтарга лоялдуу түрдө калабыз деген милденттенме беришип оппозиция атына конуп жүрүшөт. Бирок оппозициялык бир сөз айтканын байкай элекпиз», -деди саясат талдоочу Эмилбек Жороев.

Кыргызстанда быйыл 17-ноябрга президенттик шайлоо белгиленди. Буга чейин өлкө башчылыкка дымагын бир нече саясатчылар билдиргенге жетишти. Алардын арасында парламенттеги жогоруда сөз кылган эки фракция «Өнүгүү-Прогресс» жана «Республика-Ата Журт» фракция лидерлери да бар. Президенттик мөөнөтүндө акыркы жолу жыл жыйынтыгын чыгарып жатып, былтыр 1-декабрда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Бабанов менен Төрөбаевдин бирөөсүн президент катары көрөрүн билдирген болчу.

«Азыр «оппозиция» десе кашаадан скирип өтөм деген же элди митингге чакыргандар эске келет. Чынында, бүгүнкү күнү парламентте акыл-эстүү оппозиция түптөлүп атат. Ал жакта Бабанов менен Төрөбаев ыраттуу иш алып барышууда. Алардын бирөө, экөө тең президенттикке талапкерлигин коюшат деп ойлойм. Алдын ала айтып болбойт, бизде кырдаал тезинен өзгөрүп турат, бирок экөөнүн бирөө президент болсо тан калбайм», - деген эле Атамбаев 2016-жыл этегинде.

Андан бери президент аталган партияларга карата лоялдуулугун жогото элек. Серепчилер бул көрүнүштү ар кандай чечмелеп, баа берип келишет. Айталы, саясат талдоочу Сейтек Качкынбайдын пикиринде, бийликке учурда оппозиция тараптагы каршылаштарынын санын көбөйтүү пайдасыз.

«Ар бир аймактык өзүнүн таасирдүү лидерлери бар эмеспи. Ошол таасирдүү лидерлерге көп тийишкен жок да. Мисалы, эгерде Атамбаев бүгүн Бабановго дагы, Төрөбаевге дагы тийише турган болсо, же экөөнүн тарапкерлерине кылмыш ишин козгоп же камап, анда бул эки партия дагы мобилдешип каршылыгын көрсөтсө, анда булар толугу менен бийликти аңтарып түшүү шансы өтө чоң болуп калат», - деди Сейтек Качкынбай.

Тектеш темалар