Камактагы Садыр Жапаровдун коопсуздугуна кооптонуулар

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Садыр Жапаров
Image caption Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Садыр Жапаров

“Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы камактагы Садыр Жапаровдун коопсуздугу жөнүндө маселени териштирүүнү өтүнүп, Жогорку Кеңешке кайрылды. Саясатчы Адахан Мадумаров Жапаровдун өзүн кескенине ишенбей, саясатчыларды үн катууга чакырды. Жаза кызматы Садыр Жапаров өзүнө өзү кол салган дейт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жаза аткаруу кызматынын ооруканасында жаткан Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова жолдошуна кире албайт жатканын айтууда. Ал Жапаров өзүнө кол салбайт эле деп жатат.

“Кириш үчүн уруксат кагазына тергөөчүнүн колу керек экен, ал кол коюп бербей мен кире албай жатам. Садырдын абалы кандай болуп калганын өзүм биле албай жатам. Мойнунан, колунан кесилген экен деп жатышат, ошону кантип өз үй-бүлөсү көргөнгө болбойт, мен ошону түшүнбөйм”, - деди Жапарова.

Садыр Жапаровдун жактоочусу Аким Токталиев маалымат каражаттарына тергөө абагында Жапаровдун колу менен тамагынын кесилишин күч органдарынын коркутуусу, басымы деп айтууда. Бирок муну Жаза аткаруу кызматы четке кагат.

Садыр Жапаровдун окуясы боюнча парламентти, саясатчыларды үн катууга чакырган саясатчы Адахан Мадумаров Садыр Жапаров өзүнө кол салганына ишенбейт.

“Садыр Жапаров өзүн өзү кескилегенине мен ишенбейм, ал акылы соо киши го. Жөндөн жөн туруп эле өзүн өзу кескилеп жибереби? Эмне себеп болду, ошончолукка барууга эмне түрткү берди? Эми ошону иликтей турган мамлекет бар да. Эртең президент болобуз деген саясатчылар кайда? Жогорку Кеңештин үнү кайда?”.

Садыр Жапаров окуя болгон күнү тергөө абагындагылар да, башкалар да күнөөлүү эмес экенин айтып, өзүнө өзү кол салганын билдирди. Бул анын жакындары, баласы камалган азыркы кырдаалга нааразылыгы, көңүл бурдуруу аракети экенин айтты.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф Жапаровдун окуясы боюнча кызматтын атайын бүтүмү жок экенин билдирип, Жапаровдун айткандары боюнча өзүнө өзү кол салган деп жатат.

Image caption Саясатчы Адахан Мадумаров өлкөдөгү соңку саясий окуялар боюнча парламент, саясатчылар, интеллигенция үн кошуш керек деди

“Биздикилер ички териштирүү жасашат. Бул боюнча жетекчилик жана кызматкерлер чара көрүүдө. Жапаров менен бир камерада үч киши отурат, эртең менен турганда медициналык жардамды ошолор чакырган. Алар кылмыш чөйрөсүнөн эмес, кайсы кылмыш боюнча отурушканын айта албайм. Жапаровдун абалы канааттандыраарлык, сүйлөп жатат, кечээ келгендердин баарын кабыл алды. Кан басымы жакшы”, - деди Никсдорф Би-Би-Сиге.

Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев 3-мартта Бишкекте өткөн жыйында, элге кайрылып жатып, “келип, тополоң салгың келсе, сени өлкөнүн тергөө абагы күтөт, эшиктери ачык” деди.

Парламенттеги оппозициялык фракция “Ата Мекенден” депутат Алмамбет Шыкмаматов бул маселени талкуулоону Жогорку Кеңешке сунуштайбыз деди:

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Кыргызстандын Жогорку Кеңеши

“Ал эми Жогорку Кеңеш муну күн тартибине коёбу койбойбу башка маселе. Анткени оппозициянын сунуштары күн тартибине өтпөй калууда. Садыр Жапаровдун абакта болгон окуясы парламентте сөзсүз каралыш керек. Анткени анын саясатчы экени, жеке ишмердиги саясат менен байланышканы, оппозициялык маанайдагы саясатчы экени талашсыз”.

“Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы Бишкектеги биринчи тергөө абагында камакта жаткан Садыр Жапаровдун коопсуздугу жөнүндө маселени териштирүүнү өтүнүп, Жогорку Кеңешке кайрылды.

Садыр Жапаровдун жакындары окуяны адилет териштирүүнү, Жапаровду үй камагына чыгарууну өтүнгөн кайрылуу даярдаганын айтышууда.

Мурдагы депутат Садыр Жапаров 25-мартта Казакстандан Бишкекке келгенде кармалган. Тергөөнүн аягына чейин камакта калтырууну чечкен райондук сот аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан Бишкектин 1-тергөө абагына жиберген.

Мурдагы чакырылыштын депутаты, оппозициячыл Садыр Жапаровго 2013-жылы Кумтөр боюнча уюштурулган Ысык-Көлдөгү митингдерден кийин кылмыш иши козголгон. Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча айыпталган Жапаров үч жылдан бери сыртта жүргөн.