Максат ажы Токтомушев кайрадан муфтий болуп шайланды

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Максат ажы Токтомушев муфтий шайлоого жалгыз талапкер катары катышты

Бүгүн Бишкекте өткөн Кыргызстан мусулмандарынын алтынчы курултайында өлкөнүн жети облусунан келген эки жүздөн ашуун делегаттардын көпчүлүгү Максат ажы Токтомушевди колдоп добуш беришкен.

Кыргызстандын муфтийин шайлоого бир күн калганда дин аалымы Чубак ажы Жалилов менен теолог Ниязали Арипов экөө тең талапкерлигин алып салып, ал жалгыз талапкер катары чыккан эле.

Максатбек ажы Токтомушев 2014-жылы муфтийлик кызматка келген эле. Үч жылдык мөөнөтү аяктагандыктан кайра шайлоо өткөрүлдү.

Тектеш темалар