Кутунаев: Биз баарыбыз мындай каргаша болбосун деп тилейбиз

Учурда Орусияда 700 миңге жакын кыргызстандык мигранттар эмгектенип жүргөнү белгилүү. Анын ичинде, Санкт-Петербургдагы кыргыздар 25 миңдин айланасында. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Учурда Орусияда 700 миңге жакын кыргызстандык мигранттар эмгектенип жүргөнү белгилүү. Анын ичинде, Санкт-Петербургдагы кыргыздар 25 миңдин айланасында.

Учурда Орусияда 700 миңге жакын кыргызстандык мигранттар эмгектенип жүргөнү белгилүү. Анын ичинде Санкт-Петербургдагы кыргыздар 25 миңдин айланасында.

Санкт-Петербургдагы метродогу жардыруу боюнча Россиянын Тергөө комитети теракт беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Эми бул окуянын арты менен кыргызстандык мигранттарга жергиликтүү бийликтин, элдин мамилеси бузулбайбы деген кабатыр ойлор кыргыз мигранттарында болбой койгон жок. Алар метродо болгон жардырууну өтө кооптонуу менен кабыл алып жаткандыктарын Би-Би-Сиге айтып беришти. Биз Ленинград областындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Кочкорбай Кутунаев менен соңку абал боюнча маектештик.

К. Кутунаев: Санкт-Петербург шаарындагы теракттан кийин көз караш азырынча мурдагыдай эле, эч кандай өзгөрүү жок десе да болот. Бирок эки-үч күндөн кийин чыныгы көз караштар билине баштайт деп ойлойм. Себеби, метродо жүргөн инилер менен эртең менен жолугуштук, баардык адамдар жакшы эле мамиле кылып жатат дешти. Ошондуктан азырынча баары жайында деп турабыз. Бирок бул жактын телеберүүлөрүндө чындыгында Кыргызстандын жараны жардыргандыгы аныкталды деген толук маалымат чыга элек. Ошондуктан биз, Кыргызстандын жараны жардырды деп айта албайбыз. Биздин Орусиядагы жердештерибиз, Орусиянын жарандыгын алган кыргыз мекендештерибиз мындай нерсе чындыгында туура эмес деп эсептейбиз. Элдин бизге болгон көз карашы бузулат, баардык жагынан бизге жаман жагы билинет. Биз баарыбыз мындай каргаша болбосо деп тилейбиз.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Жардыруу дүйшөмбү күнү болжолу саат 14:40та орун алган. Соңку маалыматтарга караганда 14 киши каза таап, 51 киши ооруканага түштү. Санкт-Петербургда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Би-Би-Си: Жергиликтүү элдин маанайы же болбосо көз карашы эки-үч күндөн кийин так билинет деп айтып калдыңыз, ошондо кесепети тийбеш үчүн сиздер эмне аракеттерди кыласыздар?

К. Кутунаев: Санкт-Петербург шаарында "Улуттар үйү" бар. Кесепети тийбеш үчүн баардык өлкөлөр менен биргеликте ошол жерде чогулуштар өткөрүлөт. Биз диаспоралардын өкүлдөрү, администрация жетекчилерине туура маалыматты жеткиргенге аракет кылабыз. Чындыгында мындай түшүнбөстүк, көз караштар болбошу керек. Мындай адамдар ар бир эле улутта болот да. Улуттун жаманы болбойт, адамдын жаманы болот дегендей нерселерди биз айтып, түшүндүрүү иштерин жургүзүүбүз зарыл. Биз атайын газета түрүндө дагы кабар бердирсек деп чечтик.

Ар бир теракт, уруш-талаш болгондон кийин сөзсүз чоң базарларда, элдер массалык түрдө топтолгон жерде ОМОН, милиция тарабынан текшерүүлөр аябай жүргүзүлөт. Эртең менен өзүм көрдүм, шектүү, караңгылатылган машиналарды токтотуп текшерип жатат. Акыркы күндөрү мындай көз караш байкалбай да калды эле. Эми кайра бир-эки жумага чейин ушундай күчөтүлгөн көзөмөл болот.

Би-Би-Си: Санкт-Петербургдагы кыргыздардын жалпы саны канча, расмий каттодо турганы да турбаганы да болсо керек?

К. Кутунаев: Санкт-Петербург шаарында Федералдык каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 25 миңден ашуун биздин мекендештер катталган. Андан сырткары катталбаганы канча экенин айтыш кыйын, бирок андайлар да жок эмес.

Тектеш темалар