Кыргызстандын киберчабуулдан коргонуу аракети

Киберчабуулга каршы аналиткалык борбор чет жердик адистер менен иштешээри айтылган
Image caption Киберчабуулга каршы аналиткалык борбор чет жердик адистер менен иштешээри айтылган

Өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети киберкоопсуздук боюнча мамлекеттик масштабдагы иликтөө баштоодо. Андан мурда киберчабуулга каршы аналитикалык борбор ачылып жатканы кабарланган.

Бул иликтөө менен алар Кыргызстанда киберкоопсуздуктун абалын, коркунучтун түрлөрүн билгенге аракет кылышат. Анын жыйынтыгы менен санарип айдыңындагы коопсуздукту сактоонун стратегиясы жазылат, коомдо киберкоопсуздук маданиятын өнүктүрүү каралат, мыйзам базасы түзүлөт жана технологиянын жардамы менен тобокелдиктердин алдын алат.

Андан мурда Бишкектеги Мамлекеттик техникалык университеттин алдында киберчабуулга каршы аналитикалык борбор ачылып баштаган.

Комитет төрагасынын кеңешчиси Кубаныч Шатемиров бул чаралардын зарылдыгын мурда кирберчабуулга кабылган мамлекеттик органдардын, финансылык мекемелердин - банктардын окуялары менен түшүндүрдү:

'Аналитикалык борбордун максаты ошол өңдүү көрүнүштөр менен күрөшүү. Борбор сунуштарды, киберкоркунучтарга каршы күрөшүү усулдарын иштеп чыгат. Ал жерде эксперттер жана илимпоздор иштешет. Ал эми каршы туруунун техникалык жагы биздин комитеттин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жоопкерчилигинде болот. Бул чөйрөнүн коопсуздугун сактоо үчүн мыйзам базасын да иштеп чыгабыз'.

Комитеттин төрагасы буга чейин аналитикалык борборду ачуу боюнча орусиялык адистер менен иштеп жатышканын билдирген.

Image caption кмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети киберчабуулдан коргонуу чараларына көп каражат керек дейт

Технология жаатында иш алып барган Ulutsoft компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов кирберчабуул эки тармакка көп жасалат дейт. Биринчиси, акча алуу максатында финансылык мекемелерге, экинчиси, маалыматын жеке кызыкчылыгына же компромат катары колдонуу үчүн мамлекеттик органдарга кол салынат.

Окенов Кыргызстанда жеке мекемелердин же кирешелүү ишканалардын технологиясын жаңыртууга, күчтүүлөрүн колдонууга мүмкүнчүлүгү болсо, мамлекеттик органдарда андай шарт жок дейт. Мисалы, акыркы окуялардан, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин сайтына чабуул жасалган. Окенов ал ачык коддун негизинде, башкача айтканда, акысыз түзүлгөн, хакерлер үчүн эң эле жеңил бута эсептелген сайт эле деди.

Мирбек Окенов андыктан мамлекеттин бул багытка көңүл бурушу маанилүү дейт:

“Сунуш иретинде бир документ даярдалса жакшы. Мисалы, купуя маалыматты gmail.com же mail.ru өңдүү жеке почтаңардан жибербегиле, тигиндей же мындай критерийлерден өткөргөн соң жибергиле деген көрсөтмөлөр болуш керек. Биздин мекемелер ошол документтин негизинде иштесе, жок дегенде бир кадам алдыга жылган болор эле”.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы киберкоосуздукту сактоо үчүн жасалып жаткан жогорудагы иш-аракеттерге көп акча керек экенин айткан.

Маалыматтык технологиялар боюнча адистер да муну жакшы билишет. “Биздин мурас” коомдук фондунун башчысы Чоробек Сааданбек чабуулчулар колдонуучунун эң эле жөнөкөй каталарынан пайдалынат деп, адегенде маселени төмөнкү жагынан чечүүнү туура көрөт. Анын пикиринде, кодонуучулардын сабатын арттыруудан баштоо арзан да, жемиштүү да болмок.

Image caption Маалыматтык технология тармагынын адистери санарип айдыңындагы чабуулдан коргонуу үчүн адегенде колдонуучунун сабаты маанилүү дешет

“Киберкоопсуздукту камсыздоонун эки жагын айтсак болот, биринчиси, технологияны өнүктүрүү, экинчиси, колдонуучулар. Хакерлер маалыматтык системага көбүнесе колдонуучулардын сыр сөздү алмаштырып туруу, кайсы бир дарекке кирбөө өңдүү жөнөкөй каталарынан пайдаланып киришет. Ошондуктан адегенде колдонуучулардын киберкоопсуздук боюнча сабатын жоюу бизге утуш алып келмек”.

Чоробек Сааданбек колдонуучулар үчүн азыр фейк маалыматтар да кооптуу болуп жатканын белгилеп, андан сактанууга кымбат технология эмес, адамдын критикалык ой жүгүртүүсү гана жардам бере аларын кошумчалады.

Ал ошондой эле киберкоопсуздукту көзөмөлдөгөн тараптын колуна маалыматтын баары түшөрүн белгилеп, тендерсиз эле орусиялык адистердин аралашуусу тынчсыздануу жаратат дейт.