Интернеттеги экстремисттик тузак

Интернет Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Кыргызстанда жергиликтүү эксперттер тобу өлкөнүн сегиз аймагында иликтөө жүргүзүп жаштарды интернет аркылуу экстремизмге эң көп азгырган сайттарды аныкташты.

Иликтөө жыйынтыктары көрсөткөндөй жаштар көбүнчө YouTube видео-хостинги аркылуу азгырыктарга кабылат. Андан кийинки эле орунда Facebook, Instagram, Twitter,WhatsApp, Telegram, Imo турат дейт иликтөөчүлөр.

Кооптуу аймактар

Борбор Азиядагы Тынчтыкты куруу жана медиатехнологиялар боюнча мектептин директору Инга Сикорская:

"Виртуалдуу мейкиндикте жаштарды кайсы каналдар аркылуу азгырышат? Иликтөө үчүн «фокуска кайсы аймакты алабыз деген суроо турган эмес,-деди. -Биз отчет жазып жаткан маалда ИИМдин расмий статистикасы боюнча 500 чакты адам сыртка чыгып кеткени белгилүү эле. Кыргызстандан согуштук аракеттер болуп жаткан аймактарга негизинен Жалал-Абад облусунда Базар-Коргон, Сузактан, ал эми Ош аймагынан Араван, Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат райондорунан, Ысык-Көлдөн болсо Жети-Өгүздөн, ал эми Чүйдө Жайыл районунан жарандар көп чыгышат экен. Биз бул жакта жашаган 16-32 жаштар чамасында жаштарды респондент кылып тандап алдык» -деди Инга Сикорская.

Иликтөө былтыркы жылдын декабрь айында жүргүзүлүп, жалпысы болуп сурамжылоого 105 киши катышкан. Алар негизинен жаштар. Жоопторду анализдей келгенде жаштардын 8% гана жихад жана радикалдашуу тууралуу маалыматы жетишсиз болгондуктан, социалдык тармактар аркылуу таратылган экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарга ишенсе болобу же жокпу буйдалып жооп бере алышкан эмес. Калган 61% пайызы интернеттеги маалыматтарга ишене турганын, дагы 31% аларга мындай маалымат «жөн эле кызык болгондуктан» көңүл бурарын айтышкан.

Иликтөө жыйынтыгы Кыргызстанда экстремисттик мүнөздө маалымат жаштарга эң эле көп YouTube видео-хостинг аркылуу таратыларын көрсөттү.

Жаштарды азгыруу ошондой эле Facebook аркылуу да жүрөт, бул жерде радикалдар жаштарга экстремисттик сайттарга, форумдарга шилтеме берип, көбүнесе тактикалык маалыматтарын ыкчам бөлүшүү үчүн колдонушат.

Интернетти чектөө менен маселе чечилбейт

Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock

Жаштар Интернетте экстремисттер торуна орусиялык социалдык желелер аркылуу да түшүүдө. Одноклассники, ВКтонтакте платформалары аркылуу Орусияда иш алып барган мигранттарга басым жасалат. Бул жерде жихад тууралу орус тилинде видео таратылат.

Ошондой эле Instagram жана Twitter аркылуу Борбор Азия жана Кыргызстандан Сирияга барган жарандардын сүрөт-видеолору көрсөтүлүп, слайд-шоулар байма-бай жүктөлүп турат.

Азгыргычтар улам жаңысы чыгып турган заманбап технологияларды кыска мөөнөттө өздөштүргөнгө үлгүрүп, өз контенти жайылтуу үчүн платформага айлантып келет. Мисалы, соңку кезде алар үч WhatsApp, Telegram, Imo мессенджерлерине басым жасалууда. Бул тиркемелери аркылуу өспүрүмдөр тузакка салынат.

"Бул социалдык желелердеги бир контентти блоктоп койсоңуз, дароо эле башкасы пайда болот. Мисалы, социалдык тармактагы рекрутерлердин стратегиялары бар. Эгер бир колдонуучунун аккуантын өчүрүп салсаңыз, буга жооп кылып башка ысымдарды жамынып 12 аккуантты ача салышат да, маалыматты андан ары жайылта башташат. Бул эмнени түшүндүрөт? Чек кою, көп болсо, жарым күнгө эле иштейт дегенди билдирет. Блоктоо менен биз көйгөйдүн башаты эмес, жыйынтыгы менен күрөшкөндөйбүз жана бул жерде алсыз экенибизди көрүп атабыз"- деди Инга Сикорская.

Ислам тынчтыктын дини

Image caption Search for Common Ground уюмунун Кыргызстандагы директору Кеңешбек Сайназаров.

Кыргыз интернетиндеги экстремисттердин тузагын аныктоо үчүн сурамжылоо Search for Common Ground уюмунун "Кыргызстандагы дерадикалаштыруу үчүн социалдык медиа: Борбор Азия үчүн модель" долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Учурда бул иликтөө жыйынтыгында жаштар арасында экстремисттик маанайда маалыматты ооздуктоо үчүн эки кампания жүрүүдө.

Биринчиси - изилдөө жүргүзүлгөн жана жаштардын радикалдашып кетүү коркунучу бар сегиз райондо жигердүү жаштар өздөрү агартуучулук иштер уюштурууда. Алалы, учурда Жала-Абаддын Сузак районунда IQ Challenge тибинде ислам жаатында агартуучулук максатты көздөгөн оюндар жүрүүдө.

"Бул жерде негизги максат исламдын канчалык деңгээлде позитивдүү, тынчтыкты сүйгөн дин экенин көрсөтүп, анын аркасында радикализм менен исламдын ажырымын жаштар арасында көрсөтүү. Экинчи кампанияны "профессионалдуу медиа кампания" деп койдук. Атайын адис жана продакшн студияларды тартып, жакында 10-20га жакын ар кандай медиапродуктулар Интернет желеге жүктөлөт", - деди Search for Common Ground уюмунун Кыргызстандагы директору Кеңешбек Сайназаров.

Image caption Ислам изилдөө илимий институтунун өкүлү Абай Кенжекулов.

Белгилесек, жаштар арасында радикалдык маалыматтардын жайылышынын алдын алуу боюнча Кыргызстанда мусулмандар башкармалыгы, ИИМдин 10-бөлүмү, жергиликтүү казыят жана милиция жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Ал иш-чараларда жаштарга экстремисттик топторго берилбөө насааты оозеки айтылып, бирок конкреттүү түрдө жаштар үчүн иштелип чыккан колдонмо сунуш материалдары жокко эсе болууда. Алалы, бүгункү күнү жаштар реалдуу жашоодо муфиятттын мөөрү басылган диний китептерди гана окушу керек экендигин бир аз аңдап калса да, Интернетте материалдарды кантип ылгашты билбейт. Ислам изилдөө илимий институтунун өкүлү Абай Кенжекулов виртуалдуу мейкиндикте жаштарга деп кеңеш салат:

"Бул маселе чындыгында татаал маселе болуп жатат. Экстремисттик топтор негизинен мындай мамлекеттик же болбосо кыргыздын иденттүүлүгүнө төп келе турган нерселерди жарыялабайт. Эгерде жаштар кандайдыр бир видеолорду көрүп жатса же материал окуп аткандабы, биздин мамлекеттүүлүккө, улуттук иденттүүлүккө төп келген исламий көз караш айтылып атса ошолорду гана караша керек деп сунуш айта алабыз. Салттуу исламдык көз караш негизинде окуш керек. А бирок муну да жаштар кантип окуп ажырымдай алат деген суроо, чындыгында, татаал тейден калууда"- деди Абай Кенжекулов.

Тектеш темалар