Парламент депутаттары Жапаровдун абалы менен таанышты

Садыр Жапаров Сүрөттүн автордук укугу official

Бишкек шаардык соту экс-депутат Садыр Жапаровго карата буга чейинки Биринчи май райондук соттунун чечимин күчүндө калтырды. Биринчи инстанциядагы сот, тергөө аяктаганча 28-апрелге чейин Жапаровду камакта кармоо боюнча чечим чыгарган болчу.

Учурда №47-колониянын санитардык бөлүмүндө жаткан экс-депутат эми кайра №1 тергөө абагына которулмакчы.

Камакта кармалып турган Садыр Жапаров 2-апрелде өзүнө-өзү кол салганы белгилүү болгон. Көп өтпөй эле Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун эки кызматкери Асылбек Мираимбеков жана Азамат Казакпаев №47 абактагы Садыр Жапаровдун ал-абалы менен таанышып чыгышкан эле.

Борбордун директору Нурдин Сулайманов Жапаровдун жараатын аныктоо үчүн атайын врач жалданганын айтып берди:

«Жапаровго кыйноо болду деп айта албайбыз. Муну тергөө органдары, прокуратура чечет. Өзү да айтып жатат, «эч кандай кыйноо болгон жок, тергөө камагынын администрациясына эч кандай доом жок, №47 колониянын администрациясына да доом жок» деп айтты бизге», - деди Сулайманов.

Бирок ошол эле учурда Жапаров ага кирип чыккан Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун өкүлдөрүнө, өзүнө-өзү кол салгандыгын да тастыктаган эмес.

«Беш маал намазга жыгылат экен. Шарият менен жашаган киши өзүнө өзү кол салбайт деген түшүнүк бар. Сүйлөшкөндө түздөн-түз «ооба, мен өзүм кесип салдым» деп айткан жок. «Шок, стресстик абалда болчумун, жакшы эсимде жок» деп койду», - деди . Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов.

Анын айтымында Жапаровго карата текшерүүлөрдун жыйынтыгында Стамбул протоколу толтурулду. Протокол кыйноолорду жана анын кесепеттерин документациялоо боюнча эл аралык стандарттар боюнча колдонмо болуп саналат жана ал 1999-жылы БУУ расмий документтеринин катарына киргизилген.

Буга чейин социалдык тармактарда Жапаровдун канжалаган сүрөтү жарыяланып, бул өзгөчө интернет колдонуучулардын реакциясын жаратты.

Мындан улам, 4-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы №47 абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун үч жарым мүнөттүк видеосун жарыялаганга мажбур болду окшойт. Анда Жапаров ден-соолугу жакшы экенин жана ал үчүн кооптонууга негиз жоктугун айткан.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин үч депутататы - Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов жана Жаныбек Бакчиевдер да Садыр Жапаровдун ал-абалы менен таанышып келишти.

«Акыбалы начар эмес, даарыланып атат. Өзү айтып жатат «менин туугандарыма, тарапташтарыма айтып койгула: митинг-пикетке чыкпасын. Бардыгы мыйзам чегинде болсун» деп. Акыбалы боюнча суроолорду бердик, мажбурлоо же башка маселе деген жок, баары мыйзамга ылайык болуп атат», - деди депутат Жээнчороев.

Садыр Жапаровдун ал-абалын көрүп чыккандар анын саламаттыгы учурда дурус экенин бир ооздон белгилеп жатышат. Эми Бишкек шаардык сотунун өкүмү чыккандан кийин эми кайра эле №1 тергөө абагына которула турган болсо коопсуздугу кандай болот деп суроо салгандар бар. Жубайы Айгүл Жапарова жолдошунун саламаттыгы толук жакшыра электигин айтып, аны тергөө абагына кайтарууга азыр эртелик кылат деген ойдо. Ошондуктан №1 тергөө абагынын жетекчилигине арыз менен кайрылганы турат:

«Менин жолдошумдун коопсуздугун, өмүрүн сактап бергенге кепилдик бергиле деп жазам. Тергөө абагынын жетекчисине жазам, ошол жакка бир-эки-үч күндө которот экен», - деди Айгүл Жапарова.

Садыр Жапаров мындан төрт жыл мурунку Ысык-Көл аймагындагы митингдер боюнча айыпталып жатат. Ал көп убакыт чет өлкөдө жүрүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргызстанга келери менен камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин «адам өмүрүнө коркунуч келтирүү», «барымтага алуу», «ээнбаштык», «бийлик өкүлүнө күч колдонуу» (227, 341, 113 жана 234-беренесинин) деген айыптар тагылган.

Тектеш темалар