Апрель окуясы: Жесирлердин күйүтү

Апрель курмандыктарынын бүлөлөрүнө берилген көп кабаттуу үйлөр
Image caption Апрель курмандыктарынын бүлөлөрүнө берилген көп кабаттуу үйлөр

Мындан 7 жыл мурда ушул күнү миңдеген кишилер мурдагы президент Бакиевдин режимине каршы чыгып, өкмөттүк күчтөрдүн огунан 90го жакын киши окко учуп, жүздөгөн кишилер жарат алган. Алардын көпчүлүгүнүн күйүтүн басуу, жардам берүү максатында мамлекет шаар четинен апрель курмандыктарынын бүлөлөрүнө үй куруп берген. Би-Би-Си мына ошол турак-жайлардын тургундары менен таанышып келди.

Махбурат: Күйүтүмдү баса албай келем

Махбураттын күйөөсү 7-апрелде аянтка чыгып кеткен бойдон үйгө келген эмес. Артында төрт баласы калган Эмилбекке коогалаң күнү көзгө атардын огу тийип, ошол күнү эле жан берген.

"Жолдошумдун жумушуна байланыштуу Жалал-Абаддан Бишкекке көчүп келген элек. Көпчүлүк сыяктуу эле ошол учурдагы акыйкатсыздыктар тууралуу көп айтып калчу. Анан 7-апрелде кармана албады окшойт, аянтка кетти. Мен үй жумуштары менен алектенип жүргөм, түш оогондо кайнагам чалып, жолдошумду ооруканага алып кетишкенин айтты. Ага чейин түшүм бузулуп жаткан, жүрөк сезди. Көрсө ошол күнү эле көз жумуптур”.

Image caption 7-апрелде жолдошун жоготкон Махбурат

Каргашалуу окуяга быйыл 7 жыл болду. Махбурат төрт неберелүү болуп, илгери үмүттөр менен жашап келатат. Наристенин үнү жаңырган бул үйдө андан бери далай кубанычтар болгону менен, ал күндүн күйүтү эч унутулбайт дейт жесир:

“Андан бери көп нерсе өзгөрдү, неберелерим улам көбөйүп атат, аларга эзилем. Бала үйлөдүм, жакшылыктар болду. Бирок бары бир жолдошумдун орду толгус бойдон турат. Ак жерден кеткенинин күйүтү жаман экен”.

Асел: Согушта жашап жаткандай болгонбуз

Кийинки маектешим Асел бүгүн таң атпай туруп, боорсок бышырып, куран окутууга камылга көрүүдө. Анын жолдошу дагы окко учкан “Апрель баатырларынын” катарында болчу. Асел эч бири бойго жете элек төрт кызы менен чырылдаган бойдон атасыз калган күндү мындайча эскерет:

“Азыр ойлоп таң кала берем, так согуштун ичинде жашагандай болгонбуз. Жолдошум күтүүсүз каза болуп калгандан кийин чыныгы кыйынчылык башталды. Балдарымдын алды он, арты бир жаш, эки айлык болчу. Көп күн ачка калдык. Кыздарым “Апа, нан жегим келди, курсагым ачка болуп жатат” деп ыйлайт. Кайсы жерде гуманитардык жардам берип атса, балдарды таштап, ошол тарапты көздөй чуркайм. Бир аз ун таап келсем кубанып отуруп калам, нан жасап жейбиз. Эмчектегим балам өзгөчө кыйналды, мен калган балдар жесин деп нан жебей отуруп, эмчегимден сүт чыкчу эмес. Ушундай турмуш болот экен деп аябай зарлангам”.

Бүгүн интернет колдонуучулары социалдык тармактарга 7-апрелде тартылган сүрөттөрдүн тизмегин байма-бай жарыялап жаткан чагы. Шаардын ортосун түтүн чулгап, сүрөттүн ичиндеги кишилердин кыймыл аракеттери апрель окуясынын канчалык драмалуу болгонун көргөзүп турат. Мындай сүрөттөр Аселдин үйүндө да көп. Ал мага сүрөттөрдү четинен көрсөтүп, жанында отурган, жаңы бойго жетип келаткан кыздарына үмүттүү карайт.