Апрель окуяларына жети жыл

Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Апрель элдик революциясынын баатырларын эскерилип, куран окулду.

Кыргызстан Апрель элдик революциясынын жети жылдыгын белгилеп жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик Апрель революциясынын 7 жылдыгына байланыштуу кайрылуусунда:

"Туура жети жыл мурда, 7-апрелде Кыргызстандын тагдыры чечилген. Ал күнү элибиздин алдында бир үй-бүлөнүн хандыгы орноп, калганыбыз кул болуп калабызбы, же эркин жарандар өлкөсү болобузбу деген суроо турган. Ал күнү көк жал жигиттерибиз эркиндик үчүн бүгүн, азыр башты сайып күрөшпөсөк, кийин кеч болуп калат деп чыгышкан. Дал ошол күнү намыскөй элибиз кайрадан эркиндикке, адилеттикке, келечекке жол ачкан. Бирок, Жеӊиштин баасы өтө кымбат болду. Ошол күнү 86 жараныбыз курман болгон. Андан кийин өткөн мезгилдин ичинде да, алган жаракаттарынын кесепетинен ондогон жигиттерибиз көз жумду. 7-апрель шейиттерине таазим этебиз!",-деп белгиледи.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди

Президент, парламент төрагасы, депутаттар жана өкмөт башчы баштаган өкмөт мүчөлөрү, Апрель окуяларынын катышуучулары жана каза тапкандардын жакындары "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Апрель элдик революциясынын баатырларын эскерип, куран окуду.

2010-жылы апрель башында Кыргызстанда миңдеген кишилер ошол кездеги Президент Бакиевди үй-бүлөлүк коррупциялашкан режим орнотту деп айыптап, каршылык акцияларына чыгышкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү жана жакындары менен өлкөдөн качып кетүүгө арагасыз болуп, учурда Беларусияда баш калкалап жатат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption 2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда миңдеген кишилер ошол кездеги Президент Бакиевди үй-бүлөлүк коррупциялашкан режим орнотту деп айыптап, каршылык акцияларына чыгышкан.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга ок атылып, сексенге жакын адам курман болуп, үч жүздөн ашуун адам ар кандай жаракат алышкан. Kандуу окуялардын ак-карасы ажыратуу боюнча соттук иштер жети жылдан бери териштирилип келүүдө.

Өткөн жылы Жогорку Кеӊеш 7-апрелди Элдик Апрель революциясы күнү деп белгилөө жөнүндө мыйзам кабыл алган.

Тема боюнча башка макалалар