Убактылуу өкмөт жети жылдан кийин

Image caption Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен президент Атамбаевдин мамилеси конституциялык реформа маселесине келгенде биротоло бузулду.

2010-жылдагы апрель ыңкылабын ишке ашырган саясатчылар туура жети жылдан кийин бул күндү бири бийлик тактысында, дагы бири – абакта тосууда. Бакиевди бийликтен чогуу алып түшкөн үзөңгүлөш Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бүгүн айыгышкан каршылаш тараптарга айланды. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү кимдер эле жана аларды эмне бөлүп жарды?

Биздин жолдор эки айрылыш

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын кийин Кыргызстанда Убактылуу өкмөт түптөлүп, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, ӨмүрбекТекебаев, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Элмира Ибраимова, Эмилбек Каптагаев баштаган он чакты оппозиция лидери жарым жылдык мөөнөткө аткаруу бийлигин колго алган. Кийин Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаевага 2011-жылдын 31-декабрына чейин өткөл мезгилдеги Кыргызстандын президенти укуктары ыйгарылып, ошол эле жылы ноябрда Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп шайланган. Кезинде бийликке чогуу келген Убактылуу өкмөт курамындагы саналаштар бүгүнкү күнү ыңкылапты чогуу белгилемек тургай, бет карашкыс абалда турат.

Мага окшогон достору менен бүгүн кандай ахыбалда экенин да көрүп жатасыздар. Мына Атамбаев менен биз чогуу үзөңгүлөш келгенбиз да. Бүгүн ошол үзөңгүлөш келген достору арасынан бирөө-жарым калдыбы айланасында? Карап көргүлөчү, жанакы, Жээнбековдор - Шариптин балдарынан башка эч ким жок. Партиясында кимдер калды азыр? Мисалы, Отунбаевага окшогон чоң партиялаштары жүрөбү? Жок, бардыгы кетип калды”, - деди апрель ыңкылапчы-лидерлердин бири Азимбек Бекназаров.

Ал бул акыбал үчүн ириде Атамбаевди күнөөлөп, ыңкылап мүдөөсүнө чыкпай калды деген ойдо.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү арасында тиреш 2016-жылдын 31-августунан тарта курчуду десе болот. Эгемендик майрамына карата президенттин “Ала-Тоо” аянтындагы куттуктоо сөзүнүн айрым жерлери Убактылуу өкмөттун кээ бир мүчөлөрүнө багытталгандай болду.

Мародерлук да ачылат, банк ячейкаларын тономой да ачылат. Кадыржан Батыровго да ким түрткү берген, ким үгүттөгөн, ким качырып жиберген бардыгы ачылат”, - деген эле Атамбаев.

Өлкө башчысы ал күнү өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева дарегине да сын айтып, акыркысы майрамдык иш-чараны таштай басып кеткен эле.

Image caption Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү быйыл бүтөт, бирок ал президенттик кызматтан кеткен менен саясаттан кетпей турганын билдирген.

Президент Атамбаев Эгемендик майрамында ачуусун баса албаганы байкалып турду. Себеби бир күн алдын Убактылуу өкмөттүн сегиз мүчөсү: экс-президент Роза Отунбаева; мурунку -баш прокурор Азимбек Бекназаров; УКМК экс-жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев; мурунку коргоо министри Исмаил Исаков; Эсеп палатасынын экс-жетекчиси Эльмира Ибраимова; УӨнын аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев жана ИИМдин мурунку министри Болотбек Шерниязов жана конституциялык реформа боюнча УӨ орун басары Өмурбек Текебаев ага кайрылуу жасап, Баш мыйзамды өзгөртпөө керектигин айтышып, анын түбү тоталитаризмге алып барарын Атамбаевге эскертишкен.

Адегенде өзүбүз сүйлөшүп алсак жакшы болот эле. Биз ушул маселе көтөрүлгөндө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чогулуп алып Алмаз Шаршеновичке кайрылганбыз: “ чогуу акылдашалы, сүйлөшөлү” деп, бирок Алмазбек Шаршенович кашайып кабыл албай койгон. Ошондо айтканбыз: “барыбызды кабыл албасаңар, жок дегенде Роза Исаковнаны кабыл алып койгула” деп. “Үнүбүздү угуп койгула, биз барыбыз бир келбедик беле” деп. “Бул темада мен такыр эчким менен сүйлөшпөйм, башка тема болсо Роза Исаковна келсин” деп такыр сүйлөшпөй койгон”, - деген эле Коопсуздук комитетин мурун башкарган Кеңешбек Дүйшөбаев.

Кечээки союздаштар, бүгүнкү каршылаштар

Image caption Текебаевдин өзүнүн айтымында, ал президентти 2014-жылдан кийин колдоодон баш тартты.

Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси ошондой эле Атамбаев-Текебаев тымызын тирешин ачык кармашка чыгаргандай болду. Быйыл 26-февралда Убактылуу өкмөттүн мурунку мүчөсү Өмүрбек Текебаев коррупция айыбы менен УКМК тарабынан кармалып, учурда камакта. “Ата Мекендин” лидерин кармоодон кийин көп өтпөй, Убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсү – ал кездеги Экономикалык жөнгө салуу мурунку министри Эмил Үметалиев Текебаевдин иши боюнча УКМКга сурак берип чыкты. Андан кийин жергиликтүү айрым басылмалар өз булактарына шилтеме берип, жакын арада Убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсү Болот Шерниязов кармаларын жазып чыгышкан эле.

Бар аз тарыхка кайрылсак: 2010-жылы 10-октябрда Кыргызстанда кезексиз парламенттик шайлоо өтүп, бирок жыйынтык Убактылуу өкмөт мүчөлөрү үчүн күтүүсүз чыкты. Ошол жылы июнь айында орун алган Ош коогаласы элдин жаңы бийликке ишенимин суутуп, жыйынтыгында революциячыл партиялар ал шайлоодо утулуп калды.

КСДП, “Ата Мекен” азчылыкта калып, Бакиев тушунда бийлик менен кызматташып келген “Ата Журт”, “Республика”, “Ар Намыс” Жогорку Кеңеште көпчүлүктү түзүп, контрреволюциялык төңкөрүш жасоо кырдаалы түзүлгөн эле.

Буга чейинки маектеринин биринде“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылдан кийин Атамбаевдин бийлигин чыңдоо үчүн көмөктөшкөнүн, бул максатта өкмөттөрдү алмаштыруу үчүн саясий маневрларга барганын да мойнуна алганы бар.

Мен биринчи жана экинчи өкмөттүн кетишине катышкам. Аткаруучулардын бири болгом. Чоң, бийик максаттардан улам ушул чечимге кабылгам. Ошентип Бабановдун, Сатыбалдиевдин өкмөтү кеткенден кийин оппозиция оозунан сөзүн алдырды. Колунан желегин алдырды. Бир тобу камалды. Бир тобу качып кетти. Ошентип Кыргызстандагы контрреволюциячылардын уюгу калбай калды. Ошондон кийин Атамбаев өзү каалаган реформаны жүргузгөнгө толук саясий мүмкүнчүлүк алды,” - деген эле Өмүрбек Текебаев 2010-жылы августта.

Атамбаев жана Текебаев ортосун кара мышык качан аралаган так айтуу кыйын. Себеби, кайсы бир кезге чейин конфронтация тымызын жүргөндөй. Текебаевдин өзүнүн айтымында ,ал президентти 2014-жылдан кийин колдоодон тартты.

Эгерде 2011-жылдагы кырдаалды кайра барып калсак, мен дагы деле Атамбаевди тандап алам. Анткени биз контрреволюциячыл күчтөргө реванш алганга мүмкүнчүлүк бербешибиз керек. Бирок 2014-жылдан кийинки жасаган иш-аракеттерин мен колдобойт элем. Анткени ал эски заманга барганга жол ачат. Атамбаев өзү койгон адамдарды бекемдеп ушулар аркылуу өлкөну башкаруугуа аракет кылып жатат”, - деген эле 2016-жылы августта “Ата Мекен” лидери.

Шайлоо келе жатат, кимиси кийинки?

Кыргызстанда 2017-жылдын 19-ноябрына президенттик шайлоо дайындалды. Айрым эксперттер өлкөдө болуп жаткан соңку саясий окуяларды ушул президенттик шайлоого жүрүш призмасы аркылуу караш керек деген ойдо.

Текебаевдин өзү кандидат болот деп коркушкан жок. Ал киши шайлоого барбаса керек эле, анын ресурстары чектелүү экенин буга чейинки шайлоолор көрсөтпөдүбү. Бирок бул өтө чоң саясий маневрларды жүргүзгөн, элди мобилдештире ала турган дарамети бар да, көп компроматтарды чукуп чыгып, ал ошол бийликтин жанында жүргөн эң жакын кишилер эле да. Көп нерсени билчү, анан ал саясатта эркин оппозиция болуп кете турган болсо, өзү барбаса да бийликке оппонент болгон бирөөгө жан тартып, күчтөндүрүп бийликке чоң коркунуч келтирет эле да”, - деди саясат талдоочу Сейтек Качкынбай.

Эске салсак, “Ата Мекен” партиясы былтыр декабрда өткөн жергиликтүү кеңешке шайлоого Бишкек боюнча катышуудан баш тартып, бирок лидери Өмүрбек Текебаев борбордо “Өнүгүү-Прогресс” партиясы үчүн жарнамага тартылып, сүрөөнчүлүк кылганы бар.

“Мегаком” ишканасындагы коррупциялык иштерге байланыштуу Орусиялык ишкер Маевскийдин көрсөтмөсү менен кармалып, учурда камакта жаткан “Ата Мекен” лидери буга чейин президенттикке барары тууралуу саясий билдирүү жасаган эмес.

Өмүрбек Текебаев 2011-жылы апрель ынкылабынан кийин өткөн президенттик жарышта Алмазбек Атамбаевге оппонент катары чыккан эмес.

Убактылуу өкмөт курамына кирген саясатчылардан буга чейин жалгыз Темир Сариев президенттикке баруу дымагын февралда билдирди.