Бишкекте окуу жайлардын жарманкеси өтөт

Жыл сайын өткөрүлчү бул иш-чарага бул жылы 26 окуу жайы катышат
Image caption Жыл сайын өткөрүлчү бул иш-чарага бул жылы 26 окуу жайы катышат

Бишкекте университеттердин кезектеги жарманкеси өтөт. Жыл сайын өткөрүлчү бул иш-чарага бул жылы 26 окуу жайы катышып, бүтүрүүчүлөргө билим берүү жайлары жөнүндө маалыматтарды беришет. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Global Shapers Bishkek бирикмесинин куратору Женни Жеңиш кызы билдирди:

"Бул күнү каалоочуларга окуу шарттары тууралуу маалымат берилип, ар кандай багыттагы кеңештер айтылат. Буюрса иш-чарага 4500 миңден ашуун жаштардын катышуусу күтүлүүдө. Жарманке Улуттук университетте 8-апрелде, саат 12де башталат. Буюрса жемиштүү болот деп ишенип турабыз”.

Ошондой эле жарманкеде ар бир университеттин өкүлдөрү студенттерди кабыл алуу, факультеттер жана кирүү үчүн зарыл экзамендер тууралуу айтып беришет.

Кыргызстанда университеттердин жарманкеси бул жылы үчүнчү ирет өтүп жатат. Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чара алдыдагы жылдарда аймактарда да өткөрүлүшү ыктымал.