АКШда кыргыз жараны дайынсыз болуп жаткан тууралуу ТИМ маалымат таратты

Нью-Йорк шаары Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock
Image caption Нью-Йорк шаары.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, АКШнын Нью-Йорк шаарында дайынсыз болуп жаткан кыргыз жаранын издөө иштерине элчилик дагы киришкенин билдирди.

«Элчилик дайынсыз болуп жаткан Чиркеевдин жакындары менен жана АКШнын Нью-Йорк шаарынын укук коргоо органдары, диаспора менен байланышта болуп жатат. Кыргызстандын жараны дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат АКШнын айрым жергиликтүү маалымат каражаттарына, социалдык тармактарга жарыяланган. Нью-Йорк шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө чараларын көргөн. Бирок азырынча жыйынтык жок»,-деп айтылат министрликтин маалыматында.

Расмий маалыматтарга караганда 20 жаштагы кыргызстандык жаран Азиз Чиркеев 3-апрелде кечки саат тогузда жумушунан чыккан боюнча үйүнө кайрылып барган эмес. Ошондон бери анын телефону өчүк болуп, кайда жүргөнү белгисиз. (AbA)

Тектеш темалар