Кыргызстанда кургак учуктун дарыга туруктуу түрү көп болууда

Кургак учуктан такай дарылануу менен арылса болот
Image caption Кургак учуктан такай дарылануу менен арылса болот

Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны мурунку жылдарга салыштырмалуу азайган менен жалпы көрсөткүч дале жогору эсептелет. Дарыга туруктуу түрүнүн саны түшпөй жатат.

Сандар мурунку жылдарга салыштырмалуу түшкөн менен Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын эсеби дале жогору эсептелет.

Өлкөдө кургак учуктун очогу катары жабык жайлар эсептелчү. Бир нече жыл мурда андай жерден кантип жуктуруп алганын Фарид (аты өзгөртүлдү) айтып берди:

“Мен 2003-жылы №3 абакта элем. Бөлмөдө кургак учук менен ооруган адам менен жашачумун. Ал күндө медициналык жайга барып, дары алып келчү, бир күн ичсе, бир күн ичпейт. Ал учурда кургак учук боюнча менин да маалыматым жок эле. Жүрө-жүрө мен да жөтөлө баштадым, салмак жоготтум”.

Фаридден да кургак учук аныкталып, ал жеңил түрү болуп чыккан. Алты ай тынымсыз дарыларды ичип, дарыгерлердин көрсөтмөсүн туруктуу аткаруу менен кургак учуктан арылдым дейт.

Кыргызстанда балдар менен өспүрүмдөр арасында кургак учук менен ооругандар азайбай жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-жылы 100 миң баладан 30у кургак учук менен ооруса, өспүрүмдөр арасында 80ге чамалаган.

Ал эми чондордун арасында бул көрсөткүч кыйла аз. Өткөн жылы мурунку жылга салыштырмалуу кургак учук 200 учурга аз аныкталды. Бирок бул өлкөнүн ички көрсөткүчтөрүнүн динамикасы.

Улуттук фитизиатрия борборунун директору Абдулат Кадыров жаңы жабдыктардын жардамы менен диагностиканын жакшырганы илдетти азайтууга өбөлгө түздү дейт:

Image caption Улуттук фитизиатрия борборунун директору Абдулат Кадыров

“Кургак учуктун дарыга туруктуу түрүн аныкташ үчүн мурда анализдин жыйынтыгын эки ай күтсөк, азыр бир-эки саатта аныктаганга болот. Бул жаңы жабдыктар менен мүмкүн болууда. Какырыгында кургак учук барбы жокпу карап, дароо дары жазып беребиз”.

Крыгызстанда кургак учуктун дарыга туруктуу түрү көп. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Саламаттык сактоо министрлигинин байкоо кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев билдирди:

“Дарыга туруктуу кургак учук көбөйүп баратат. 2013-жылы 500 чамалуу болсо, быйыл 1200гө жетти. Аны жоюш үчүн биринчиден, көп каражат бөлүнүш керек. Экинчиден, мыйзамга ылайык социалдык колдоону жакшыртыш керек. Үчунчүдөн аларды толук айыктырууга аракет кылып, көзөмөлгө алыш керек”.

Ал эми саламаттык сактоо министринин маалыматында, 2015-жылы дарыга туруктуу түрү боюнча бир жарым миңге чукул киши катталган.

Толук дарыланып бүтпөгөн адамдан анын туруктуу түрү башкаларга да жугушу мүмкүн. Дарыгерлер андыктан бул илдетти дарылоодо адамдардын маалыматка ээ болушу өтө маанилүү дешет. Өзү айыгып, башкаларга да жуктурбаш үчүн дарыланууну аягына чыгарыш керек.

Кургак учуктун очогу эсептелген жаза өтөөчү жабык жайларда акыркы жылдары аны кескин азайтууга мүмкүн болду. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф маалымдады.

“2016-жылдын аягында жабык жайларда 228 кургак учук менен ооруган адамдардын саны катталган. Бул сан андан бир жыл мурда 528 болчу, төмөндөө эки эседен ашык. Анткени биздин оорукана жакшы, жабдыгы заманбап, дарылар сапаттуу. Дарыгерлер бейтапты көзөмөлдөп турат. Бейтапканабыз бул тармактын мыктысы саналат, жада калса сырттагылардан да дурус”, - деди Никсдорф.

Image caption Кыргызстанда кургак учук менен ооругандар азайган менен дүйнөлүк сандарга салыштырмалуу жогору

Учурда кургак учукту жоюу боюнча иш алып барып жаткан Фарид бул ооруну ар бир эле адам жуктурбайт деп, алдын алуу жолдорун бөлүштү:

“Кургак учук таякчалары албетте абадан жугат. Бирок кургак учуктун ачык түрүн алып жүргөн оорулуу менен жабык имараттын ичинде 6-7 сааттан ашык турганда жугат. Иммунитети төмөн адамда өөрчүйт. Андыктан сергек жашоо образын алып барып, тамеки, алкоголь жана баңгизаттан алыс болуш керек. Кургак учук тууралуу маалыматка ээ болуп, анын белгилерин билүү жетиштүү. Эки аптадан ашык жөтөлсө, айрыкча түнкүсүн көп тердесе, тамакка табити жоголсо жана тездик менен салмагы азайса дарыгерге кайрылыш керек”.

Азыр кургак учук менен амбулатордук түрдө дарылануу ыкмалары бар. Дарылардын да жаңылары чыккандыктан аны жеңүү кыйла оңой болуп калды. Ал эми дарыга туруктуу түрүн алты айдан эки жылга чейин ооруканада жатып, айыктырса болот.