Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр башталды

Кыргыз-өзбек чек арасы Сүрөттүн автордук укугу FERGHANA.RU

Расмий маалыматтарга караганда 10-апрелден 20-апрелге чейин Өзбекстандын Наманган шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу кыргыз-өзбек чек арасын делимитация жана демаркация маселеси боюнча жолугушуу өткөрөт.

Ѳткөн айда эле мындай жолугушуу Кыргызстандын аймагында өткөн. Kыргыз өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров:

«Кыргыз-өзбек чек арасын аныктап, тактоо маселеси азыр жумушчу топтун деңгээлдинде каралып жатат. Учурда эки тарапка тең зыяны тийбегендей, нааразылык жаратпагандай орток пикирге келүү үчүн талаштуу тилкелерди жеринде көрүп жатабыз. Буюруса сүйлөшүүлөрдө аз болсо да жылыш бар. Бирок макулдашуулар так мына күнү бүтөт деп айтууга али эрте»,-деп билдирген эле.

Маалыматтарга караганда мурунку жолугушууда жумушчу топ талаштуу тилкелерде болуп, жергиликтүү эл менен жолугушуп, тактоо иштерин жүргүзгөн. Тактала элек тилкелер боюнча алды менен жумушчу топ иштеп чыгып, андан кийин гана эки өлкөнүн өкмөттүк комиссиясы карайт.

Расмий маалыматта 2016-жылдын август айынан бери он жолу ушундай деңгээлдеги жолугушуулар болгону белгиленген.

Кыргыз-өзбек чек арасында тактала элек талаштуу делген 60 чукул участок бар деп айтылып жүрөт. 1378 чакырымга созулган кыргыз-өзбек чек арасынын 324 чакырымы такталып бүтө элек.

Буга чейин чек ара тактоодо Өзбекстан тарап 1924-27-жылдардагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү маалындагы документтерге таянса, Кыргызстан 1955-жылдагы паритеттик комиссиянын материалдарынын жана 1961-жылы чыккан жарлыктын негизинде иш алып барып жатканы айтылып, эки тарап орток пикир таба алган эмес. (AbA)