Жолоочуну тооруган жол кырсыктары

2017-жылдын үч айында өлкө аймагында 1169 транспорт кырсыгы катталган. Сүрөттүн автордук укугу ria novosti
Image caption 2017-жылдын үч айында өлкө аймагында 1169 транспорт кырсыгы катталган.

Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны кыскарды деген менен андан каза тапкандардын саны азайбай келет. Андай кырсыктардын соңкусу 8-апрелде Токмокко жакын жерде катталып, коомчулуктун жүрөгүн үшүткөн окуя болду. Анда үч машина сүзүшүп, беш адам каза таап, дагы төртөө ооруканага түшкөн. Азырынча кырсыктын так себеби аныктала элек.

“Жол кырсыктарынын санына токтоло турган болсок, 2017-жылдын үч айында өлкө аймагында 1169 транспорт кырсыгы катталган. Жыйынтыгында 148 киши каза таап, 1686 адам ар кандай жаракат алышкан. Каза тапкандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу аз деген менен азыркы сан деле көп. Былтыр үч айда 187 киши каза болгон. Кандай болбосун жол кырсыгынын негизги бир эле себеби кайталанып келе жатат. Ал айдоочулар жол эрежесин так сактабагандык”,- дейт Ички иштер министирлигинин патрулдук милиция башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Медербек Шабданов.

Ушул багытта бир нече жылдан бери иш алып барып келе жаткан “Жол коопсуздугу” бейөкмөт уюму, бул системалуу жана комплекстүү түрдө чечүүнү талап кылган курч маселеге айлангандыгын айтып келет.

“Айдоочулар эрежени так сактабай кармалган күндө да, пара берүү аркылуу жоопкерчиликтен кутулуп кетүүсү айдоочуга адат болуп, жол эрежесин кайталап бузууга жол ачып жатат дейт. Биз мыйзамдарды так сактоо боюнча эч кандай компромисстик жолго барбастан, киригизишибиз керек. Автокырсыктан каза тапкандардын саны азайды деген менен 6 миллион калкы бар Кыргызстан үчүн азыркы көрсөткүчтөр да абдан оор бойдон калууда. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун эки жыл мурунку статистикасында, транспрот кырсыктарынан улам каза тапкандар боюнча элүү үч мамлекеттин ичинде Кыргызстан Орусия менен Казакстандан кийинки орунду ээлеген”,-дейт “Жол коопсуздугу” бейөкмөт уюмунун директору Чынара Касмамбетова.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, мас абалында машина айдагандарды өмүр бою айдоо укугунан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун даярдаганы да белгилүү. Ал бир топ толуктоолор кирмейинче жакшы натыйжа чыкпайт деп жүйө келтирген.

“Бизде айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар толтура. Бул боюнча мыйзам чийки экендигин ачык эле айтыш керек. Жол кырсыгынан киши каза тапса бир да айдоочу жооп бербейт. Мурун такыр башкача эле, мен 1976-жылы Фрунзеге келгем. Автоунаанын саны азыркыдан канча эселеп аз экенине карабай, атайын сабак уюштуруп, бизди жолдо кантип жүрүү керектигин үйрөткөн. Азыр элге маалымат жеткирүү үчүн мектептерден баштап университеттерге чейин жолдо жүрүүнүн эрежелерин окутууну кайрадан киргизиш керек. Бир ууч элдин ичинен бир жылда эле жол кырсыгынан эки миңге жакын киши каза таап атса, согуш болуп жаткандай эле элес калтырат”,-дейт Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева.

Сүрөттүн автордук укугу ria novosti
Image caption Айдоочулардын көбү кырсыктын негизги себептеринин бири- жолдун начар абалы дешет

Бирок айдоочулар аларга айтылып жаткан сын-дооматтарга толугу менен макул эмес.

Атын атагысы келбеген айдоочулардын бири, автоунаасын жаман жолдо бузуп, талкалап албаш үчүн аң-чөнөктөн качам деп, айла жок эреже бузуп жаткандыгын айтат. Экинчиси жаман жол эле эмес унаа токтото турган жайдын жогунан айдап, кирип-чыкканча эле урунуп-беринип, чоң жолдо болсо машинанын көптүгүнөн жөөлөшүп жаткандыгын айтат. Мындан эки жыл мурун эле Кыргызстанда 1 миллион 200 миңден ашуун автоунаа катталган. Алардын жыйырма беш пайызга жакыны оӊ рулдуу унаалар.

Тектеш темалар