Дача-СУ аймагынын тургундары митингге чыгышты

Дача-СУ аймагынын тургундары митингге чыгышты

Бишкектеги "Манас" аба майданына жакын жерде кыйраган учак окуясы катталганына үч айга жакын убакыт болду. Каза болгон адамдардын жакындары менен туугандарына өкмөт тараптан, ар кандай кайрымдуулук фонддор жана жөнөкөй жарандардан жардам берилгени менен, компенсация маселеси толук чечилбей жатат деп наарызы болуп жатат.

Дача-СУдагылар өздөрүнүн көйгөйүн чечүү талабы менен жыл башынан бери бир нече жолу митингге чыгып жатышат. Бүгүнкү тынчтык митингине келген жүздөн ашык киши да "кооптуу жерлерде жашоодон коркуп жатабыз", "учак кайра кулабайт деп ким кепилдик берет?" деген жазуулары бар плакаттарды колдоруна кармап алышкан.

Митингге чыккандар үч айга жакын убакыт аралыгында компенсация төлөп берүү маселеси толук чечилбей, турак-жай көйгөйү курч бойдон кала берүүдө деп жатышат.

"Биз ошол жерде жашагандан коркуп жатaбыз. Ал жер кооптуу десе, бизди көчүрсүн же коопсуз десе биз жашаган аймакка айыл деген макам берүүсүн суранабыз. Бүгүнкү күндө компенсация төлөп берүү, элден чогулган акчаны бөлүштүрүү жөнүндө толук маалымат берилбей жатат",-деди митингге чыккан Дача-СУнун тургуну.

Мурдагы апталарда Жогорку Кеңештеги "Ата мекен" фракциясы мына ушул Дача-СУдагылардын маселесин парламентте талкуулап, кооптуу аймактагы эки жүздөн ашык түтүндү башка жерге көчүрүү маселесин алып чыгышты. Депутаттар андан тышкары учак кырсыгынан жабыркагандарга берилген ар кандай жардамдарды калыс бөлүштүргүлө деп өкмөткө тапшырмасын беришти.

"Алар кооптуу аймакта жашап жатышат. Стандарт боюнча аэропорттон кеминде бир км алыстыкта жашаш керек. Аларга жер бөлүп, жер жок болсо аны сатып алууга акча бөлүштүрсүн деп жатaбыз",-дейт aталган фракциянын депутаты Эмиль Токтошев.

Учак кыйраган окуядан кийин бул жердегилерди башка жакка которуу маселеси көтөрүлүп баштаган. Депутаттар эртең да ушундай эле кырсык кайталанышына эч ким кепилдик бербейт дегени менен өкмөт Дача-СУ аймагынын тургундарын коопсуз жайга которуу маселесин акырына чейин ойлонуп, чече элек.

"Булар көчүргүлө деп жатышпайбыз. Бизде Аламүдүн, Сокулук, Ысык-Ата райондорунда көчүрө турган жер жок. Эгерде өкмөт тапшырма берсе, биз андан бөлөк райондордон караштырсак болот деп айтуудабыз",- дейт өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Турусбек Султаналиев.

Дача-СУда 230дун тегерегиндеги үй-бүлө бар. Ал эми "Манас" аба майданынын тегерегинде ушул сыяктуу тогуз дача бар. Бул жерлер советтер союзу учурунда элдерге берилип, туруктуу жашоого болбойт деген бүтүм болгон. 2000-жылдардан тартып ички миграциянын агымы менен борбор калаа Бишкекке жакын деп, элдер бул жайларга көчүп башташып, кийинчерээк дача тибиндеги үйлөрдү бузуп, жаңы үйлөрдү салып жашап жатышкан.

"Бирок көптөгөн үйлөрдүн документтери жок, транcформациядан өткөн эмес. Айыл деген макам берилбей, жашоочулар бул аймакта каттоодо турбайт",-дейт Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Эрлан Байжигитов.

16-январь күнү "Манас" аба майданына жакын жердеги Дача-СУ айылына учак кулап, жалпысынан 39 адам каза болгон. Жыйырмага жакын үй толугу менен кыйраган. Бул окуядан кийин кыргыз өкмөтү Түркия тарапка кайрылып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 195 миллион талап кылынат деген болчу.

Март айынын аягында түркиялык "ACT Airlines" компаниясы компенсациянын бир бөлүгү деп 600 миң доллар которгонун кыргыз өкмөтү билдирген эле. Андан тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 100 млн сомдун ашык каражат топтолду. Өкмөт бул карaжаттарды бөлүштүрүү, ошондой эле компенсация төлөө маселеси боюнча түрк тарап менен сүйлөшүү аяктап баратканын билдирүүдө.

Тектеш темалар