Тешилген жол, кетилген автоунаа

Жарандык активисттер мурун шаар ичинде велосипед тебүүгө жол жок деп арызданса, эми кенен баса турган аллея, жөө жүрүүчүлөр өтө турган жолдор да тарып бара жатат деп коңгуроо кагышууда Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Жарандык активисттер мурун шаар ичинде велосипед тебүүгө жол жок деп арызданса, эми кенен баса турган аллея, жөө жүрүүчүлөр өтө турган жолдор да тарып бара жатат деп коңгуроо кагышууда

Талаш-талкууга түшүп жаткан Бишкек-Ош жолунун Кара-Балта участогун кырк беш километр аралыгы кеңейтилип, жаңы курула турганы белгилүү болду. Жолдордун абалы боюнча көйгөй өкмөт башчыга чейин жетип, министирликтеги беш жооптуу кызматкерди иштен алуу менен аяктады. Белгисиз колдонуучу тартып алган видеодон, чөлчүктөгү сууга карабай жолду чайырлап жаткан жумушчуну көрүүгө болот. Бул видео тасма Бишкек-Ош эле эмес, өлкөдөгү баардык жолдордун курулушу, сапаты тууралуу маселени кайрадан козгоду.

Сөз болуп жаткан видео Бишкек -Күнтуу - Шопоков унаа жолунда тартылган. Бул видео коомчулуктун да өкмөттүн да көңүлүн бургандай болду. Буга чейин эле Бишкек-Ош жолунун Кара-Балтага чейинки тилкеси парламентте да жаакташууга чейин жеткен эле.

“Азыр Бишкек-Кара-Балта жолунда араба менен араң жүрөсүң. Бул жолду февраль айында, кычыраган кышта жамап башташкан. Көрсө, ошол учурда өкмөт башчыбыз Таласка бармак экен. Кыштын чилдесинде түндөп жамашты. Азыр болсо күн жылыды, жолдор чуңкур боюнча калды. Жолдун абалынын начардыгынан ар бир чакырым сайын бирден жол кырсыгы болуп турат. Өкмөт башчы транспорт министрин жумушу бүткөндөн кийин Кара-Балтага конокко жиберсинчи. Барып өз көзү менен көрүп келсин”,-деген Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков.

Сүрөттүн автордук укугу ria novosti
Image caption Жолдордун абалы боюнча көйгөй өкмөт башчыга чейин жетип, министирликтеги беш жооптуу кызматкерди иштен алуу менен аяктады.

Бирок, Бишкек-Ош жолу мамлекеттик дирекциясы бул жолдордун абалынын кескин начарлашын сапатсыз иштен эмес, климаттын кескин өзгөрүүлөрү менен байланыштырат. Аталган дирекция башчысы, автоунаалардын санынын кескин өсүшү да жолдордун бузулушунун бирден бир себеби экенин айтат.

“15-январга жакын күн он беш градуска чейин жылып, анысы аз келгенсип жамгыр да жаап жиберген. Кыш чилдеде күндүн мынчалык жылып кетиши аномалия деп эсептелет. Жамгырдын суусу сиңгенден кийин кайра он жети градуска чейин катуу суук болуп, жолго сиңген суу тоңгондо баарын тээп таштады. Ошондой аба-ырайы жолдун абалынын кескин начарлап кетишине алып келди. Ошол сөз болуп жаткан Бишкек-Ош жолунун 9-15-чакырымдарына акыркы асфальт 1978-жылы төшөлгөн экен. Андан бери канча жыл өттү. Жолдун башкы душманы эле суу менен тоң”,- дейт Бишкек-Ош жолу мамлекеттик дирекциясынын башчысы Изатбек Токтомамбетов.

Соңку жылдары чоң жолдордон сырткары борбор калаанын ичиндеги жолдор да далай чууга негиз болгон. Алардын бири асфальт жолго төшөлгөн брусчаткалар эле. Бул сыяктуу оңдоп-түзөө иштери “Коб” деген ат менен таанылган интернет колдонуучунун сынына да кабылып, шакабага айланган жайы да бар. Анда жолдун бир башы оӊдолуп бүтө элек жатса, ошол эле жолдун экинчи жагы жарабай калганы айтылат.

Борбор калаанын мэриясы да мындай кемчиликтер болуп жатканын четке какпайт.

“Эгер баш калаанын жолдорунун жалпы абалын ала турган болсок, үч деген баага араң татыйт. Муну ачык айтып, моюнга алуу керек. Кышкысын асфальт төшөй албагандыктан айла кетип, убактылуу брусчатка төшөп жатканыбыз да чындык. 2005-жылы эсепке алып, 1400 км ден ашык жол бар деп тактаганбыз. Анын 250 чакырымга жакыны жакшы абалда болгону менен тилекке каршы калганын абалы начар. Аларды толук кандуу асфальттап чыгуу керек. Анан калса айрым көчөлөрүбүз келе жатып эле изи билинбей таптакыр жок болуп кеткен. Дагы бир тобу жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери каражаттын тартыштыгынан асфальт көрө элек. Каражат болсо биз деле баардык көчөлөрдү жаркыратып, бир-эки жылда эле оңдоп салгыбыз келип турат. Андай болбогондон кийин мүмкүнчүлүккө жараша куруп же оңдоп жатабыз”,- дейт Бишкек шаарынын курулуш башкармалыгын жетекчи орун басары Абдыжапаркул Жанболотов.

Жарандык активисттер мурун шаар ичинде велосипед тебүүгө жол жок деп арызданса, эми кенен баса турган аллея, жөө жүрүүчүлөр өтө турган жолдор да тарып бара жатат деп коңгуроо кагышууда.

“Шаар ичиндеги жолдорду карасак смета, долбоор деген документтери жок. Өзүм билем деп, билген намаздарын окуп жатышат. Асфальт болгондон кийин анын ар бир сантиметри кызылдай акча да. Негизи кайсы көчө канча каражатка, кантип, кандай сапатта курулуп жатканынан кабарадар болушу керек. Тилекке каршы биз андай так, ачык маалыматты көргөн жерибиз жок. Курулуп, сапатсыз аяктаган жолдор боюнча прокуратурага да кайрылган иштерибиз да бар. Эгер жол курулушунун сметасы, долбоору жок болсо, текшерип кабыл ала турган мамлекеттик мекемелер баасы менен сапатын кайсы документке салыштырып, кантип кабыл алаары мага такыр түшүнүксүз”,- дейт жарандык активист Калича Умралиева.

Автоунаа ээлери салык төлөп жатканын айтып арызданса, жарандык активисттер чет өлкөдөн жол курууга келген инвестиция, грант же кредиттердин эсеби бүдөмүк деп далай жолу өкмөттү да сынга алып келишет.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар