Дыйкандарга насыя таратыла баштады

Дыйкандарга бардык насыялар отуз алты айга берилет.
Image caption Дыйкандарга бардык насыялар отуз алты айга берилет.

Президент Алмазбек Атамбаев кредиттер боюнча проценттик ченемдерди дагы төмөндөтүү керек деп билдирди. Ал арада өлкөнүн Финансы министрлиги жазгы талаа иштерине дыйкандарга насыя берүүнү баштады.

Image caption Кыргызстан боюнча жалпы 500 миңдин тегерегинде насыя алуучу бар.

“Насыяларды таратууда максималдуу түрдө төмөнкү сумма менен берүүгө аракет кылынат. Бирок бул көбүнчө банктардан көз-каранды. Быйылкы жылы айыл-чарбасын каржылоо беш долбоору башталып жатат. Бул долбоор алкагында коммерциялык банктар менен финансы министрлиги өзүнчө келишим түзгөн. Анын негизинде банктар дыйкандарга, фермерлерге 3 млрд. 300млн. сом өлчөмүндөгү кредиттерди беришет. Акча үч категория менен таратылат, алды 10%, арты 6% үстөк пулду түзөт. Дээрлик бардык насыялар отуз алты айга берилет”, - деди Финансы министрлигинин бөлүм башчысы Кылыч Асеков.

Расмий маалыматка ылайык, учурда өлкө боюнча 3373 субъектке кредит берилди. Алардын арасында эң көп Жалал-Абад облусунун тургундары, эң азын Баткен болсунунун дыйкандары алды.

Кыргызстан боюнча жалпы 500 миңдин тегерегинде насыя алуучу бар. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, кредитти көбүнчөсү аялдар алып, ар бир бешинчиси төлөй албай кыйналат.