Энесине эркелебей эрте турмуш кургандар

Энесине эркелебей эрте турмуш кургандар

Кыргызстанда эрте турмушка чыгуунун саны өсүүдө.

Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, соңку жылдары эрте төрөттөр көбөйдү. Булар үй-бүлөдөгү чыр-чатакка, зомбулукка, ажырашууга алып келет дешет адистер.

Ымыркайын көрүүгө зар эне

"2014-жылы Байышка турмушка чыккам. 2015-жылы кыз төрөдүм ...", -деген Бегимай ыйынан сөзүн уланта албады.

Ал 22 жашта, эки баланын энеси. Үч жыл мурда турмуш курган, бирок азыр турмушу да жок, кыздарын да көрө албай жатат.

"Ал Бишкекте Ак-Ордодо жашайт. Кийин Кызыл-Кыяда жашаганбыз, кайын энем менен турчумун", - деди Бегимай.

2016-жылы экинчи кызын төрөгөн, жарым жылдан кийин күйөсү кетип калган. Себеби белгисиз. Бегимай анын экинчи аялы эле. Анын сөзүнө караганда, жоллошу үчүнчүсүнө үйлөнүптүр.

Бегимайдын айтымында, эки айча мурда мурунку жолдошу балдарын дарылатам деп Кызыл-Кыядан Бишкекке алып баса бергенден бери көрсөтпөй жатат. Анын изи менен борборго келди. Ленин райондук сотуна кайрылды.

Ички иштер министрлиги "Бегимай Орусияга иштегени кетип калган, кичинекей кызы ооруп жатса да келген эмес" деген мурунку жолдошунун билдирүүсүн жарыялады.

Райондук милиция жабырлануучуга мурунку жолдошу Кумтөрдөн келгенде соттошом дегенин кабарлады.

"Таразага бала менен акчаны коюу"

Бегимайдын коомдук жактоочусу "Элдик көзөмөл" коомунун координатору Роза Маманованын айтымында, Кызыл-Кыя соту мурунку жолдошун алимент төлөөгө милдеттендирген. Маманова атасы эки жана бир жаштагы кыздарды энесине көрсөтпөй жаткан себебин түшүндүрдү.

"Эки айдын жүзү болуптур, кыздарын бир көрсөтпөй качып жүрөт. Материалдык жардам бербегендиктен айласыз алиментке сотко берди. Анын Кумтөрдө алган айлыгы 125 миң сом болгондуктан сот 36 миң сом алимент ажыратты. Мурунку жолдошу алименттен баш тарт, болбосо мен балдардан баш тартам деп жатат".

Бегимай "алименттен баш тартпайм, мыйзам боюнча төлөөгө милдеттүү" деди. "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын айтымында, соттун чечимине чейин баланы алууга эки жак тең укуктуу. Ал андыктан мыйзамда муну белгилеш керек дейт:

"Биз мыйзамга толуктоо сунуштап жатабыз. Эгерде эненин мүмкүнчүлүгү болсо, соттун чечими чыкканга чейин бала энеде калсын деген эрежени киргизиш керек. Бул жерде таразага балдары менен акчаны коюп жатат, биз эмне болуп кеттик?".

Бегимай орто окуу жайын бүтөр менен, 19 жашта турмуш курган. Эч качан иштеген эмес. Нике каттоосу жок.

Кыргызстанда эрте турмуш куруу көбөйүүдө

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жашы жетелектерден тарта он сегиз, он тогуз жашта турмушка чыгуу эрте деп эсептелет. Бул курактагылардан төрөлгөн балдардын санына жараша эрте турмуш куруу көбөйгөнүн көрүп жатабыз, дейт Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын гендердик адиси Үмүтай Даулетова. Бул Кыргызстандын чоң маселеси дейт ал:

"Пайыздык катыш менен алсак, 2008-жылы эрте төрөгөндөрдүн саны 1000 аялга 62,7 пайыз туура келчү. 2015-жылы бул 92,5 пайыз болуп жатат. Бул 18-19 жашта турмушка чыгып, балалуу болгондор. Ал эми 15-17 жаш арасындагылар жети пайызга өсүп жатат, алар өздөрү бала да".

Даулетованын айтымында, эрте турмушка чыгуунун себептери көп. БУУнун "Коомдун гендерди кабыл алуусу - 2016" аттуу изилдөөсүндө сурамжылоого катышкандардын 23 пайызы эрте турмуш куруунун себеби кыздардын өз каалоосу деп билдирген. Ал эми 18 пайызы жакырчылыктын өсүшү, 17 пайызы жаштардын эрте жыныстык жетилиши, 16 пайызы исламдын таасири жана башка деп жооп беришкен. Даулетова "кыздардын өз каалоосу" делген биринчи себепти үйдө кыздарга эң оболу турмушка чыгышың керек деген тарбияга байланыштырат.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматында, аймак боюнча 2015-жылы ала качуунун курмандыгы болгон кыздардын 25и жашы жетелектер. Бул катталгандар болсо, алардын дээрлик баары эки тараптын элдешип алышы менен тергөөдөн кыскарып кетет.

Эрте турмушка чыгуу кыздарды билимден куржалак калтырат жана балалуу болууга биологиялык жактан да даяр эмес. БУУнун маалыматында, Кыргызстан энелердин өлүмү боюнча Борбор Азияда жана Чыгыш Европада биринчи орунда. Балдар да дени сак төрөлбөй калышы мүмкүн.

Гендердик адистер "эне сүтү оозунан кетелек" жаш кыз үй-бүлөнүн жүгүн көтөрө албайт дешет. Бул ажырашууга, аялдардын коргоосуз калуусуна алып келүүдө. Бул аялдардын жакырчылыгы деген көрүнүштү күчөтүп жатат.

Эрте турмуш куруу зомбулуктун себеби

БУУнун 2014-жылдагы изилдөөсүнүн болжолдуу жыйынтыгына ылайык, 20-40 жаш арасындагы аялдардын ичинен 18 жаштан эрте турмушка чыккандардын пайызы шаарда тогуздан ашкан. Ал эми айыл жеринде 14%дан жогору.

Үмүтай Даулетова кыздардын экономикалык жактан корголбогону үй-бүлөдөгү зомбулукка алып келет дейт. "Алар билим алган эмес, көз карандысыз жашап кете албайт. Андыктан ур-токмокко, кемсинтүүгө чыдашат. Айрымдары өмүр бою чыдап өтсө, айрымдары ажырашат", - деди Даулетова.

Эл аралык уюмдар үй-бүлөдөгү бир зомбулуктун мамлекет үчүн кесепетин эсептешет. Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук өлүмгө алып келсе, анын кесепети бир миллион 700 миң сомго чукул болот. Анда тергөөчүлөр, соттор, адвокаттар, дарыгерлер жана башкалардын айлык акылары өңдүү чыгымдар камтылат.

Натыйжада, балдарын таштап сыртка чыгып кеткен жаш энелер эмгек миграциясынын көбөйүшүнө да алып келүүдө. Ошентип гендердик адистер, баласын таштап кеткен үчүн кайра энеге коомчулуктан сын айтылат дешет. Бирок көпчүлүк учурда көмүскө калган атанын баланы кароодогу, камсыз кылуудагы ролу эненикинен кем эмес экенин унутпаш керек.

Тектеш темалар