Кыргыз-өзбек чек ара сүйлөшүүлөрү: Үңкүр-Тоо боюнча эмне кеп?

Үңкүр-Тоо

Өзбекстандын Наманган шаарында ушу күндөрү кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча кезектеги өкмөт аралык жумушчу топтун жолугушуусу өтүүдө. Учурда жүрүп жаткан эки тараптуу жолугушууларда Үңкүр-Тоо тагдыры каралуудабы?

Сүйлөшүүлөрдүн кезектеги отуруму 11-апрелде башталды. Өкмөт аралык сүйлөшүүлөр бул жолу дагы 10 күнгө созулат. Kыргыз өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров Өзбекстандагы сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби тууралуу ачыктаган жок.

«Сүйлөшүүлөрдү эми баштадык. Күн тартибин эми тактап атабыз, азырынча эч нерсе айта албайм», - деди Искандаров.

Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев бийликке келгени чек ара боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк жумушчу тобунун жолугушуулары тез-тез өтүүдө. 2016-жылдын сентябрь айынан бери эле 10 жолу ушундай деңгээлдеги жолугушуулар өттү.

Эң эле соңкусу 19-мартта Кыргызстандын аймагында Ош шаарында өтүп, анын жыйынтыгы боюнча өкмөт «сүйлөшүүлөрдө аз болсо да жылыш бар» экендигин билдирген.

«Азыркы убакта чек ара маселелери тирешүүдөн чыгып, сүйлөшүү өттү. Бул жакшы жол. Булардын жаңы жетекчилигинин күчкө салып чечүү эмес, «сүйлөшүү жолу менен чечүү» деген саясаты жакшы болууда. Анткени мурун булар аскерин киргизип, башкаларын кылып күч кылып аткан да, андай нерсе токтоду. Ушул нерсе бир жыйынтыкка алып келет деген үмүтүбүз бар» - деди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрага орун басары Абдывахап Нурбаев.

Кыргыз-өзбек чек ара аймагында жашаган жергиликтүүлөр да соңку кездери абал кыйла эле жакшырып калганын белгилеп жатышат:

«Кербен шаарынын Курулуш участкасында 2016-жылы октябрда 200 жылкы Өзбекстанга кирип кетип кайра жылкычысы да, жылкысы да толук чыгарылып берилди. Ошондой эле 2016-жылдын июль айында Кербен шаарыны Ак-Дөбө участкасынан 60тан ашуун койду алып кирип кеткен эле, алар дагы күзүндө чыгарылып берилди», -деди Аксыдагы Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Шекербек Камчы уулу.

Расмий маалыматтар боюнча кыргыз-өзбек чек арасында тактала элек талаштуу делген 58 участок бар. Өкмөт былтыр ноябрда ал талаштуу аймактардын 49 боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтун деңгээлинде макулдашуулар жетишилгенин билдирген. Бирок кайсы тилкелер экенин ачыктаган эмес.

Аксы, Ала-Бука - кыргыз-өзбек чек арасындагы талылуу жерлер

Соңку бир жыл ичиндеги кыргыз-өзбек чек арасындагы конфликттердин орчундуулары Жалал-Абад облусунун Аксы районунда же ага жакын аймактарда орун алды.

Аксы Өзбекстандын Наманган облусунун төрт району менен району менен 42 чакырым узундукта чектешип, бул жердеги 12 участок эки мамлекеттин ортосунда талаш жаратып келет.

2016-жылы 19-мартта, мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда өзбек тарап Аксы-Ала-Бука унаа жолуна эки аскердик оор техника жана 40ка чукул аскерин коюп, кыргыздар да аскер киргизип, кырдаал чыңалууга чейин жеткен эле.

Андан кийинки эле чыңалуу Аксыдагы Үңкүр-Тоо маселесине байланыштуу болду. 2016-жылы августа телемунарада иштеген кыргызстандык байланышчыларды өзбек аскерлери кармап кетип, 22 күн бою кармаган.

Үңкүр-Тоодо Кыргызстандын "Кербен-24" деген аталыштагы радиорелейлик станциясы жайгашкан. Станция 1975-жылдардын этегинде Советтер союзу маалында курулуп, Кыргызстандын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыш менен камсыздап келет.

Расмий Ташкент Өзбек жана Кыргыз ССРлеринин талаштуу жерлерин жана чек араларын тактоо боюнча республика аралык комиссиясынын 1955-жылдагы протоколуна таянып, Үңкүр-Тоону өзүнө алгысы келет. Ошол эле убакта кыргыз тарап, бир дагы документте, «Үнкүр-Тоо Өзбекстанга таандык деп ачык жана даанп жазылган эмес» деп, тоодо Кыргызстанга тийиштүү радиорелейдик станция жайгашкандыктан аталган аймактын ага караштуу экенин жүйөө кармайт.

Жергиликтүү эл дагы дагы Үңкүр-Тоону аймагын эзелтен кыргыздар байырлап келгенин айтып, алар үчүн тоо кымбат экенин айтууда.

«Бүт свет, телевидение ошол жерден кетет. Ал жерге чыксаң Аксынын территориясынын тең жарымы бүт көрүнүп турат. Аксылыктар үчүн ыйык жер. Аны жогорку жактагылар жакшы түшүнбөй жатат. Ата-бабабыз ошол жерде жашап өткөн, үңкурлөр болгон. Мал-жандарын ошол жерден коргоп багып өткөн. Аксылыктарга эки жактан душман келе жатса Кош-Дөбө деген дөң бар, ошол жакта от жагып коргонуп турган. Анан аны жөндөн-жөн эле Өзбекстандыкы деп койсо, албетте, биз аксылыктар чыдай албайбыз да», - деди Кербен шаардык кеңешинин депутатыЭргешаалы Өзөкеев.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр бүгүнкү күнү кайсы стадияга жеткени азырынча белгисиз. Бирок эксперттер чек ара маселесинде Өзбекстан ириде суу маселесине басым коерун белгилеп келишет. Кыргыз бийлик өкүлдөрү да бул нерсени танбайт.

«Бул жерде суу маселеси турат. Бизде эле эмес дүйнөдө су маселеси курчуп жатпайбы. Азыр карап көрсөңүздөр бир килограмм пахтага караганда, ошого кеткен суунун баасы кымбат туруп жатат. Пахта болсо Өзбекстандын бюджетти түзгөн бир тармагы. Ушуну баарын сүйлөшүү жолу менен компромисске келип чечсе жакшы болот. Өзбекстандын жаңы президентинин биздин президент менен мамилеси жакшы болуп атат, баары буйруса сүйлөшүу жолу менен чечилет го» - деди депутат Абдывахап Нурбаев.

Бүгүнкү күнгө 1 миң 378 чакырымга созулган кыргыз-өзбек чек арасынын 324 чакырымы такталып бүтө элек.

Тектеш темалар